Орто азия таш бакасы

5 жыл мурун өлкөдө 368 таш бака бар болчу

Дүйнөдө таш баканын 365 түрү бар. Кыргызстанда болсо бир гана түрү – Орто Азия таш бакасы жашайт. Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен облустарынын эрмен, сөксөөл, жылгын өскөн чөл жана жарым чөлдүү аймактарын, жапыз чөптүү талаалуу өрөөндөрүн байырлайт. Жайында жана күзүндө айдоо аянттарынан жана коон, дарбыз айдалган талаалардан да көрүп калууга мүмкүн. 

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынын аймагында мурун көп кездешчү. Учурда жок болуп кетүү коркунучу бар сойлоп жүрүүчүлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Аны кармагандарга, өлтүргөндөргө 10 миң сом айып пул салынат. Улуттук илимдер академиясынын омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаковдун айтымында, 2019-жылкы атайын санакта өлкө боюнча 368 гана таш бака табылган. Чүйдө 5, Таласта 3, Баткенде 10, Жалал-Абадда 350 даана. Учурдагы саны канча экени белгисиз.

Чөп-чар, дарбыз, коон жешет

Денесинин узундугу 30 сантиметрге чейин жетет. Чопкуту аны ысык-сууктан, душмандарынан сактайт. 15-30 жылга чейин жашашат. Өздөрүнө ийин казып алышат же кош аяк, суур, момолой чычкандардын ээн ийиндерин ээлеп, кеңейтип алып жашашат. Күн ысык мезгилде ийининде корголойт. Кышка карата чээнге кирет. Жыныстык жактан эркектери 5-6, ургаачылары 9-10 жылда жетилишет. Адатта эркектерине караганда ургаачылары чоңураак болушат. Чөп-чар, айыл арасында болсо дарбыз, коон, ашкабак жана башкалар менен тамактанышат.

Жумурткаларын ийинде же кумга тууп, үстүн көмүп коюшат. Санынын кескин азайып кетишине алар байырлаган аймактарды өздөштүрүү, мал жаюу, кармап террариум үчүн сатуу, өлтүрүү себеп болуп жатат дешет адистер. Андыктан алар жашаган аймактарды корукка айландырып, мал жаюуну токтотуу, кармап сатууга бөгөт коюу, колдо багып көбөйтүү сыяктуу иш-чараларды жүргүзүү талап кылынат. 

Кызыктуу факт

1968-жылы Айды айланып учкан советтик учкучсуз “Зонд-5” космостук аппаратынын бортунда 2 Орто Азия таш бакасы болгон. Алар тирүү жана 10 пайызга арыктаган абалда кайтып келишкен. Бири учуудагы абанын басымынын айынан бир көзүнөн ажыраган. Экөө ошол кезде Айга чейин аман жеткен алгачкы жаныбарлар болушкан. Космостук эксперимент катары алар организминде зат алмашуунун жай жүргөндүгү үчүн тандалып алынган. Учуу аралыгында аларды тамактандыруу, суу берүүнүн кереги жок болгон. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан