ПАРИЖ-2024: Кыргыздын уучу куру эмес!

Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндары кызуусунда. Бул аптада Кыргыз спортчулары удаасынан жеңишти багынтып, медаль тагынышты. Албетте, алтынга 1 кадам жетпей калышты, бирок алардын күмүш жана коло медалдары Кыргыз өлкөсүндө алтынга тете бааланууда. Сыймыктануу, колдоо, сүйүнүчтүн көз жашы... 

Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсү 16 спортчунун катарында дүйнөнүн 3 чемпионун жөнөткөн. Алар: Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова. Спорт деген спорт, дайым эле зымга тизген шурудай тегиз боло бербейт. Фаворит аталып жаткан Акжол менен Жоламан утулуп, алтын медалга жетпей калышты. "Балбандар ортозаар күрөш көрсөтүштү, килем үстүнө маанайлары суз чыгышты" деген пикирлер айтылууда. Себеби эмнеде? Айрымдар “спортчулардын салмак кууганынын жыйынтыгы”, “убакыт айырмачылыгы”, “балбандар Парижге беттешке жакын барып, ал жактын климатына ыңгайлашууга жетишпей калышты” деп жатышат. Улуттук күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев спортчулардын даярдыгы мыкты эле болгонун, спортто утуш да, утулуш да болорун билдирди. Ошентсе да Күрөш федерациясына суроолор көп, жооп аз. Финалга өтпөй калса да Жоламан Шаршенбеков Кыргыз элине коло медаль утуп берди. Мээрим Жуманазарова да тарых жаратты. Адегенде монголиялык Дэлгэрмаа Энхсайханды 8:3, япониялык Нонока Озакини 8:6, нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга жолдомо алган эле. Финалдык беттеште америкалык Эмит Элорго 3:0 эсебинде утулуп калып, күмүш медаль тагынды. 

Дүйшөн Жуманазаров, Мээрим Жуманазарованын атасы: “Күмүшүбүз акжолтой болсун, ошого шүгүр”

– Мээрим эң оор беттештерди өткөрдү, бир күндө 3 атаандашты утуу жеңил иш эмес. Күмүшүбүз акжолтой болсун, ошого шүгүр. Кызым чемпион болом деп ниет кылып кеткен. Көбү Мээримди утулат деп ойлошкон, анткени жаракат алгандан кийин көп кейиштүү окуялар болгон. Операция жасатыш керек эле, ага карабай кетти. Эгер операция болсо, Олимпиада оюндарына катыша албай калмак. Жаракатынан кийин Олимпиада эмес, жадакалса Азиядагы лицензиялык мелдештерге катыша аламбы, катыша албаймбы деп жүргөн. Финалдагы күрөшү бир аз туура эмес болуп калды. Атаандашы эки колун кармап алып ыкма жасаганга мүмкүнчүлүк бербей койду. Биз үчүн эң башкысы кызымдын ден соолугу чың, жаракаттан алыс болуп арабызда жүргөнү.

Акжол менен Үзүр үмүттү акташты

Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков 7-август күнү көңүл жубатуучу беттештерин мыкты өткөрүп, коло медалга күрөшүү укугун алышкан. Эки балабаныбыз тең куру кол кайткан жок. Акжол 3-орун үчүн күрөштө азербайжандык дүйнөнүн эки жолку вице-чемпиону Санан Сулейманов менен кез келип, 6:5 эсебинде жеңди. Ал эми Үзүр египеттик Мохамед Габр аттуу балбанды 2:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды. Үзүр Жузупбеков Олимпиада оюндарынан кийин билдирүү жасап, сезимдери менен бөлүшкөн. Анда ал: “Туура эмес тамактанып алдымбы же тамак жакпай калдыбы, билбейм. Өзүмдү начар сезип, алсырадым. Америкалык спортчу менен болгон беттеште да чарчаган абалда күрөштүм. Түшкү тамактануудан кийин гана өзүмдү жакшы сезип калдым. Египеттик атаандашым менен болгон беттеш башкача болорун күткөм, бирок андай болбой калды",- деген. Ошондой эле балбан командада диетолог, психолог жок экенин, алардын кызматын машыктыруучулары аткарып калганын белгиледи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан