XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары 26-июлда старт алды. Эки жүздөн ашык өлкөнүн спортчулары күч сынашкан маанилүү окуянын каармандарын Франциянын борбору Париж тосуп алып жаткан учур. Бул жолку Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн намысын 16 спортчу коргойт. Бүтүндөй кыргыз эли жеңиш күтүп, спортчуларыбызга ийгилик каалап турган чагы.
ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ
Жоламан Шаршенбеков
Жашы – 24
Салмагы – 60 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндарына катышуучу, Дүйнө чемпиондугу – 2 алтын, 2 күмүш, Дүйнө кубогу – алтын, Жайкы Азия оюндары – алтын, Азия чемпиондугу – 3 алтын, 2 күмүш, Ислам оюндары – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – 2023-жылы сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлөө менен бирге жолдомо алган
Парижде – 5-август күнү килемге чыгат
Амантур Исмаилов
Жашы – 26
Салмагы – 67 килограмм
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиондугу – коло, Жайкы Азия оюндары – коло, Азия чемпиондугу – коло, Ислам оюндары – күмүш медаль
Олимпиадага жолдомо – Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде жолдомо уткан
Парижде – 7-август күнү беттешке чыгат
Акжол Махмудов
Жашы – 25
Салмагы – 77 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндары – күмүш, Дүйнө чемпиондугу – 2 алтын, Жайкы Азия оюндары – 1 алтын, 1 күмүш, Азия чемпиондугу – 3 алтын, 1 күмүш, Ислам оюндары – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – 2023-жылы сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду алып, жолдомо камсыздаган
Парижде – 6-августта жүрүшүн баштайт
Үзүр Жусупбеков
Жашы – 28
Салмагы – 97 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндарына катышуучу, Жайкы Азия оюндары – коло, Азия чемпиондугу – 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло, Ислам оюндары – 2 алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – май айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште жолдомого ээ болгон
Парижде – 6-августта килемге чыгат
ЭРКИН КҮРӨШ
Бекзат Алмаз уулу
Жашы – 23
Салмагы – 57 килограмм
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиондугу (U-23) – 2 коло, Азия чемпиондугу (U-23) – 1 алтын, 1 күмүш жана башка эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү
Олимпиадага жолдомо – Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде жолдомо уткан
Парижде – 8-августта алгачкы атаандашы менен күрөшөт
Эрназар Акматалиев
Жашы – 26
Салмагы – 65 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндарына катышуучу, Дүйнө чемпиондугу – 1 күмүш,
1 коло, 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону болгон, Азия чемпиондугу – күмүш медаль
Олимпиадага жолдомо – Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде жолдомо уткан
Парижде – 10-августта килем үстүнө чыгат
Айаал Лазарев
Жашы – 38
Салмагы – 125 килограмм
Жетишкендиктери – “Рио-2016”, “Токио-2020” Олимпиада оюндарына катышуучу, Дүйнө кубогу – коло, Азия оюндары – коло, Азия чемпиондугу – 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль
Олимпиадага жолдомо – май айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште жолдомого ээ болгон
Парижде – 9-августта күрөшкө чыгат
КЫЗ КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ
Кыз-келиндер күрөшү дегенде эле көз алдыга Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазаров, Айпери Медет кызы тартылат. Бул жолу да ушул балбан кыздарыбыз намыс талашканы турушат.
Айсулуу Тыныбекова
Жашы – 31
Салмагы – 62 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндары – күмүш, “Лондон-2012”, “Рио-2016” Олимпиада оюндарына катышуучу, Дүйнө чемпиондугу –
3 алтын, 1 коло, Дүйнө кубогу алтын, Жайкы Азия оюндары – 1 алтын, 2 коло, Азия чемпиондугу –
6 алтын, 3 күмүш,
2 коло, Ислам оюндары – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – 2023-жылы сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орундуу ээлеп, жолдомо алган
Парижде – 9-август күнү килем үстүнө чыгат
Айпери Медет кызы
Жашы – 25
Салмагы – 76 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндары – 5-орун, Дүйнө чемпиондугу – 1 күмүш,
1 коло, Дүйнө кубогу – коло, Жайкы Азия оюндары – 1 алтын, 1 коло, Азия чемпиондугу – 2 алтын, 3 күмүш, Ислам оюндары – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – 2023-жылы сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, алгачкылардан болуп жолдомону камсыздаган
Парижде – 10-август күнү алгачкы атаандашы менен күч сынашат
Мээрим Жуманазарова
Жашы – 24
Салмагы – 68 килограмм
Жетишкендиктери – “Токио-2020” Олимпиада оюндары – коло, Дүйнө чемпиондугу – алтын, Дүйнө кубогу – алтын, Жайкы Азия оюндары – коло, Азия чемпиондугу – 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло, Ислам оюндары – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде жолдомо уткан
Парижде – 5-август күнү жүрүшүн баштайт
ДЗЮДО
Эрлан Шеров
Жашы – 26
Салмагы – 90 килограмм
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиондугу – коло, Азия оюндары – алтын, Азия чемпиондугу – 1 күмүш, 1 коло, Чоң шлем мелдеши – коло медаль
Олимпиадага жолдомо – Эл аралык мелдештерде упай чогултуу менен олимпиадалык ченемди толтурду
Парижде – 31-июлда күрөшүн баштайт
Кубанычбек Айбек уулу
Жашы – 23
Салмагы – 66 килограмм
Жетишкендиктери – Азия балдары – алтын, Азия чемпиондугу – күмүш, Чоң шилем мелдеши – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – 2049 упай топтоп, олимпиадага катышуу үчүн континенталдык квота алды
Парижде – 28-июлда килем үстүнө чыгат
СУУДА СҮЗҮҮ
Денис Петрашов
Жашы – 24
Жетишкендиктери – “Рио-2016”, “Токио-2020” Олимпиада оюндарына катышуучу, Ислам оюндары – 1 алтын, 2 коло жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү
Олимпиадага жолдомо – 2023-жылы Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы менен берилген
Парижде – 27-июлда 100 метр аралык брасс стили боюнча жарышка чыгат
Елизавета Печерских
Жашы – 19
Жетишкендиктери – Азия чемпиондугу – күмүш, Казакстанда өткөн турнирде – 7 алтын, Өзбекстанда өткөн ачык кубок лицензиялык турниринде – 1 алтын, 2 күмүш, Дүйнө чемпондугу – алтын медаль
Олимпиадага жолдомо – Олимпиадалык ченемди толтуруунун негизинде квотага ээ болгон
Парижде – 3-август күнү 50 метр аралыкка эркин сүзүү боюнча жарышка чыгат
ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА
Сардана Трофимова
Жашы – 36
Жетишкендиктери – Орусиянын бир катар марафондорунун чемпиону, Алматы жарым марафонунда – алтын, Кытайда өткөн Азия оюндарында – коло медалга татыган
Олимпиадага жолдомо – Universality Places системинин (эч бир жолдомо албай калган өлкөгө мүмкүнчүлүк) негизинде алган
Парижде – 11-август күнү аялдар арасындагы марафонго чыгат
БОКС
Мунарбек Сейитбек уулу
Жашы – 28
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиондугу, Азия чемпиондугу – коло
Олимпиадага жолдомо – Июнь айында Таиландда өткөн жолдомо мелдешинде 3-орунду ээлеп жолдомону камсыздаган
Парижде – 28-июлда 57 килограмм салмакта рингге чыгат
Адаттагыдай, спортчуларыбыздын Олимпиадага кийчү формалары талкууга алынды. “Улуттук стиль байкалбайт”, “башка өлкөнүн фирмасынын эмблемасы чапталган” деген сындар айтылып жатат. Ошентсе да алдыда Париж, артта Кыргызстан. Спортчуларыбызга ийгилик каалайлы! Париж-2024, бизди алтындар менен кубант!
Динара Акимова