КЫРГЫЗСТАН ЕАЭБдеги 10 ЖЫЛДА ЭМНЕ ТАПТЫ? ЕЭКтин энергетика жана транспорт боюнча коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев менен маек 

– Арзыбек мырза, мигранттарыбыздын Орусияда иштөөсүнө чектөөлөр киргизилери айтылып жатат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын укугу бирдей болбосо аталган биримдикте калуунун канчалык зарылчылыгы бар?

– Орусиянын Мамлекеттик Думасы “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киргизди. Буга байланыштуу ЕЭКке кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана алар ЕАЭБ жарандарына таасир этеби деген көптөгөн суроолор келе баштады.

ЕАЭБ жөнүндө келишим – биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарына башка мүчө мамлекетте тоскоолдуксуз жүрүүгө жана эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик Дума карап жаткан өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына эч кандай таасирин тийгизбейт. Башкача айтканда, жаңы мыйзам күчүнө кирген учурда да кыргызстандык жарандарда Орусиянын жарандарындай эле эмгектенүү укугу сакталат.

Ошол эле учурда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагында медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү, мектептерде жана бала бакчаларда мугалимдик кызматтарды ээлөө, коомдук транспортторду, оор жүк ташуучу унааларды айдоо, посылкаларды жана корреспонденцияларды жеткирүү жана башка чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

– ЕАЭБдин алкагында мигранттарыбызга дагы кандай жеңилдиктер бар?

– Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен биздин жарандарынын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө болушу жана иштөө шарттары олуттуу өзгөрдү. Биримдикке мүчө болуунун пайдалуу жактарынын бири – биздин жарандарыбыздын эмгек рыногунда болуу жана ишке орношуу шарттарын жакшыртуу болгон.

Уюмга мүчө болгондон тарта: Чет элдик жана ички паспорттор менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирип-чыгуу, өлкөгө кирген күндөн тартып 30 күн ичинде каттоого туруу, түз эмгек келишимин түзүү, “чек арасыз жумуш” платформасы аркылуу жумуш издөө, жумушка кирген 1-күндөн тартып киреше салыгы 13 пайызды түзөт, өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Медициналык камсыздандыруу жеткиликтүү болуп калды. Биримдикке мүчө мамлекеттин жарандары менен бирдей пенсия алуу укугу пайда болду.

Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияда жана Казакстанда айдоочу болуп иштөөгө коюлган чектөөлөр алынды. Эмгекчилердин мамлекеттик кызматтарга санариптик түрдө жеткиликтүүлүгүн ырааттуу кеңейтүү маселеси каралууда, бул алардын ЕАЭБ алкагындагы ишинин ыңгайлуулугун жогорулатууга жардам берет.

– ЕАЭБге мүчө болгонубузга 10 жылдын жүзү болуп турат. Өлкөбүз үчүн биримдиктин пайдасы тийдиби?

– Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу өлкөбүзгө көптөгөн пайдаларды алып келди. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр болсо: ИДПнын орточо жылдык өсүшү 2015-2023-жылдар аралыгы 3,9 пайызды, ИДПнын номиналдык өсүшү 3 эсеге, тактап айтканда 401,0 миллиард сомдон 1,2 триллион сомго өстү. Бюджеттин кирешеси 3,3 эсеге өсүп, 391,9 миллиард сомду түздү. Жан башына ИДП 2015-жылы 1 163 АКШ долларын түзсө, 2023-жылы 1 969 АКШ долларын түзүп, 1,7 эсеге өскөн. Инфляциянын орточо көрсөткүчү ЕАЭБ боюнча 7,0 пайыз болгон учурда Кыргызстанда 5,9 пайызды көрсөттү.

– Ата мекендик товарларды экспорттоо, дегеле соода тармагында абалыбыз кандай?

– 2015-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 миллиард доллардан 15,7 миллиард долларга чейин жетип, 2,8 эсеге өстү. Анын ичинде экспорт 1 миллиард 482 миллион доллардан 3 миллиард 309 миллион долларга чейин - 2,2 эсеге, импорт 4,1 миллиард доллардан 12,3 миллиард долларга чейин - 2,9 эсеге өскөн.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 2015-жылдан бери болжол менен 1,8 эсеге өсүп, 2023-жылы 4,4 миллиард долларды түздү.

Өнөр жай өндүрүшү 2015-жылы 181 миллиард доллардан 2023-жылы 482 миллиард долларга жогорулап, 3,8 эсеге өскөн. Анын ичинен тармактар боюнча өндүрүштүн өсүшү:

Тамак-аш өндүрүшү 3,1 эсеге, жеңил өнөр жай продукциясы 3 эсеге, курулуш материалдарын өндүрүү 2,3 эсеге, тоо-кен казып алуу 7,1 эсеге, даяр металл буюмдарын чыгаруу 2,7 эсеге өскөн.

– Ишкерлерди колдоо боюнча кандай чаралар көрүлдү?

– ЕАЭБге кирүү 180 миллиондон ашык калкы бар бирдиктүү рынокко жол ачты. Бул соода тоскоолдуктарын жана бажы төлөмдөрүн азайтуу аркылуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун жана импортун жөнөкөйлөттү. ЕАЭБге мүчө болгондон жергиликтүү ишкерлер үчүн бир канча артыкчылыктар түзүлдү.

Мисал катары айта кетсем, булар: Экономиканы колдоо жана өнүктүрүү максатында 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Долбоорлорду даярдоо жана колдоо боюнча гарнттык фонд (ДДК) түзүлдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга финансылык жардам көрсөтүү механизмдери иштелип чыкты.

Евразия өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелериди өнүктүрүү фонду (ЕӨБ СДӨ) ЕАЭБ санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду иштеп чыгууга жана каржылоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.

ЕАЭБ интеграцияланган маалымат системасы (ИМС) түзүлдү. ИМС алкагында 26 жалпы процесс ишке киргизилди.

Кайра камсыздандыруу жана экспорттук каржылоо аркылуу ЕАЭБде камсыздандыруу потенциалын жана тобокелдиктерди кесипкөй башкарууну жогорулатуу үчүн Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлдү.

Мыкты тажрыйбаларды алмашуу жана инвестициялык ишмердүүлүктүн методологиялык принциптерин түзүү үчүн Өнүктүрүү институттарынын консорциуму түзүлдү.

– ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын энергетика тармагында кандай жетишкендиктер болду жана алар өлкөбүз үчүн кандай артыкчылыктарды сунуштайт?

– Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Кыргызстан энергетика тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Маанилүү жетишкендиктердин бири катары өлкөнүн электр тармактарынын жалпы өндүрүлгөн кубаттуулугунун 315 МВтка көбөйгөнүн айтсак болот.

Бул жетишкендик Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган ири жана кичи ГЭСтерди реконструкциялоо жана куруу долбоорлорунун аркасында мүмкүн болду. Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоону камсыз кылып, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдеди.

Урунттуу учурлардын бири катары 2022-жылы жалпы электр энергиясынын рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин күчүнө кириши болду. Келишимдин алкагында анын катышуучулары жана инфраструктуралык уюмдары, электр энергиясын трансчек ара соодасынын принциптери, ошондой эле биримдиктин органдарынын компетенциялары аныкталды.

Жалпы электр энергетика рыногунда мөөнөттүү келишимдер боюнча жана күн алды электр энергиясын борборлоштурулган сооданы уюштурган операторлор аныкталды. Аталган иш аракеттер Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Күчүнө кирген бул келишим электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешинин негиздерин аныктап, электр энергиясын трансчек аралык соодалоонун принциптерин жана биримдиктин органдарынын компетенциясын белгилейт.

Кыргызстан үчүн бул энергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык ресурстарды мамлекеттер аралык жеткирүүлөрдү оптималдаштыруу жана ЕАЭБ алкагында энергетикалык ресурстардын биржалык соодасына катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Жогоруда айтылган чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн чыңдоого, электр энергиясын экспорттоону кеңейтүүгө жана региондук энергетика рыногуна комплекстүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.

– ЕАЭБ өлкөлөрүндө транспорт тармагы боюнча кандай жетишкендиктерди белгилей аласыз?

– Кыргызстандын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу менен транспорт тармагында оң өзгөрүүлөр болду.

Транспорт көзөмөл ЕАЭБдин сырткы чек арасына жылдырылды. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу товарларды ташуу үчүн бирдиктүү тарифти колдонуу киргизилди. ЕАЭБдин ичинде жүк ташууга уруксат алуу жоюлду. Мындан сырткары ЕАЭБ аркылуу транзиттик жүктөрдү көзөмлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу киргизилди. “Евразиялык агроэкспресс” долбоору аркылуу айыл чарба продукцияларын эксорттоого кошумча шарттар түзүлдү.

Натыйжада, жүк жүгүртүүнүн жана жүк ташуу көлөмүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү оң динамикасын көрсөтүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 2014-жылга салыштырмалуу жүк жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 14,7 пайызга, темир жол транспорту – 10 пайызга, автомобиль транспорту – 7,7 пайызга, аба транспорту – 277 пайызга өскөн. Жалпысынан жүк ташуулардын жалпы көлөмү 75,5 пайызга өстү.

Жалпылап айтканда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кириши өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн оң таасирин тийгизди деп айтсак болот. Анткени жогоруда келтирген статистикалык маалыматтарды эске алуу менен, биримдикке мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкта чоң мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктерди айкын көрүп жатабыз. Ошондуктан элибиздин аталган биримдиктен күткөн үмүтү акталды деп ойлойм.

Албетте, биз ушул жыйынтык менен токтоп калбайбыз. ЕАЭБ алкагында бардык тармактарды өнүктүрүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарыла берерин кошумчалап кетким келет. Ар бир жасаган жумушубуз элибиздин жашоо-шартын жеңилдетүүгө, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты чыңдоого, дегеле өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталат.

 

Лунара Бекиева        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан