Сагын Эргешов, ырчы: «Сапсары бала элем, каш-кирпигим өткөөл куракта карарды»

Өмүрүңдөгү эң кызыктуу курак – балалык. Санаа жок, шапар тепкен, дүйнөң таза учур. Балалыкты эстөө көпчүлүк адамга жакшы маанай тартуулайт. Ырчы Сагын Эргешовдун балалыгы кандай өткөн, назар салалы.

«Мени Самбо, Самило деп эркелетишет»

– Балалык мен үчүн бактылуу күндөр, эң бактылуу мүнөттөр, аруулук менен байланышкан. Эстегенде дароо оюнга тойбогон оюнкараак курак, ата-энем, бир туугандарым баары чогуу болгон бактылуу күндөр эсиме түшөт. Бала чагым Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында өткөн. Кандай жагдайлар, кандай учурлар болбосун, дайыма мага ата-энемдин, бир туугандарымдын колдоосу, мээрими күч эле. Биз 7 бир тууганбыз, эң кичүүсү ширин болот деп калышат го, ошол сыңары эң ширини менмин. Бирок эрке, тентек, ыйлаак бала болбодум. Апамдын айтымында, кичинемден эле жоош экенмин. "Гүлназ эжеңдин жонунан түшчү эмессиң" дешет. Кебетем болсо сапсары болгон экен (күлүп). Каш-кирпигим өткөөл куракта карарды, ага чейин бар-жогу билинчү эмес. Апам тойдон таттуу-маттуу алып келгенде эң жакшысын мага берчү, башкалары буга таарынышчу деле эмес. Оор жумуш кылдырышкан жок. Баары чоңоюп, турмуш курганы турмушка, шаарга кеткенден кийин баягы жумуштун баары мага калды анан. Бир туугандарым чоңоюп кеткенден кийин үйдө атам, апам үчөөбүз эле калганбыз. Апама да, атама да бирдей жакын элем. Апам көп эркелетчү. Азыркыга чейин эле апам да, бир туугандарым да “Самбо, Самило” деп эркелетишет.

«Туфлимдин башына пахта тыгып койчу эле»

– 1-класска барган күнүм азыркыдай эсимде. Атам, апам үчөөбүз базарга барып, мага кара костюм-шым алып беришкен. Анын жеңи узун, шымынын багалеги узун, ак көйнөгүм да чоң, туфлим да чоң. Үйгө келгенде апам кийимдердин жеңи менен багалегин ичине бүктөп тигип берди. Туфлимдин башына пахта тыгып койчу эле (күлүп). Азыр ойлосом, ал убакта бат эле чоңоюп, кийинки жылы чак келбей калбасын деп атайын чоң өлчөмдө кийим алып беришчү тура. Чын эле ал кийимдер кийинки жылы чак келип калар эле.

Мектепте көп эле сабактарды жакшы окудум, тарых сабагынан олимпиадаларга катышып жүрдүм. Жумагүл Көчкөнбаева деген эжекемдин колдоосу менен район, облуска чейин барып, 1-орундарды алып келгем. Физика, химия сабактары жакчу эмес, калган бардык сабактарды жакшы окудум. Биринчи мугалимим Сыргайым Календерова деген эже болду, бирок 2-3 ай убакыт өтпөй аны ала качып кетишкен, ал 21-22 жаштарда эле. Анан Шааркан, кийин Өмүркан деген эжекенин колуна өттүк. 5-класстан баштап 11-класска чейин Майраш деген эжекебиз класс жетекчи болду. Мугалимдер менен азыркы күнгө чейин мамилем жакшы. Бул маекти мугалимдерим окуп калышса айтарым, мага билим, тарбия берген ар бириңиздерге терең ыраазычылык  билдирем.

«Коңшулардын үйүнө кирип эле тамагын жеп жүрө берчүбүз»

– Биздин көчө Байыш Юнусовдун атында, бул көчөдө ал учурда мен курактуу балдар аябай көп эле. Башка көчөнүн балдары биздин көчөнүн балдарын чийбөрүлөр (ред.: чөө) көчөсү деп коюшчу. Анткени уюшумдуу элек. Мал кайтарып келгенден кийин тынчтык жок болчу, түн бир оокумга чейин ызы-чуу түшүп ойнойбуз, ишти да алгоо жолу менен жасайбыз. Бизде ашарды алгоо деп коёт. Кимдин туулган күнү болсо, 5 сомдон чогултуп, анын үйүнө барып отуруштарды өткөрчүбүз. Бири-бирибиздин үйгө кирип тамак жеп, кээде уктап калган учурлар да болчу. Коңшулардын үйү өзүбүздүн үйдөй эле. Кирип эле ашканасынан каймак-майын, тамагын жеп жүрө берчүбүз. Эч ким урушчу эмес.

Мен түндө эшикке чыккандан коркчумун. Жалгыз басып баратсам артымдан бирөө басып келаткандай сезилип, улам артымды карай берчүмүн. Анын үстүнө “түндө көчөгө чыкпагыла, уурулар уурдап кетет” деп коркутуп салышчу да. Бир жолу көчөдө өзүм жалгыз бараткам. Бир машине артымдан келатат, ууру окшойт деп үйдү көздөй чуркадым, ал машине да артымдан катуулап айдады. Мен эптеп качып кирип кеттим. Көрсө, ал тааныш байке экен, кийин “эмне анча качтың?” деп жатпайбы.

Айылыбызга өзбек эжелер балмуздак сатып барышчу. Кошуна балдар үйлөрүнөн жумуртка уурдап чыгышат, а биз үйдө тоок бакпайбыз. Мен үйдөн бош бөтөлкөлөрдү алып чыгам. Ата-энелерибиз көрүп калбасын деп бирибиз күзөттө турабыз да, калганыбыз алган балмуздактарыбызды бекинип алып жейбиз (күлүп).

«Сагынычтуу салам кат. Сагынганда жетпесе...» деп башталчу каттарыбыз»

– Кыздарга тийишпеген балдар жок болуш керек. Тийишип, алар менен кар урушуп ойночубуз. Бантиктерин тартып, өтүп баратса ышкырып тийишет элек. Кат жазышууга биз да илешип калганбыз. “Сагынычтуу салам кат. Сагынганда жетпесе...” деген сөздөр менен башталчу каттарыбыз. Ал катты өзүнө бере албайсың да, курбусуна берип, жооп күтөсүң. Анкета толтуруу деген нерсе да бар эле.

Эсимде, күрүч эгебиз да, аны чымчыктар жеп кетпеш үчүн кайтарчубуз. Атам бир күнү “карап тур” деп бир жакка кетти. А мен ошол учурда бир сынакка даярданып жаткам. Ыр жаттап жаткан боюнча китепке кирип кетиптирмин. Атам келсе күрүчтү чымчыктар талап жаткан окшойт, “сен карайсыңбы же китеп окуйсуңбу?” деп урушканы эсимде. Негизи атам да, апам да катуу урушкан да, урган да жок мени. Атам өзү бала ургандарды абдан жаман көрчү, эжемдерге да “балаңарды урсаңар менин көзүмчө урбагыла, ары алып баргыла” деп көп айтчу.

«Эң биринчи продюсерим – атам»

– Көбүнчө талаа иштерине чыкчубуз, талаа иши менен болуп өткөөл курак кандай өткөнүн байкабай деле калыптырбыз. Мен 11-класска көчкөндө келечекте менин ким болорум үйдө талкууга түшкөн. Мен стюард болгонду жакшы көрчүмүн. Бирок мурунтан атам мени телеканалдардын бирине алып барып, эртең мененки эфирге, “Жеткинчек” деген программага тарттырып келчү. Телевидениенин ашканасына атамдын аркасынан аралаштым. Эң биринчи продюсерим – атам. Ушул себептен журналистиканы тандагам. Башында үйдөгүлөр каршы болуп жүрүштү, бирок кийин көнүштү. Өкүнбөйм, телевидение, радиодо иштеп элге аз болсо да атым таанылды. Бала кезимде Бишкекте жашасам, Бишкекте жакшы иштерди жасасам, элге белгилүү адам болсом деп кыялданчумун. Азыр ал кыялдарым кайсы бир деңгээлде ишке ашты. 

Гулийпа Маметосмон кызы   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан