Саясат жана коом

Жогорку Соттун төрагасы тергөө органдарын бирөөнү айыптоодо этият болууга чакырды 

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 14-августта укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлерине атайын кайрылуу жасап, аларды Конституциянын 57-беренесин сактоого чакырды. Аталган беренеде сот күнөөлүү деп тапмайынча жана күнөөсү мыйзамдуу жол менен далилденмейинче бирөөнү күнөөлүү деп атоого болбой турганы жазылган.

– Конституциянын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы – сот адилеттүүлүгүнүн негизги принциптеринин бири болуп саналат. Бул принцип Кыргызстандын укуктук системинин ажырагыс бөлүгү. Тергөө органдары ири кармоолор жана айыптоолор боюнча ЖМКларга шашылыш маалымат берип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкер катары көрсөтүшөт. Мындай агрессивдүү маалымат саясаты күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготот. Тергөө органдары судьяларга байланыштуу тараткан бир маалыматты мисал келтирейин. Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат, анткени чуулгандуу пресс-релизден бир аз өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарды, – дейт Базарбеков.

Кайсы судьяга байланыштуу шашылыш маалымат таратылганын Жогорку Соттун төрагасы ачыктаган жок. 

Владимир Зеленский: “Украина Орусиянын 74 айылын басып алды”

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясы Орусиянын 74 айылын көзөмөлгө алганын 14-августта билдирди. Катуу салгылашка карабастан Украинанын аскерлери Курск аймагында алдыга жылууну улантып жатканын айтат ал.

Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Александр Сырский Украина Орусиянын Курск аймагында дээрлик 1000 чарчы чакырым аймакты ээлеп алганын жарыялаган эле. Айрым маалыматтарда Орусиянын Курск аймагына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 12 миң аскери киргени айтылып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Курск аймагындагы кырдаалга байланыштуу 12-августта чукул жыйын өткөрүп, анда Коргоо министрлигине украин аскерлерин сүрүп чыгарууну буюрду. Бул кол салуудан кийин Орусия Украина бийлиги менен сүйлөшүүгө баруу оюнан кайтканын, Украинага карата татыктуу жооп болорун, 2 жылдан бери уланып жаткан “атайын аскердик операция” бардык максатына жете турганын билдирди.

Айта кетсек, Украина аскерлери Орусиянын Курск облусуна 6-августта бастырып киришкен. Аймактан миңдеген жашоочулар чыгып кетишти.

“Ата-Бейиттин” сырын ачкан инсан көз жумду

14-август күнү сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду. Ал 96 жашта болчу. Кыдыралиева 1938-жылкы репрессияда атып өлтүрүлгөн кыргыз чыгаандарынын сөөгү жаткан Бишкектин четиндеги жерди 1990-жылы ачыкка чыгарып, тарыхый иш жасаган. Ага бул жашыруун маалыматты убагында НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок бул сырды Бүбүйра Кыдыралиева Совет доорунда ачыктап чыгууга батынган эмес.

1938-жылдын 5-7-8-ноябрь күндөрү Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманаалы Айдарбеков, Баялы Исакеев сыяктуу кыргыздын мыкты уулдары ак жеринен “эл душманы” аталып атылып кеткен. Учурда алардын сөөгү жаткан жер – “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси.

Президент Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын жакындарына көңүл айтты.

– Бүбүйра апа сыр ачпаганда биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы, баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын урпактарынын көксөөсү суубай калат эле, балким. Тарыхыбызды тактоого нар көтөргүс салымын кошту, – деп жазды президент өзүнүн социалдык желедеги баракчасына.

Автоунааны кайра каттоодо милдеттүү түрдө камсыздандыруу жасалат

Мындан ары Кыргызстанда автоунааларды кайра каттоодо автоунаа ээлери милдеттүү камсыздандыруу полисин алышы керек болот. Тийиштүү токтомду Министрлер кабинети 9-августта кабыл алды.

Автоунааны кайра каттатууда башка документтер менен катар милдеттүү камсыздандыруу полиси да суралат, анысы жок унаа катталбайт. Токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну караган мыйзам Кыргызстанда 2015-жылы кабыл алынып, бирок толук күчүнө кире элек. 9 жылдан бери улам артка жылдырылып келе жаткан. Коомчулук камсыздандыруу компанияларына ишенбестик билдирип, милдеттүү камсыздандыруу демилгесине каршы чыккан. 2023-жылы “мыйзам күчүнө киргени” жарыяланган, 2024-жылдын январынан тарта камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып салына баштамак. Бирок мындай чараны колдонуу 2025-жылга жылдырылган.

Мыйзамга таянсак, автоунааны камсыздандыруунун баасы унаанын түрүнө жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 сантиметр кубга чейинки унааларга жылына 1680 сом болсо, 2000-3000 сантиметр кубга 2000 сомдун тегереги, 3000 сантиметр кубдан жогоркуларга 2500 сомдон төлөнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан