Су Буржу Язгы Жошкун: “Техниканын заманында адамдар жалкоо болуп калышты”

“Су Буржу Язгы Жошкун жөнүндө жазгылачы” деген сураныч менен окурманыбыз бир нече жолу кайрылды. Суранычты четке каккан жокпуз. 20 жашта гана болсо да актриса түрк кинематографиясында көптөн бери жүрөт. Аркасында миллиондогон адамдарды камтыган фан-базасы бар. Популярдуу “Менин агаларым, менин эжелерим” сериалындагы ролу үчүн Түркиянын абройлуу кино сыйлыгын алган Су Буржу Язгы Жошкундун өмүр баяны менен таанышып алыңыз.

 Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 2004-жыл, 15-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Карга”, “Кайрадан сүйүү”, “Кызыл бөлмө”, “Менин агаларым, менин эжелерим” жана башка

Эмнеге ысымы узун?

"Фамилиям Жошкун. Ысымымдын 3 сөздөн турушу үй-бүлөмө байланыштуу. Эжемдин аты Сюзан, анын аты Су болуп кыскартылган, атамдын аты Бурхан – Буржу атамдын атына окшоштуруп тандалган. Өзүмө Язгы деген жагат, мага жарашкандай сезилет. Бейтааныш адам менен Язгы деп таанышам. Жөнөкөй адамдардын кызымын, атам түрдүү жумуштарда жалданып иштеген адам, апам болсо үй кожойкеси. Чыгармачылыкка жакыны жок...”

Кичинесинен киного кызыккан секелектин дебюту 8 жашында ишке ашкан. Ага чейин деле жарнамалык роликтерге, сериалдарда эпизоддук ролдорго тартылып жүргөн. Бирок чоң экрандагы дебюту 2012-жылга туш келди. Ужас жанрындагы “Даббе: Жиндин окуясы” тасмасынан кийин Язгыга режиссёрлор олуттуу карап калышкан.

#АсДор

"Кичинемден искусствого кызыктым. Ырдап, бийлечүмүн, баарынан да актёр болуп башка адамдын образын жараткан кызык эле. Кичинекей кыз же бала тасмага тартылып, айтор, акча алып келген бир нерсе менен алек болсо эле “ата-энеси зордоп иштетип кыйнап жатат, акчанын даамын татып алышты да” деген сөздөр айтылат экен. Башкаларды билбейм, бирок менин мисалымда, тескерисинче, ата-энем менин каалоомду, кызыгуумду четке какпай, колдогонуна ыраазымын. Жашымдан эле киного кызыктым, ал кызыгуум чоңойгон сайын күч алып бара жатат...”

Учурда Су Буржу Язгы Пера көркөм сүрөт окуу жайынын театр-кино бөлүмүндө билим алат. Аны көпчүлүккө тааныткан сериалдардын катарында “Карга”, “Кайрадан сүйүү”, “Кызыл бөлмө”, “Менин агаларым, менин эжелерим” жана башкалар бар. Өзгөчө “Менин агаларым, менин эжелерим” сериалынан кийин актриса менен сериалдагы өнөктөшү актёр Онур Сейит Яранды колдогон күйөрмандардын саны көбөйгөн. Сериалда Язгы Асие деген каарманды ойнойт, ал эми өнөктөшүнүн ысымы Дорук. Күйөрмандар экөөнүн атын кыскартып, #АсДор деген аталышта фан-база түзүшкөн. Ал жакта миллиондогон адамдар актёр менен актрисанын чыныгы күйөрманы катары “учётто” турат.

“Алтын көпөлөк”

"Азыркы популярдуулук дейбизби же ийгилик десек туурараак болобу, билбейм, бирок экөө тең мага капыстан эшик кагып келип калган жок. Ал үчүн көп иштедим. Иштеш керек экенин билчүмүн, кайсы бир күнү жеңиш да келерин сезчүмүн. Максатым так, ачык болгондуктан акырындап аракет кыла бердим... Оор күндөр, оор маселелер болбой койгон жок. Бирок сынган жокмун, акыры кыялыма жеттим”.

“Менин агаларым, менин эжелерим” сериалындагы Асиенин ролу үчүн Түркияда абройлуу сыйлыктардын бири болгон “Алтын көпөлөктөн” экини алган. Бири “Мыкты актриса”, экинчиси “Сериалдагы мыкты түгөйлөр” номинациясында Онур Сейит Яран менен биргеликте жеңишке жеткен. Жашоодо да Язгы менен Онур мырзаны түгөй катары көргүсү келгендер көп. Бирок актёр менен актриса бир нече жыл чогуу иштешип калгандан кийин чыныгы досторго айланганын, бир сөз, бир көз караштан кимдин эмне ойлонуп турганын түшүнгөн, маанай көтөргөн жакын адамдар экенин айтышат.

“Сейилдеген жакпайт”

 

"Кичинемден тартипти, эмгекти сүйөм. Бирок мен теңдүүлөрдү карасам көбү иштебей эле, убактысын телефон чукулап өткөргөндөй сезилет. Техниканын заманында адамдар жалкоо болуп баратышкандай. Алардын жанында өзүмдү улуу муундун адамындай сезип кетем. Көп адамга көчөдө же башка жерде сейилдеген жагат го. Мага, мисалы, жакпайт. Көчөдөгү ызы-чууларга да кызыкпайм. Эс алуу үчүн тынч жер керек, ат минем, велосипед тебем, бийлейм...”

Шаан-шөкөттөн качкан Язгы бош учурунда эмне кылат? Негизи тартуу иштеринен жана окуудан улам актрисада көп бош убакыт деле боло бербейт. Анын үстүнө сулуу кыз моделдик кесипти да аркалайт, дүйнөлүк бренддер менен иштешет. Бош болуп калса ал убактысын спортко арнайт. Өзү тартылган тасмаларды көрөт, ишин талдайт, айрым учурда каарманына боору ооруп ыйлап да калмайы бар экен. Актриса өзүн эмоционалдуу адамдардын катарына кошот, бирок сезимдерин акыл менен башкарганга күчү жетет.

Жүрөгү бош

 

"Мода, тренд деп кубалаган адам эмесмин. Менин кийинүү стилим маанайыма жараша болот. Ошентсе да гардеробумда басым жасалган түс – ак. Жаныңдагы адамдардын таасири күчтүү болот дешет го. Андыктан айланамдагыларга маани берем. Менин балалыгым ишмердигим менен тасма талаасында жуурулушуп өттү да. Андыктан бул тармактан тапкан досторум көп. Жеке жашоого азырынча убакыт бөлө албай жүрөм. Анын да ылайыктуу учуру келер...”

Су Буржу Язгы Жошкунду сүйүү темасына аралаштыруу азырынча эртелик кылабы, же жеке жашоосун бекем каткандын жолун тапканбы, айтор, сулууну жандаган мырза тууралуу маалыматтар жок. Болгону жакынкы күндөрү аны белгилүү актёр Бурак Дениз менен чогуу деген маалыматтар интернет желесине тарап кетти. Экөөнү байланыштырган 2024-жылдын күз мезгилинде чыга турган “Шахерезада” сериалы. Сериалда сүйүшкөндөрдү ойнойт деген маалымат бар. “Өзүнөн 13 жаш кичүү Язгы Буржу менен мамиле курат” деп Бурак Денизге сын айткандар көп. Экинчи тарап “бул сериалды жарнамалоо үчүн гана пиар маалымат” дешүүдө. Кайсы тарабы чын экенин убакыт көрсөтөт.

Асыл Орозбекова 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан