Эрлан Темирбеков салмагы 120-130 тонналык тепловоздорду жеңил унааны башкаргандай эле шуулдата айдап жүргөнүнө 15 жыл болгонун айтат. Тонналаган жүктөрдү ары-бери ташуу, тыгыз иш графиги, темир жолго чуркап чыга калган адамдар... Айтор, кызыктын баарын сүйлөштүк.
– Тепловоз машинисти популярдуу кесип эмес. Айылдык бала бул кесипти эмне болуп тандап калганы кызык...
– 9-классты бүткөндө айрым классташтарым орто окуу жайларга тапшырмакчы болуп калышты. Таенем ага чейин эле Бишкекте темир жолчу адистерди даярдаган №97 кесиптик лицей бар экенин айтып калчу мага. Ошол лицейге тапшырып, 3 жыл окуп, “машинисттин жардамчысы” деген адистикти алып чыктым. 3 жыл иштеп тажрыйба топтогон соң сынак тапшырып, машинист болдум. Учурда жүк ташуучу жана манёврдук локомотивдин машинистимин.
– Жүргүнчү ташыган жеңилби же жүк ташыганбы?
– Жүргүнчү ташуу дагы, жүк ташуу дагы абдан жоопкерчиликтүү иш. Биринчиси – адам өмүрү, экинчиси – аманат, 1 вагондогу товардын баасы эле миңдеген сомду чапчыйт да. Жүргүнчү ташыган поездин машинисти иш графигин 15-30 күн алдын ала билет. Кайсы күндөрү иштеп, качан дем алары белгилүү. Ал эми жүк ташыган поезддин машинистинде андай график жок. Болгону канчанчы кезекте турганыңды гана айтышат, кезегиң жеткенде сутканын кайсы убагы экенине карабай ишке чыгышың керек. Адатта, 2-3 саат мурун чалып айтышат. Качан чакырып калышат деп телефонду аңдып эле отурабыз. Аскерлердей ар дайым даяр турабыз.
– Жүк ташыган поездге канча вагонго чейин чиркелет?
– Учурда мен айдап жаткан тепловоздун өзүнүн салмагы 130 тонна, ага 60 вагонго чейин чиркейбиз. Бош вагондун салмагы 22-23 тонна чыгат. Өлкөбүзгө сырттан келе турган товарлардын баарын ташыйбыз. Мисалы, көмүр, бензин, солярка, тактай, тоок эти, суусундуктар. Бишкектин ЖЭБине 48 вагон көмүр келсе, жалпы салмагы 4 миң 500 тонна чыгат. Баарын бир чиркеп жеткиребиз.
– Бир мөөнөттө канча саат иштейсиңер?
– Мөөнөттө 12 саат иштейбиз, андан 1 мүнөт ашык иштөөгө болбойт. 12 саат болду дегенде бараткан жерибизде дароо токтойбуз. Бул учурда диспетчер бизди утурлай башка тепловоз жиберген болот, вагондорду андан ары ал сүйрөп кетет.
– Кабинанын ичинде жол чырак турат, мунун кызматы эмне?
– “Акылдуу автоматиканын” бир элементи – кабинанын ичиндеги локомотивдүү жол чырак. Кадимки көчө жол чырагынан айырмасы – мында 4 түс бар: кызыл, жашыл, сары, ак. Бул темир жол боюндагы жол чырактардын жарыгын кайталап, поезддердин кагышып кетишинин алдын алат. Мисалы, алдыдагы семафордун кызылы күйсө кабинадагынын да кызылы күйөт, жашылы күйсө жашылы күйөт. Ак түсү “кооптуулук”, “авариялык кырдаал”, “манёврдук тепловоз иштеп жатат” дегенди билдирет. Андайда дароо ылдамдыкты азайтабыз. Алды жактагы семафор иштебей калса да кабинадагы ак жарык күйөт. Алдыбызда бараткан поездге жакын калсак, анда сары түсү күйөт.
– Тепловоздогу ар бир кыймылыңар көзөмөлдөнүп турабы?
– Кабинада тепловозду кантип башкарып бара жатканыбыз видеого тартылып турат жана сакталат. 1 мүнөт үргүлөп же ойлонуп кетүүгө жол берилбейт. Электропневматикалык клапан ар бир 40-60 секунд сайын чыйкылдап үн чыгарып турат. Ал чыйкылдаган сайын кол менен басып туруу зарыл, бул “пультта машинст бар” дегенди билдирет. Эгер аны баспай калсаң 1 мүнөт өтпөй тепловоз автоматтык түрдө токтойт. Бул коопсуздук үчүн жасалган нерсе да. Токтоп калса кайра айдап кетүүгө болот, бирок жетекчиликте катуу териштирүү болот. Ал эми “кара кутуда” кайсы жерде канча ылдамдык менен жүргөнүбүз, канча ирет сигнал бергенибиз жана токтогонубуз жаздырылып турат. Кырсык болсо ошол “кара куту” чечмеленет.
– Темир жолдо эң кооптуу аймактар кайсы жерлер деп эсептелет?
– Эң кооптуу аймак – Бишкектен Сокулукка чейинки аралык, анан Кара-Балтанын тегереги. Семафордун кызылы күйүп турганын көрбөй, көрсө да жетишип өтүп кетем деп унаасы менен чыга калгандар көп болот. Кээде темир жолго жылкылар чуркап чыга калат же мастар рельске жатып уктап калышат. Кулагына “наушник” тагып, телефон тиктеп бараткандар да поезддин жакындап калганын оңою менен байкашпайт. Алыстан сигнал басып, прожекторлорду жандырып-өчүрүп белги беребиз. Оор жүктү сүйрөп бараткан тепловоз тормоз бассаң да 250-300 метрге чейин сүрүлүп барып токтойт. Ошондуктан мал, адам сүзүп кеткен учурлар болгон. Биздин жүрөктү өйүгөн нерсе – темир жолго жакын жашагандардын балдарынын темир жолго чыгып ойношкону.
– Андай учурлар көп болобу?
– Мындан 3-4 жыл мурун жолдо баратсак 150 метрдей алды жактан бир нерсе көрүндү. Жакшылап карасам, бир киши башын рельске коюп жатып алыптыр. Сигнал басып, прожекторлор менен белги берип жатам, реакция нөл. Тормоз бассам деле аны тепсеп барып токтомокпуз. Ошондо жардамчыма “секирип түш дагы, чуркап барып тигини ары жакка алып ыргыт” дедим. Поездден мурун жетип барып жолдун эңкейиш жагына тоголотуп жиберүүгө жетишти. Мас киши экен, тоголонуп кеткенден кийин ыргып туруп, эси оогон бойдон тиктеп кала берди.
– Жумуш ордуңуз канчалык ыңгайлуу?
– Эски тепловоздордо кондиционер жок. Жайында темир абдан ысып, кабина үп болуп кетет. Ысып, тердеп жүдөйсүң. Айнектерди ачсаң “сквозняк” урат, ооруп калышың мүмкүн. Жаңыларында кондиционер, чай кайнатканга плита бар.
– Техника деген техника да, күтүүсүз, чукул кырдаалдар да болуп турабы?
– Машинисттин жардамчысы болуп иштеп жүргөн кезде жаңы тепловоздор жок эле. Бир жолу Кайыңды станциясынан Кара-Балтага чыкканбыз, жетейин деп калганда тепловоздун кыймылдаткычы турган бөлүктөн өрт чыга баштады. Токтосок, курам оор болгондуктан кайра жүрө албай калмакпыз. Машинистке “айдай бер, мен өчүрөм” дедим. Кудай жалгап, өрт күчөп кеткиче өчүрүп калууга жетиштим. Тепловоз эски болгондуктан кыймылдаткыч турган бөлүк майланышып турчу. Ысыкта темирлер ысып, өрт ошондон чыгыптыр.
– Узак жолдо тамактануу маселеси кандай болот?
– Жолдо жечү тамак-ашыбызды алдын ала даярдатып алабыз. Алдыбыздан мал, адам чыкпайт деген ээн жерде пультту башкарып бара жатып тамактанабыз.
– Канча жаштан пенсияга чыксаңар болот?
– Негизи, 55 жашыңда чыксаң болот. Иш тажрыйбаң 17 жылдан кем болбошу керек. Бирок 63 жашка чейин иштей берүүгө уруксат, 63 жашта эле чыгабыз.
– Локомотивдин кабинасында мыкты адис экениңизге ынандым. Жашоодо кандай адамсыз?
– Жөнөкөй эле адаммын. Бош убактымды үй-бүлөм менен чогуу өткөрүүгө аракет кылам. Анткени көбүнчө жумушта жүрүп, үйдөгүлөргө көп көңүл бура албай каласың. Жайында үй-бүлөм менен жаратылыштын коюнунда эс алганды жактырам.
Канымжан Усупбекова