Эртең менен ойгонгондо эч нерсеге көңүл чаппайт, жумушка барганга каалоо жок, өзүңүздү кыйнап иштеген учурлар болобу? Ишке каалоонун жоктугу көбүнчө энергия жетишсиздигинен болот дешет адистер. Психологдор “энергияны сорот” деп белгилеген 5 адатты билип алыңыз.
1. Дайыма өтмүш менен жашоо. Айрымдар “эмнени туура эмес кылдым, эмнеден жаза бастым, мындай кылсам туура болмок экен” деп өтмүшүнө көп кайрылышат. Изилдөөлөргө таянсак, адамдардын 87 пайызы энергиясын өткөнүн эстөөгө коротушат. Жыйынтык: али эч нерсе жасай элексиз, бирок бутуңузга тура албай чарчап калдыңыз.
2. “Жумушумду алмаштырам, ак боз атчан жигит келет, батир сатып алам, дүйнөнү түрө кыдырып саякаттайм...” Ушул сыяктуу ойлор менен сиз деле кыялданып көрсөңүз керек. Куру кыялдар, иллюзиялар менен жашоо да энергияны жейт. Аракет кылгандын ордуна, кыялыңызда гана келечек менен жашайсыз. Эртең менен турганда реалдуулукту көрүп, албетте, эч нерсеге көңүлүңүз чаппайт.
3. Күмөн саноо, шекшүү. Дайыма “бирөө далымдан бычак сайышы мүмкүн, көрө албастык кылат” деп күтүү да энергияңызды сорот. Изилдөөлөргө таянсак, планетада ар бир экинчи жашоочу “уулуу” мамиле курат, ата-энеси, кесиптештери, дос-тааныштары арасында. Юмор, какшык аркылуу дарегиңизге айтылган жемелөө сөздөрү да энергияны алат.
4. “Эмнени каалаганымды өзүм да билбейм”. Сиздин каалоолоруңузда энергия булагы бар. Адамдар “каалайм” деген нерсени “керек” дегенге алмаштырып алганда энергетикалык дефицитке түшүп калышат.
5. “Дем алыш күндөрү кечке үйдө жаттым, бирок дагы деле алым жок”. Сиз энергияңызды сактаганды жана толтурганды билбейсиз. Энергия ресурсун керексиз ойлорго кетирүү оңой, бирок толтуруу кыйын. Энергияны адамдар табияттан, физикалык кыймылдан, баарлашуудан, окуудан жана башкадан алышат. Эң башкысы сиз ошол жасап жаткан нерседен ырахат алышыңыз керек.
Жогоруда айтылган 5 адаттын бирөөсү эле сизге туура келип жатса, демек, сизде энергия жетишсиздиги бар.