Балдарда көп кездешкен илдет тууралуу кеңеш берели. Айрыкча жай мезгилинде күчөгөн диарея – ич өткөк балдар эле эмес, чоңдордо да көп кездешет. Кайдыгер караса, аталган дарт баланы оор абалга жеткириши мүмкүн экенин эскертишет адистер.
Баланын ичи 1 күндө канча жолу өтсө ич өткөк илдети деп эсептелет?
Баланын ичи 1 күндө 3 жолудан ашык өтсө ич өткөк деп саналат. Диареянын вирустук жана бактериалдык деген түрү бар. Вирустук түрү кышында, бактериалдык түрү жайында күчөйт. Ич өтүү кусуу менен да коштолуп, денедеги суу, туз, микроэлементтер чыгып кеткенде организмде зат алмашуу кескин бузулат. Бул баланын өмүрү үчүн кооптуу. Анткени адамдын негизги органдары мээ, жүрөк, бөйрөктүн иштеши бузулат.
Эмне үчүн илдет жайында күчөйт?
Анткени жай – сууга түшүү, жашылча-жемиштердин бышкан, тамак-аштардын бат бузулган мезгили. Таза эмес суу, жуулбай жана ашыкча желген жашылча-жемиштер, сактоо эрежелери бузулган азыктар, үстү жабылбай узакка туруп калган фастфуддар аталган дартты жаратары маалым.
Эмнеге диарея менен чоңдорго караганда балдар көп оорушат?
Анткени балдардын иммунитети толук калыптанып бүтө элек. Ашказанында, мурдунда, оозунда бактерия жана вирустарды өлтүрүп туруучу заттар чоңдордукуна салыштырмалуу аз бөлүнүп чыгат. Вирус, бактерияларды чыпкалап, алардын сыртка чыгышына шарт түзүүчү боор органы али өсүү, чоңоюу этабында болот. Ошондуктан балдарда ич өткөк билинбей 3-4 саатта эле күчөп кетет.
Кандай учурда баланын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралат?
Эгер дене табы абдан көтөрүлүп кетсе, баланын өмүрүнө коркунуч бар деп түшүнүү керек. Ошондой эле заң менен кошо кан, ириң чыгып баштаса, териси бозорсо, калтырап-титиресе, оозу абдан кургап, 6 сааттан ашык заара кылбаса, ыйлаганда көзүнөн жаш чыкпаса, жөөлүсө... Мындай учурда баланы үйдө 1 мүнөткө да кармоого болбойт, тезинен ооруканага алып баруу зарыл. Ооруканага жеткиче 3-5 мүнөт сайын 1 жутумдан Регидрон порошогуна жылуу суу кошуп ичирип баруу керек. Организмден чыгып кеткен суу, туздун ордун толтуруу кажет. Жемиш кактарынан жасалган компот, мисалы, ит мурун компотун же кайнатылып, муздатылган таза суу берүү да жакшы.
Баланы тезинен ооруканага алып барууга мүмкүнчүлүк болбой калса, үйдө кантип кам көрүш керек?
Ичи өткөнү билинер замат баланы башка балдардан бөлүп, өзүнчө бөлмөгө жаткызып, жогоруда айтылгандай компот, таза суу берип туруу кажет. Сууга күрүчтү суюк кылып бышырып, аны ар бир 5-10 мүнөттө 1-2 кашыктан берсе болот. Баланы кыйнап тамак жедирүүгө, ашказанын жууйбуз деп марганцовкалуу сууну ичирүүгө болбойт. Ич өтүү 8-12 саатка же андан узакка созулса ооруканага жаткырылат.
Дарылоодо кандай дары-дармектер берилет
Дарылоо организмдин канчалык кургаганына жараша жүргүзүлөт. Дене табын түшүрүүчү, ич өтүүнү басуучу антибиотиктер, организмдеги ууларды чыгаруучу тамчылатма дары баланын жашына, салмагына жараша дайындалат. Диета талап кылынат. Куурулган, туздалган, ышталган, майлуу азыктар, газдалган суусундуктар, сүт азыктары, ширелер, коон-дарбыз дегендерди жеп-ичкенге болбойт. Тез, оңой сиңүүчү тамактар сунушталат. Мисалы, ботко, аз өлчөмдө картошка пюреси, газы жок минералдык суу, катырылган нан, жаш малдын же тооктун майсыз этинен жасалган шорпо, быштак, сууга бышкан омлет. Дарыланып жаткан баланын абалынын канчалык жакшырганына карап врач улам бир азыкты кошуп сунуштай баштайт.
Дарттын алдын алуу жолдору кандай?
• Баланы жеке гигиенаны сактоого үйрөтүү жана талап кылуу. Тамактануу алдында колун сөзсүз самындап жуудуртуу
• Жашылча-жемиштерди тазалап жууп берүү, ашыкча жедирбөө
• Көчөдөн фастфуддарды, чала бышырылган шишкебектерди сатып бербөө
• Даяр азыктарды дүкөндөн сактоо мөөнөтүнө карап алуу
• Кир бассейн, көлмөлөргө киринтпөө жана башка
Канымжан Усупбекова