Психикалык же моралдык-эмоционалдык зомбулук адамдар ортосунда тең салмактагы мамиле жоголуп, көзөмөлдөп, бирөөнүн үстүнөн үстөмдүк кылганда пайда болгон зомбулуктун формасы. Психолог Гүлзат Исабекова “эмоционалдык зомбулукту көрсөтүп, далилдеп берүү кыйын. Биздин коомдо зомбулуктун бул түрүнө кабылбаган адам жок” дейт. Макалада эмоционалдык зомбулуктун белгилери, анын кесепеттери жана адам мүнөзүнүн калыптанышына, анын кийинки жашоосуна тийгизген таасири тууралуу кенен сөз кылдык.
Эмоционалдык зомбулук деген эмне?
Эмоционалдык зомбулук - адамдын инсандыгын, анын “мен” деген нерсесин кыйратуучу басым. Ага оозеки урушуу, бирөөгө салыштыруу, кемсинтүү, сындоо, куугунтуктоо, коркутуу, уяткаруу, күнөөлөө, басынтуу, манипуляциялоо сыяктуу жашыруун тактикалар кирет. Үстөмдүк алсыз адамга жасалгандыктан зомбулук көргөн адам сынып, узак мөөнөттүү депрессияга кабылып, кийин ал нерсени кадимки көрүнүш катары эсептеп, өзү да башкаларга эмоционалдык зомбулук көрсөтүп баштайт дешет адистер.
“Көрсөтүп, далилдеп берүү оор”
– Күч колдонуп зомбулук көрсөтүүдөн айырмаланып, эмоционалдык зомбулук жашыруун болот жана аны баалоо кыйын. Моралдык зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү – абьюзерлер жана нарцисстер, бирөөнү башкаруу, үстөмдүк кылуу үчүн колдонушат. Адатта, зомбулук көрсөткөн адамдын балалыктан калган айыккыс “травмалары” болот же психологиялык басым кадимки көрүнүш деп эсептелген үй-бүлөдө тарбия алган болот. Алар бирөөнү кемсинтүү, басынтуунун эсебинен өзүнө болгон бааны жогорулаткысы келишет. Кызыгы, психикалык зомбулукту көрсөтүп, далилдеп берүү өтө кыйын. Бирок кесепети күч колдонуп зомбулук көрсөткөндөгүдөн да оор болот. Кээде күйөөсү аялынын “мээсин жей” бергенде “ушундан көрө бир чаап салчы” деген кепти угушат. Бул басымдын жеткен чеги, кемсинтүү, кысым аркылуу адамды суицидге чейин жеткирип койсо болот. Эң негизгиси моралдык зомбулуктун белгилерин таануу зарыл. “Эч нерсе болбойт, башкалар деле чыдап жүрүшөт”, “жашоодо боло берет” деп жашыргандарды оор жана коркунучтуу кадамдар күтүп турган болушу мүмкүн.
“Адамдын өздүгү сынат, ооруп калышы мүмкүн”
– Эмоционалдык зомбулукка кайдыгер карап, көз жумуп койсо адам чоң стресс, психикалык сокку алат, такай тынчсыздануу, депрессия коштоп, же ооруга чалдыгышы мүмкүн. Эң жаманы – эмоционалдык кордук көргөн адам “сен семизсиң, пайдасызсың, керексизсиң, жүдөмүшсүң” деген кептерге чындап эле ишенип кабыл алганы. Бул нерседен адамдын инсандыгы, өздүгү сынат, өзүнө болгон баасы төмөндөйт. Кээ бир учурда адамдар билбестиктен бирөөгө зомбулук көрсөтүп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан дайыма эмоционалдык зомбулук тууралуу окуу, сүйлөшүү, башкача көз караштарды издөө, талдоо зарыл.
“Манипуляция кылуу, мектептеги буллинг – булар да зомбулук”
– Мектепте буллингге кабылган балдар бар. Буллинг да психологиялык басымдан келип чыгат, баланын окууга каалоосу жоголуп, сабактардан качып баштайт. Изилдөөлөргө таянсак, аял менен эркек бири-бирине бирдей эле эмоционалдык зомбулук көрсөтүшөт. Мисалы, аялдар ажырашкандан кийин “балдарды көрсөтпөйм же балдарды бербейм” деп манипуляция кылышы мүмкүн. Ал эми эркектер да аялын ар кандай шылтоолор менен уяткарып, туугандарына, жакындарына жаман көрсөтүүгө аракет кылат. Зомбулук ар кандай мамиледе чагылат – ата-эне менен баланын, классташтардын, достордун, туугандардын ортосунда болушу ыктымал. Иерархия мамилеси сакталган коомдо да көп кездешет. Мисалы, улуу-кичүү, иш берүүчү-кызматкер, мугалим-окуучу мамилелеринде да зомбулук орун алышы толук ыктымал.
“Бактысыз, жашоосуна нааразы энеден балдар кандай эмоционалдык тарбия алмак эле”
– Көбүнчө ата-энеси убактылуу чет өлкөгө иштегени кетип, чоң ата, чоң энесинин же таята-таенесинин колунда калган балдар эмоционалдык зомбулук көрүшөт. Ошол улан-кыздар кийин турмушка чыгып, үйлөнүшөт, бирок алар деле өздөрү алган тарбияны балдарына беришет, баягы өксүк программа кайталана берет. Кээде атасы баласын сабап жатса энеси коргой албайт, айрымдар атүгүл “атасы ушинтип тарбиялайт да” деп зомбулукту акташат. Бул такыр туура эмес багыт. Кыргызда бала тарбиясы, үй-бүлөдөгү, кайын журт, аял менен күйөө мамилеси баары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Биринчи энелерге психикалык жардам бербесе, балдарды окутуудан жыйынтык чыкпай турганына көзүм жетти. Анткени бала 10 жашка чейин энесинин эмоциясы менен азыктанат, кийин жашоосунда ошол эмоцияларды чөйрөсүндөгүлөргө таратат, бөлүшөт, жашоосунда чагылдырат. Бактысыз, жашоосуна нааразы, өзүнө ыраазы болбогон аялдан балдар кандай эмоционалдык тарбия алышмак эле. Күйөөсү менен мамилеси келишпесе, андан зордук-зомбулук көрсө, эне айласыздан балдарын урат, кыйкырат, анткени кичинекей балага эле алы жетет. Зомбулук алсыздарга гана иштейт. Ошондуктан энелердин психикалык саламаттыгы биздин коомдо биринчи орунда турушу керек.
Шердор Абдыкапаров, адвокат: “Бизде эмоционалдык зомбулук үчүн мыйзамдар иштебейт”
– Формалдуу түрдө Кыргыз мыйзамдарында ар кандай формадагы психикалык, эмоционалдык зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес. Мыйзамда “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”, “Кадыр-баркына шек келтирүү” деген беренелер бар, бирок биз, юристтер буларды “өлүк беренелер” деп коёбуз. Анткени булар дээрлик иштебейт. Мурун “Жалаа жабуу, кемсинтүү” боюнча берене бар болчу, жаңы Кодекс кабыл алынгандан кийин ал берене жоголуп кетти. Эгер эмоционалдык зомбулуктан жабырлануучунун ден соолугуна орточо же оор зыян келтирүү болсо, анда зомбулук көрсөткөн тарап жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мээрим Сайдилкан, журналист-котормочу: “Эмоционалдык басым үй-бүлөдөн башталат”
– Өзү туулуп-өскөн үйдө кемсинтилип, басынтылып чоңойгон балдарда эмоционалдык зомбулуктун изи өмүр бою калат. Адам жаш өткөн сайын өзүн-өзү тарбиялап, өспөсө мунун кесепеттери ден соолукка да, үй-бүлөлүк жашоого терс таасирин тийгизип жатканына күбөбүз. Эмоционалдык зомбулукка кабылган айымдар, жакындары менен сырларын бөлүшө алышпайт. Аны кантип айтууну да билишпейт. Ал айымдын ички сезимдери талкаланып, ден соолугу бузулуп, депрессияга түшүп кетет. Биздин коом кыз баланы кичинесинен эле эмоционалдык жактан басынта баштайт. “Сен кызсың, кыздай кийин, созулуп жүр, сени эр деле албайт” деген сыяктуу сөздөр жаңыдан бой жетип келе жаткан кыздын сезимин жаралайт. Эмоционалдык зомбулукта өскөн кыз турмушка чыгууга шашпайт, мээсинин түпкүрүндө эркекке болгон жек көрүү болот, же өз үйүнөн эртерээк кутулуу үчүн алдынан чыккан биринчи адамга турмушка чыгып кетет. Келген келинди сыноо, айыптоо, кемсинтүү, анын үй-бүлөсүнүн кемчилдиктерин кеп кылуу да эмоционалдык зомбулукка кирет. Эмоционалдык зомбулукка дуушар болгон адамдар жалгыздыкты жактырышат, бат ачууланышат, болбогон нерселерге кайгырышат. Мунун акыры оор трагедияга алып барышы мүмкүн.
Лунара Бекиева