Саясат жана коом

Мигранттар Орусияга үй-бүлөсүн алып кире албай калышабы?

Орусияга эмгек мигранттарынын киришин чектей турган дагы бир мыйзам сунушталды. Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары “Орусия жараны эмес, квалификациясы төмөн мигранттар үй-бүлөсүн Орусияга алып келбеши керек” деп жатышат.

– Чакан анклав болуп жашашкан мигранттардын агрессивдүү жүрүм-туруму боюнча жүздөгөн даттануулар түшүүдө. Иштеген бир мигранттын артынан коштоп ондогон жакыны, аялы, балдары, ата-энелери келишет. Алар мектепте жана бала бакчада орундарды ээлешип, аз камсыздалган үй-бүлө катары бир катар мамлекеттик төлөмдөрдү алып жатышат. Анан да мигранттар жашаган батиринде коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөй коюшуп, олчойгон карыздарды башкалар өз чөнтөгүнөн төлөгөн учурлар аз эмес. Бул көйгөйлөрдүн баарын квалификациясы төмөн мигранттардын үй-бүлөсүн алып келишине тыюу салуу менен чечиш керек. Эмгек мигранттарын жакындары өз үйүндө күтсүн. Келдиби, иштеп, кайра үйүнө кетсин. Башка сөз болушу мүмкүн эмес! – дейт ЛДПР фракциясынын лидери Леонид Слуцкий. 

Мыйзам долбоору кабыл алынары же четке кагылары азырынча белгисиз. Эксперттер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин, аталган мыйзамдын Кыргыз жарандарына тиешеси болбошу керектигин айтып жатышат. Анткени ЕАЭБ келишимине ылайык, Кыргызстандын эмгек мигранттары Орусияда орус жарандары менен бирдей статуста болууга тийиш.

УКМК мектеп жетекчилерине “пара албагыла” деп эскертти

Бишкекте УКМК кызматкерлери мектеп жана бала бакча жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. УКМКнын маалымат кызматы 21-августта билдиргендей, мугалимдерге балдарды 1-класска жана бала бакчага киргизүүдө, башка мектептен которулган окуучуларды кабыл алууда алардан акча албоо зарылдыгы эскертилди. Жыл башынан бери билим берүү тармагында иштеген бир нече кызматкер кармалганы, ошондой эле кызматтык мыйзам бузуулар аныкталганы айтылды. Пара бергендер да, алгандар да кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын айтышты УКМК өкүлдөрү. 

Эскертүүлөр айтылып жатканына карабай мектептердеги көмүскө акча жыйноолор тыйылбай келет. 2023-жылы президент Садыр Жапаров мектептерде коомдук фонддорду түзүүгө жана мыйзамсыз акча чогултууга каршы атайын жарлык чыгарган. Андан кийин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептин директору кызматтан бошотулат” деп билдирген. Министр мектептердин күнүмдүк муктаждыктарына бюджеттен акча бөлүнгөнүн кошумчалаган эле. Бирок окуучулардын ата-энелеринен акча топтоо токтобой жатканын быйыл февралда Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышкан.

Ташовдун иши сотко өттү, Кадырбеков суракка чакырылды

Ишкер Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Маалыматты 22-августта райондук соттон ырасташты.

Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси боюнча айып тагылууда. Алар: “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренелери. Алгачкы соттук отурум 23-августта өтөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташовго УКМК жыл башында издөө жарыялап, апрель айында Чүйдүн Кайыңды айылынан кармап, камакка алган.

22-августта Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылды. Маалыматтарга таянсак, депутат “Ыйман” фондун жетектеп тургандагы иштери үчүн суралып жатат. Иштин жагдайы боюнча УКМК маалымат тарата элек. Буга чейин интернет желесине “Ыйман” фондунан акча жоголгону тууралуу маалымат чыккан эле. Аталган фондду текшерген аудит фондго Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардын отчёту жок экенин аныктаган. “Ыйман” фондун Нуржигит Кадырбеков 2015-жылдан 2019-жылга чейин жетектеп турганы белгилүү.

Ысык-Көл селден жапа чегүүдө

Ысык-Көл облусу табият кырсыктарынан жапа чегүүдө. 18-августта жамгырдан кийин облустун бир катар айылдарында сел жүрүп, Ысык-Көл жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Корумду, Темир айылдарында 300дөй үйдүн короосун сел суусу каптаган. Мындан тышкары Булан-Сөгөттү айылында да ондогон үйлөр селдин нугунда калып зыян тартты.

21-августта Тоң аймагында бийик тоодо жайгашкан Зындан көлү жарылып, жашоочулар шашылыш көчүрүлдү. Расмий маалыматка таянсак, көлдүн жарылышынан улам 490 жаран эвакуацияланган. Ошондой эле айрым унаа жолдору жабылды. Тагыраагы, Бөкөнбаев-Темир-Канат унаа жолу, көпүрөлөр, Балык завод конушуна баруучу жол убактылуу жабык турат.  

Зындан көлү деңиз деңгээлинен 3640 метр бийиктикте жайгашкан. Анда 150 миң метр куб суу болгон. Аталган көл 2008-жылы да жарылып, анда да бир катар айылдар зыянга учураган эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Зындан көлү жарылышы мүмкүн экенин 19-августта жергиликтүү бийликке эскерткени, ушундан улам жарандар өз убагында эвакуацияланганы айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1133, 22-28-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан