Бала бакчада жүргөндө өзүңдөн улууларды карап мектепке баргың келет, мектепте жүргөндө студент болсоң эле эркиндик колуңа тийчүдөй сезилет, студенттерге жумушу бар, акча тапкандардын жашоосу кызык. Ал эми иштеп жүргөндөр бала бакчага кайткысы келишет... Жашоо татуу, ачуу, кычкыл, жыттуу жана башка татымалдарга толгон көз ирмемдери менен кызык. Ошол жашоодо тажрыйба топтоп, чалынып, кайра турган, ак-караны ажыраткан улуу муундагы адамдардан пайдалуу кеңеш топтодук, окуп коюңуз.
Акча чогулт!
Азыркы заманда эң биринчи керектүү кеңеш: акча чогулт. Билем, жашсың, саркеч кийингиң, оюн-зоок жайларына баргың, достор менен көңүл ачып, кымбат кафелерден тамактангың келет. Бирок өмүр бою ошондой жыргал жашоодо жашагың келсе, же жок дегенде эч кимден карыз сурабай, керектөөлөрүңдү өзүң каржылай ала тургандай абалга жеткиң келсе, акча таап баштаган алгачкы мүнөттөн баштап каржыңдын 10 пайызын чогултканга өт. Коротордон мурун келечекке бир азын бөлүп кой, калгандарын керектей бер. Жетпей жатса дагы эмгектен, жумуш алмаштыр, изден. 10 пайыз болбогон акча, эмнеге жетмек эле дебе, убакыт билинбей өтө берет, башында болбогон акча делген каражат да көбөйөт, а сен ага ай сайын дагы 10 же андан да көбүрөөк пайыздарды кошконду унутпа. Бул акчаны бирөөгө берип жаткан жоксуң, келечекте өзүңө эле жумшайсың, чырагым.
Бүгүн жаша!
Бүгүн жаша деген сөздү акча менен байланыштыруунун кереги жок. Негизи эле жакшы жашоону акчага байлаба. “Төрөлүп, анан жөн гана жашоо аздык кылат. Адам бул жашоодон өз ордун табышы керек. Келечекке туура тандоо жасап, өмүр бою өзүңдү тарбиялап турушуң керек. Ар бир өткөргөн күн – сенин жеңишиң же жеңилүүң...” деген экен орус акыны Марина Цветаева. Анын сыңары, ар бир күнүңдөн бакыт, кубаныч, сүйүнүч тап. Алты саның аман экенине, күндү көргөнүңө кубан, жаратылыштын кооздугуна суктан, курсагыңдын токтугуна, кийимиңдин бүтүндүгүнө шүгүр кыл. Сендеги билинбеген кубаныч, бакытка жетпей жүргөндөр канча. Алдын ала келе элек күнгө, окуяга кабатырлана берсең, эрте карыйсың, ооруйсуң, жүзүңө бырыш түшөт, күлгөндү унутасың. Айланага көз чаптырсаң көпчүлүк күлгөнгө себеп таппагандай... Сен андай болбо!
Сөзүңө тур!
Ар бир адам жанында ишенимдүү адамдар болуусун каалайт. Андай адамдар кайдан табылат дебе. Биринчи өзүңдөн башта. Оозуңдан чыккан ар бир сөзгө жоопкерчиликтүү бол. Чанжыраган, орой, сөгүнүп-сагынган, туш келди орунсуз тамашалаган адамдардан жаа бою кач. Алардын таасирине кирип кетпе. Эки адамдын ортосунда бекем мамиле курулуш үчүн ортодо ишеним болуш керек: сүйүүдө, бизнесте, спортто, мектепте, университетте, үй-бүлөдө, достукта жана башкада. Ишенимдүү адам бол. Жасайм дегениңди сөзсүз жаса, барам деген жериңе кечикпей бар, берем дегениңди бер, алам дегениңди ал. “Ал айта берет...” деген категорияга эмес, “ий, ал айтса жасайт, колунан келет” деген категорияда бол. Мындай сапат башкалардын алдында гана аброюңду көтөрбөстөн, өзүңдүн инсандык деңгээлиңдин жогорулашына себепчи болот.
Өзүңө ишенимдүү бол!
Адамга стимул, мотивация берген, ошол эле учурда артка тартып, ишенимсиз абалга алып келген – өзү. Эч ким сени дардаңдатып көптүрүп же депрессияга салбайт, алы жетпейт. Өзүңдүн каалооң болгон үчүн ушундай кадамдарга барасың, башкалар себепчи гана болушат. Демек, сенин жашооңдо болуп жаткан же болбой жаткан өзгөрүүлөргө өзүң гана жоопкерчиликтүүсүң. Башкалардын сени менен иши жок, болбошу да керек. Азыр сага бир сөз айтканы менен, ары бурулганда эле ал сөзүн унутуп, өз маселеси менен алек болот. Андыктан бирөөнүн ою, бирөөнүн маселеси, бирөөнүн жашоосу менен жашаба. “Эл эмне дейт?” деген рамкада жашагандар башкалардын “көлөкөсүнө” айланарын унутпа. Өз оюң болсун, өз көз карашың болсун, өз жашооң болсун. Ал үчүн өзүңдү күн сайын өнүктүр, жаңычылдык изде, көп оку, туура адамдар, акылдуу адамдар менен мамиле түз, өзүңө болгон ишенимди арттыр.
Ата-эне, бир тууган!
Убагында ата-энеге корсулдап, “мени эч ким түшүнбөйт, кечке эле какшана беришет” деген күндөрдөн көпчүлүк өткөн. Бирок ишен, ата-эне менен бир туугандан артык сага эч ким күйбөйт. Үй-бүлө болгондон кийин кайда качып кетмек эле деп көңүл оорутпа. Баарын кайталап таба аласың, бирок ата-эне менен бир тууганды жоготсоң кайрылып келбесин түшүн. Негизи эле улууларды урматтап жүр, кичүүлөргө үлгү бол. Жаман сөз уксаң терикпе, теңелбе, эмнеге уруш угуп жатканыңды талдап көр. Өзүңдү апаңын же атаңдын ордуна коюп көр, алардын ордунда болсоң сен эмне кылат элең? Бир убакта алар сенин ордуңда болгон, буюрса, эми сен алардын ордунда болосуң. Сылык бол, сыйчыл бол. Бул сапаттар да адамда жакшы мүнөздүн калыптанышына таасир этет.
Алмаштырба!
Азыр көп балдар телефондон көзүн албай отурушат. Сенин канча убакытың телефондо өтүп жатат, эсептечи? Көп эле, ээ? Телефондон көп учурда жакшы жашоодогу тасма-сериалдарды көрөсүң, блогерлердин жыргап эле көрүнгөн жерде жүргөн, каалаган сөздү сүйлөп, кыйшалаңдап ырдап-бийлеген видеолорун көрөсүң. Анан сенин да ошондой жашоодо жашагың келет. Бирок реалдуу жашоо менен экран артындагы жашоо такыр башка экенин бил. Көрсөтүлгөндүн баары эле чындык эмес. Шумдук жашоого ар кимдин кандай жол менен жеткенин билбейсиң да. Жашоодо сени толтура тоскоолдуктар күтүп турат. Бул – факт! Андыктан өзүңө көңүл бур, эч качан башканын ийгилик жолу толугу менен сага өтүп кетпейт. Ар ким өз ийгилигин, бакыт жолун өзү курганы жакшы. Ал үчүн тоодой эмгек керек. Эмгекчил бол, тобокелчил бол, сынба, сынсаң кайра турганга күч болсун. Акыры өзүң каалагандай жашоого жетесиң.
Асыл Орозбекова