Замандын агымына жараша эмгек рыногундагы талаптар да тез өзгөрүүдө. Мурункудай “мектеп, университет жана өз кесибиң менен өмүр бою иштөө” деген салттуу систем азыркы учурда актуалдуу эмес. Мындан 20 жыл мурун баары юрист, экономист, банкир болгусу келишчү. Азыр абал кандай? Кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болуп жатат? Макалада ушул жаатта сөз кылалы.
Эң көп айлык алгандар кимдер?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, учурда төмөнкү тизмедеги тармактарда иштегендер эң жогорку суммада айлык алышат.
• Тоо-кен жана маалымат-коммуникациялык тармактары, орточо айлык акы – 60 миң сомдон жогору.
• Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагы, орточо маяна – 58 500 сомдон өйдө.
• Өндүрүш тармагы, орточо айлык акы – 53 500 сом.
• Транспорт ишмердүүлүгү жана жүктөрдү сактоо тармагы, орточо айлык акы – 46 900 сомду түзөт.
Жогорудагы сандар мамлекеттик орган даярдаган расмий маалымат. Кыргызстанда кирешелүү кесип деп сатуу, бухгалтердик эсеп, маркетинг, жарнама, PR, транспорт, логистика, курулуш, кыймылсыз мүлк, өндүрүш, айыл чарба багытындагы адистиктер аталары айтылат.
Абитуриенттер кайсы кесиптерди тандап жатышат?
Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Азамат Айтимбетов бул жылы лингвистика, юриспруденция, эл аралык мамилелер жана IT-адистигине суроо-талап жогору болгонун айтат.
– Бизде абитуриенттерди кабыл алуунун 5 туру өтөт. Лингвистика (англис, корей тилдери), IT-адистиги, эл аралык мамилелер жана юридикалык факультеттерибиз экинчи тур менен эле толуп калды. Демек, булар суроо-талап жогору болгон факультеттер болуп эсептелет. Азыр Кыргызстан боюнча IT тармагы кесиптердин падышасы болуп турат. Мамлекет IT-адистиги боюнча университеттерге 5000 орун бөлгөн, бизде 400дөн ашык орун бар эле, бат эле толуп калды. Ал эми физика жана химия багытындагы кесиптерге суроо-талап аз болду, – дейт Айтимбетов.
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана мектептен тышкаркы иштер боюнча проректору Азамат Сатиев быйыл психология факультетинде “бум” болгонун айтат.
– Негизи абитуриенттер арасында медицина жана IT тармагы дайыма эле жогорку суроо-талапка ээ. Бирок бизде бул багыттар боюнча факультеттер жок. Акыркы жылдары мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлгөнгөбү, азыр педагог болобуз деп филология факультетине тапшыргандар көбөйдү, анан лингвистика, эл аралык мамилелер факультетине да тапшыргандар көп. Психология факультетинде “бум” болду десем болот. Бир эле орунга 4-5тен абитуриент ат салышып жатышты. Мисалы, бизде психология факультетинде 30 орун болсо, ошого 120-150 абитуриент ат салышып жатты. Ошондой эле экономикага, экологияга кызыккан улан-кыздар көбөйүптүр.
Динара Руслан: «30-40 жаштан кийин кесип алмаштыргандан коркушат»
“Codify” IT компаниясын негиздеген Динара Руслан IT-адистиги эмне үчүн жаштар арасында популярдуу болуп жатканына токтолду.
– IT кесиби жөн гана жаңы жумуш эмес, бул адамдардын ой жүгүртүүсүн, чөйрөсүн жана жашоосун өзгөртүү мүмкүнчүлүгү. Бул тармакта мүмкүнчүлүк көп, аралыктан иштеп эле көп акча тапсаң болот. Жаштар менен катар ITни улуу курактагы адамдар да үйрөнүүнү каалашат. Көптөр 30-40 жаштан кийин кесип алмаштыруудан коркушат. Бирок биз 60 жашында IT кесибин өздөштүрүп, аралыктан билим алып жүрүп жумушка орношкон адамдарга күбөбүз. Азыр алар үйдө отуруп иштеп, акча таап жатышат. Көп баласы бар, декреттик өргүүдө отурган айымдар да билим алып жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Андыктан заман талабы менен кошо өсүп-өнүгүү зарыл. Мен төмөндө 2024-жылы актуалдуу болчу 5 IT-кесипти белгилеп кетет элем.
Адистер белгилеген келечектүү 5 IT-кесип
1. Программист. Милдети – программалык кодду иштеп чыгуу, оңдоо жана оптималдаштыруу. Java Script, iOS, Android, Python тиркемелерин өздөштүрүү;
2. Долбоор менеджери. Милдети – IT долбоорун пландаштыруу, көзөмөлдөө жана ишке ашыруу;
3. Дизайнер. Милдети – IT продуктусу үчүн колдонулуучу интерфейсти түзүү, прототиптер, түстөр, шрифттер, элементтердин макети менен иштөө;
4. Сыноодон өткөрүүчү инженер (инженер по тестированию). Милдети – каталарды аныктоо жана анын сапатын камсыз кылуу үчүн программалык продуктуну тестирлөө, тестти иштеп чыгуу, тесттерди автоматташтыруу, натыйжаларды талдоо;
5. Бизнес аналитик. Милдети – бизнес талаптарын изилдөө жана талдоо, кардарлар менен иштөө, алардын керектөөлөрүн аныктоо, техникалык шарттарды түзүү, документтерди даярдоо.
Хадича Шамбеталиева: «Билим берүү адистигин тандагандар көбөйдү»
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалагынын башкы адиси Хадича Шамбеталиева да мугалимдикке кызыккандар арбыды дейт.
– Жалпыга маалым болгондой, быйыл абитуриенттерди кабыл алуу өзгөчө таризде өттү. Министрлик онлайн кабыл алуу системин жүргүздү. Тагыраак сандарга токтолсом, өлкө боюнча быйыл 26 535 абитуриент жогорку окуу жайларга кабыл алынды. Билим берүү адистигине 5279, маалымат технологиялар адистигине 3925, гуманитардык багыт боюнча 3318, экономика жана финансы багытында 2892, медицина тармагына 2575, юриспруденция багытына 2115 абитуриент кабыл алынды. Мына ушул багыттагы кесиптерге абитуриенттер арасында суроо-талап жогору болду деп айтсак болот. Биз үчүн күтүлбөгөн ачылыш – бул педагогикага кызыккандардын санынын өскөндүгү. Өзүңүздөр билгендей, мурда билим берүү тармагындагы адистикке мынчалык кызыгуу болгон эмес. Бул атайын талдоо жүргүзүп, натыйжа чыгарчу көрүнүш. Балким, өлкөдө мугалимдердин маянасынын көтөрүлгөнү таасирин тийгизгендир.
Лунара Бекиева