Бусурман Одуракаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Жашоодо чыныгы Ысмайылга жолуккам, шайдоот адам эле”

Белгилүү актёр, режиссёр Бусурман Одуракаев 1-июль күнү жол кырсыгына кабылып, учурда ооруканада дарыланып жаткан маалы. Абалы жакшы, “жакында үйгө чыгарышат” дейт ал. Ал-жайын сурап, агайдын чыгармачылыгы жаатта маанилүү маек курдук.  

- Саламатсызбы, Бусурман ага? Жол кырсыгына кабылып бир сыноону баштан кечирген экенсиз, азыр абалыңыз жакшыбы?

- Саламатчылык, акыбалымды сурап кабарлашып жатканыңарга рахмат. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен да, тартуу иштери боюнча жолдо баратып Кант шаарынан абдан чоң кырсык болуп кетти. Учурда ооруканадамын, Кудай буюрса абалым жакшы. Организм жакшы реакция берсе жакында үйгө чыгарабыз деп жатышат. Буюрса, ооруканадан чыга турган күнүмдү чыдамсыздык менен күтүп жатам.

- Жакшы, эртерээк сакайып кетиңиз. Учурда эмне иштер менен алексиз? Актёрлукпу же режиссёрлукпу?

- Экөөсүн тең эле алып кеткенге аракет кылам дайыма. Жогорку Кеңештин сунушу боюнча “Кыргызфильм” чек ара, Баткен баатырлары боюнча документалдык тасма тартып келдик. Мамлекеттик чек ара кызматы бизге жакшы көмөк көрсөттү. Баткендеги бүт заставаларды кыдырып, абалы менен тааныштык. Жеке баамымда, азыркы акыбалыбыз жакшы эле экен. Кудай анын бетин ары кылсын, кокус бир нерсе болуп кетсе биздин аскерлер душманга татыктуу жооп кайтарууга даяр экенине ынандым. Киного сценарий жаза баштагандагы максатым - жаш жигиттерди элди, жерди сүйүүгө үндөө,  патриоттук сезимдерин козгоого аракет кылуу эле. Тасманы көңүлдөгүдөй тартып, тапшырдык. Азыркы учурда алек болуп жаткан долбоорумдун аты “Айылга кат” деп аталат, акын Надырбек Алымбеков аксакалыбыз тууралуу документалдык фильм тартып жатабыз. “Кыргызфильм” менен биргеликте ошол тасманы тартууга бара жатып минтип кырсыктап калбадыкпы.

- “Кыргыз керемети” гүлдөп турган убакта тасмаларда роль жаратып калдыңыз. Ал кездеги кино жаратуучулардын ийгилик сыры эмнеде болгон?

- “Кыргыз керемети” деген аталыш кайдан келип чыккан, биринчи ушуга токтолсок жакшы болот. Кыргыз киносуна бул аталышты чет өлкөлүк журналисттер ыйгарган. Чет өлкөдөгү кинофестивалда Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевдин тасмаларын көргөндөр аябай суктанышкан. Журналисттер гезит, журналдарга “Кыргызское чудо” деп тема коюп макалаларды жарыялап жибергенде Союз боюнча дүңгүрөгөн. Ошондон кийин “Кыргыз керемети” аталып калды. Чынында ал учурдун тасмалары керемет. Ийгилик сыры эмнеде болгон деген суроого келсек, биринчиден, каражат жакшы бөлүнгөн. Экинчиден, баары бири-бирине шайкеш келиптир, мыкты режиссёр, таланттуу актёрлор, күчтүү операторлор бир мезгилге туш келип калган. Азыр деле таланттуу режиссёрлор, актёрлор бар, бирок каражат жок. Азыр деле “Кыргызфильмде” көркөм кеңеш бар, алар сценарий, актёрлорду тандашат, костюмдарга чейин ойлонушат. Ийгиликтер болот, буюрса.

- Азыркы кинолор менен “Кыргыз кереметиндеги” тасмалардын окшоштуктары же айырмачылыктарын сүйлөшсөк... 

- Айырмасы өтө чоң. Мурунку кинолордун идеологиясы бар эле да, Союздун идеологиясы. Андан тышкары режиссёрлордун улуттук идеологиясы бар эле, алар фильм аркылуу айтпай турган ойду көмүскөдө айтып алышчу. Азыр “Кыргызфильмде” жеке компаниялар көп, аларга эч ким өйдө же төмөн деп айта албайт. Ар кимдин өз идеологиясы боюнча фильм тартыла баштады. Демократия бар, цензура жок, ошого ар кандай тасмалар чыгып жатат. Эми жаманы да, жакшысы да бар.

- Албетте, “Кыргызфильм” тарткан бир топ тасмалар эл аралык фестивалдарда жеңиштерди багынтып жатканы чын. Сизге кайсы тасмалар жагат?  

- Мага жаккан тасмалар көп. Тартылганына 4-5 жыл болуп калды, раматылык Марат Сарулунун “Көч” деген тасмасы, режиссёр досум Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” деген тасмасы эл аралык кинофестивалда А тайпасынан Гран-при уткан. Булардан башка да тасмалар көп. Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры”, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи”, “Акыркы көч” деген фильмдери Монреалдан Гран-при утуп келишти, бул эмне деген сыймык. Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы да ийгилик жаратты. Кыскасы, “Кыргыз кереметинин” көчүн улагандар бар, куру кол эмеспиз.

- Айтматовдун каарманы Ысмайылдын ролу менен элге таанылгансыз. Жашоодо чыныгы Ысмайыл менен жолуга алдыңызбы?

- 1990-жылы “Куш өмүр” деген тасма тартылып, анда Ысмайылдын образын жараткам. Кийин Шекерге (ред.: Таластагы айыл) барып чыныгы Ысмайылга жолуккам. Биз барган жылы 82 жашта экен. Аттан жыгылып, бутун сындырып отурган учурда барыптырбыз. Абдан шайдоот, тамашакөй адам экенин байкагам. Айтып отурса баяны да кызыктуу эле. Чыныгы Ысмайыл согуштан коркконунан качып келбептир, көрсө. “Жөн эле немистерге бута болгум келген жок” дейт, себеби согушта эки жоокерге бир мылтык берип эле “вперёд” деп айдашыптыр да. Анткени курал-жарак жетишпейт. Мылтыгы жок адам кантип согушмак эле. “Ошентип өлгүм келген жок. Атышып жатып өлсөм арман жок эле, бизди түз эле октун алдына салып берип жатышпайбы” деген эле. “Өлсөм да өз айылыма барып өлөйүн” деп качып келиптир. Жашоодо ууру деле болбоптур, байлардыкын алып, ачкадан өлүп бара жаткандарга таратып берип аман алып калган киши болуптур. Бир айылды багыптыр убагында, муну эл айтты. Чыңгыз Айтматовдун  ар бир каарманынын прототиби бар. Толгонай,  Алиман, Ысмайыл, Сейде, Жамиля, Данияр, Танабай, айтор, баары чыныгы жашоодо болгон адамдар. Муну жазуучу кылдат ойлонуп, калеми менен көркөмдөп элге жеткирген да. Анын каармандары кыргыздарга эле эмес, дүйнөгө таанымал болушту. Көптөгөн режиссёр, актёрлор Айтматовдун чыгармалары аркылуу таанымал болушту. 

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...

- Үй-бүлөлүүмүн. Үч балам, таттуу неберелерим бар. Кудайга шүгүр, бул жагынан мен бактылуу адаммын.

- Жашоодо эмнени баалайсыз?

- Азыр эле эмес, кырсыкка кабылганга чейин деле ден соолукту баалачумун. Анткени ден соолугуң болбосо эч кимге керегиң жок. Кырсыктагандан кийин ден соолукту мурдагыдан да баалап калдым. Ден соолугум жакшы болуп турса, элге жакшы тасмаларды тартуулайын деп турам. Элге тынчтык каалайм, баарыбыз кырсыктан тышкары бололу. Мен жол кырсыгына кабылган учурда жанымда долбоордун экинчи режиссёру, айтылуу Турсун Усенов да бар эле. Жазмыш экен, ошол кырсыктан каза болуп калды. “Ак кеме”,  “Уркуя” тасмаларында экинчи режиссёр болуп иштеген таланттуу адам эле. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына көңүл айтам. Айла жок, башка эмне дейбиз. 

- Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Тезирээк сакайып, сүйгөн жумушуңузга кайтышыңызга тилектешпиз. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан