Кой
(21.03–20.04)
Убактыңызды юридикалык жана чет өлкөгө байланышкан маселелерди чечүүгө жумшаңыз. Жеке жашооңузду да жөнгө салып алганыңыз жакшы. Кой жылдызы астында төрөлгөн студенттер тоскоолдуктардын айынан ишке ашыра албай жүргөн максатын ушул аптада орундатып, айрымдары окууга өтүү үчүн сынактарды ийгиликтүү тапшырышат. Аптадагы сиздин миссияңыз – кубаттоочулук милдет. Сиздин чексиз энергияңыз айланаңыздагыларга оптимизм жана үмүт тартуулай алат.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жылдыздардан сизге кеңеш: ойлоруңуз менен сезимдериңизди тең салмак абалына келтириңиз. Жеке жашооңузда эмоцияңызды жашырбаганды үйрөнүп, сүйүктүүңүз менен жаралган талаш маселени сүйлөшүү жолу менен чечип алышыңыз керек. Күтүүсүз жаңылыктарга даяр туруңуз. Сырттан айтылган кеңештерге ишенбеңиз, эмоцияга алдырбаңыз. Өзүңүздүн логикаңызга таяныңыз. Жакын адамдарыңыз сиздин таянычыңыз болуп, кандай гана иш кылсаңыз да колдоо көрсөтөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Алтынчы туюмуңузду угуп иш жасасаңыз, каржылык абалыңыз жакшырат. Таасирдүү бизнес өнөктөштөр оор кырдаалдан чыгууга жардам беришет. Сатып алуулар үчүн идеалдуу убакыт, айрыкча кыймылсыз мүлккө байланышкан сатып алууларды бир топ арзан жана ийгиликтүү жасайсыз. Бирөөнү кемсинтүү, калп айтуу, уруш-талаштар сиздеги катылып жаткан ооруларды козгошу мүмкүн, андыктан адамдар менен мамиле түзүүдө адилет болуңуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жакындар менен чер жазып отурууга мүмкүн болбосо, жок дегенде комедиялык тасма көрүңүз. Аптага чоң максаттарды койбой туруңуз, ага жетүү азырынча мүмкүн эмес. Жакындарыңызга сын айтууда этият болушуңуз керек. Баарына жакшы көрүнгүңүз келе берген адатыңызды таштаңыз, баарына ыңгайлуу боло албайсыз, кайсы бир убакта сөзсүз “жарыла” турган учур келет. Өзүңүздү түшүнүңүз, чектебеңиз, бул жашоодо эмне жасап көргүңүз келсе, баары сиздин эркиңизде.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Күтүлбөгөн жерден кызматтан көтөрүлүп, же бонус алышыңыз мүмкүн. Бул мезгилди мурунку каталарды талдап, максаттарды пландаштырууга арнаңыз. Балким, жакында бүт жашооңузду кескин өзгөртө турган жаңылыктарды угасыз. Өзгөрүүгө даяр болуңуз. Чоң жетишкендиктердин артынан куубашыңыз керек, бул эмоционалдык чарчоого алып келет. Келишимдерди түзүү жана келишимдерге кол коюу үчүн ийгиликтүү мезгил. Каржылык операциялар да жакшы болот.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Убактылуу материалдык кыйынчылыктар болуп, жашоо деңгээлиңиз төмөндөйт. Иш баштоодо же алыска иштеп келгени сапар тартып жатсаңыз сезимдериңизге гана таяныңыз. Кыраакылыгыңыздын артынан терс процесстерди токтото аласыз. Жакын адамдар менен мамилени сактап калуу үчүн эпке келгенди үйрөнүшүңүз керек. Үй-бүлөлүү бийкечтер үйдө ата-энелик бийликти коргоо үчүн көп күч-аракет жумшашы керек болот. Ири сатып алууларды жасабай туруңуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Пландарыңызды, максаттарыңызды эч ким менен бөлүшпөй туруңуз. Чечимдерди өз алдынча гана кабыл алып, сизге жакшы киреше алып келе турган натыйжалуу иштен баштаңыз. Мырзаларды үй-бүлөсү жана жакын адамдары менен болуп көрбөгөндөй жылуу, мээримдүү баарлашуу күтүп турат. Сизди кызыктырган бардык маселелерди конструктивдүү талкуулай аласыз. Бул мезгил кечирим суроого, каталарды моюндап өкүнүү, күнөөңүздү сезүү аракети сизди руханий жактан тазалайт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жеке жашооңуздун экинчи планга өтүп кетүү ыктымалдыгы жогору. Мунун себеби жумушта бош эмес болосуз, оюңуз, көңүлүңүздү жумуш ээлеп, жакындарыңызга убакыт табылбай калат. Сизди ата-энеңиз же балдарыңыз менен болгон мамиледе да сыноолор күтөт. Ал эми үй-бүлөдө сүйүү жана өз ара түшүнүшүү болот. Эксперимент жасоодон, укмуштуу окуялардан баш тартып туруңуз, сиз азыр күнүмдүк көнүмүш аракеттерди жасоодо гана ийгиликке жетесиз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Өз жөндөмүңүзгө, талантыңызга ишенсеңиз келечекке тынч карап, санаа тартпайсыз. Топтогон акчаңызды кирешелүү бизнеске жумшасаңыз, ал өзүн эки эсе актайт. Чет элдик өнөктөштөр менен бизнес жүргүзүү да жакшы натыйжаларды берет деп эскертишет жылдыздар. Жакын адамыңыз менен чыр-чатакка түрткөн ачуу кабар угасыз. Башка бирөөнүн көз карашын угууга даяр болуңуз, шашылыш жыйынтык чыгарбаңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жаман ойлоруңузду тизгиндеп, ичи тардык кылууга жол бербеңиз, эмоцияңызды көзөмөлдөп, аны туура багытка буруу сиздин колдон гана келет. Бул мезгилде жылдыздар шашылыш жыйынтык чыгарып, маанилүү чечимдерди кабыл алууну сунуштабайт. Достук жана сүйүү мамилелерин баштоо үчүн эң сонун учур. Сүйүүдө чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келди, үй-бүлө куруу, келечекти чогуу түптөө сыяктуу кептерди козгоп мамилеңиздин олуттуулугун билдиришиңиз керек.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Акча табууга, кирешеңизди көбөйтүүгө, жаңы бизнес ачууга бардык шарттар түзүлүп, мүмкүнчүлүктөр ачылат. Романтикалык мамилелер жанданып, эски сүйүүңүз жашооңузда пайда болушу мүмкүн. Эгер сезимдериңиз муздап калганын сезсеңиз, ал адамды коё бериңиз, анын да, өзүңүздүн да убакытыңызды албаңыз. Ойлонулбаган кадамдар ири каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн, андыктан тобокелдиктен качыңыз. Туруктуулук – эң жакшы чечим.
Балык
(20.02–20.03)
Айланаңыздагы көрө албас, ою таза эмес адамдардан арылууга убакыт келди. Канчалык аларды көрмөксөнгө салбаңыз, алардын жашооңузда бар экени сизге ыңгайсыздык жаратат. Кымбат баалуу буюмдарга акча коротпоого аракет кылыңыз. Карыз суроодон, карыз берүүдөн алыс болуңуз. Сүйүүдө сиз кызыккан нерсеге сүйүктүүңүз көңүл бурбай жатса, таарынбаңыз. Кичинекей таарынычтан башталган нерсе кийин мамиледеги чоң ажырымга алып келиши мүмкүн.