Жеңиши жок жеңүүчү: «Артур, сен падышасың!»

Үй-бүлө менен чогуу отуруп көрө турган, эске сала жүрчү тарбиялык мааниси бар, кызыктуу сюжети менен көрөрманды арбай алган тасма – “Артур, сен падышасың!”. 2024-жылдагы рейтинги жогору долбоорлордун катарында да турат. Макалабызга кино тартуудагы кызыктуу фактылар, көрөрман байкаган “ляптар” жана башка маалыматтарды топтодук.

Тарткан өлкө: АКШ, Канада

Чыккан жылы: 2024-жыл, 22-март

Жанры: драма

Режиссёру: Саймон Селлан Жонс

Сценаристтери: Майкл Брандт

Бюджети: 19 миллион доллар

Топтогон каражаты: 35 миллион доллар

Башкы ролдордо: Марк Уолберг, Симу Лю, Али Сулиман, Натали Эммануэль

Майкл менен Артур

Майкл (Марк Уолберг) өзүнүн командасы менен экстремалдуу жарышта Олимпиаданын алтын медалын куугандай эле биринчиликти самап келет. Мына-мына жеңиш колго тиет деп турганда туура эмес түзгөн маршруттан улам баткакка тыгылган боюнча алдыга жыла албай калышат. Анын баткакта калган сүрөтү интернет желесине тарап, көргөн адамдын баары ага “жолу жок” деген билдирүүлөрдү калтыра башташат. Арадан 3 жыл өтөт. Майклдан дагы деле ийгилик алыс айланып өткөндөй. Ылайыктуу жумуш таппай, тапса иштегиси келбей, үй-бүлөсүн да кыжалат кылат. Аялы бул абалдан жолдошун алып чыкпаса болбосун түшүнүп, алдыда Доминикандын жунглилеринде өтө турган экстремалдуу жарыштарга акыркы жолу катышууну сунуштайт. Жаңы команда мүчөлөрүн чогултуу, спонсор табуу сыяктуу кыйынчылыктардан өткөндөн кийин жарышка кошулушат. Командага чакырылбаган дагы бир мүчө кошулуп алат. Ал мүчө – ит болчу. Майкл жаңы досуна Артур деген ысым коёт. Артур үй-жайсыз, кожоюнсуз, көчө ити болчу. Күнүгө аман калуу үчүн күрөш, башка иттер менен кармашта жүргөн эле. Акылдуу ит Майклдын командасын кооптуу жагдайдан сактап калганга да жетишет. Артур Майклды жеңиши жок жеңүүчүгө айлантат. Бирок алардын жолу айрылыш керек, анткени ветеринарлар Артурдун коркунучтуу дартка чалдыкканын, Доминиканда ал дартка операция жасалбай турганын айтышат. Итти АКШга алып кетели десе документ иштеринде маселелер жаралат. Эми эмне болот? Жарышта күткөн жеңиш келеби? Майкл жаңы досун үйүнө алып кете алабы? Артур айыгабы же?.. Тасманы толук көрүңүз, окурман.

Жарыштын шарттары

Команда 4 адамдан турат. Доминикан жунглисин 7 күндө айланып, финишке жетиши керек. Заманбап техника: Телефон, GPS-каражаттарын колдонгонго болбойт. Компас жана кагаз карта менен маршруттан чыгып кетпей жетүү кажет. Жөө чуркаган, велосипед менен жүргөн, аскага чыккан, сууда каяк (кайыктын түрү) менен сүзгөн учурлар да бар. Финишке жетүү үчүн канча убакытты уйкуга, канчасын эс алууга жумшоону команда өзү чечет. Бир нерсени эске алуу керек, команда жалгыз эмес. Өзүлөрүнөн сырткары ондогон башка командалар финишке биз биринчи жетебиз деп ашыгып турушат.

Эреже аны бузуш үчүн жаралган деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени Майклдын командасы телефон колдонуп видео тартып жүрөт, белгиленген маршруттан чыкпаш керек деген эрежени да ары жылдырып, жолду кыскартып зиплайн менен өтүшөт, моторлуу кайык болбойт деген эрежени да бузушат. Негизгиси, бузуп жатканын билишет. Жашоодо бул команданы биринчи эреже бузуу катталганда эле дисквалификация кылышмак. Тасмада эреже бузбаган бир эле каарман бар, ал – Артур.

Жашоодо болгон окуя

Тасманын өзөгүндө чыныгы жашоодо болгон окуя чагылдырылат. Швед жарышчысы Микаэль Линднорд экстремалдуу жарыштардын биринде кароосуз итке жолугуп, ал команда менен чогуу сынактын бардык тепкичтеринен өтөт. Микаэль итти үйүнө алып кетип, кийинчерээк “Артур – үй табуу үчүн жунглилерди кесип өткөн ит” деген китеп жазган. Кийин иттин кожоюну табылып, аты Барбунчо экенин айткан, бирок ал убакта китепти киного айлантуу укугун Голливуд продюсерлери сатып алып койгон эле. Микаэль Барбунчонун ээсин жаныбарга катаал мамиле кылган деп күнөөлөп чыккан. Талашта Микаэль жеңип, Артур анын үйүндө калып, 6 жыл чогуу жашаган. Тасма тартуу иштери башталарына бир нече апта калганда, тагыраагы, 2020-жылдын декабрь айында өлүп калган.  Көпчүлүккө жаккан тасма мына ушундай кызыктуу окуянын негизинде тартылган.

Кызыктуу фактылар

- Прототип окуяда жарыш Эквадордо болгон, ал эми кинодо болсо Доминикан Республикасына көчтү. Анан да жашоодо Микаэль швед болсо, тасмада ал Майклга айланып, АКШлык болуп калган.

 - Тасма тартуу идеясы, даярдык, тартуу, таратуу иштерине баш-аягы 4 жыл кеткен.

 - Чыныгы окуя Эквадордо болгондуктан, тасма жарыкка чыкканда эквадорлуктарда нааразычылык жаралган. "Эмнеге бизде болгон окуя Доминиканга көчүп кетти, каармандардын да жердиги өзгөрдү?" дешкен.

- Тасмада Артурдун ролун аткарган иттин аты – Укай. Породасы – метис. Тагыраагы, анда австралия овчаркасынын, бордер-колли, фландр бувье породасындагы иттердин гени бар.

 - Алгачкы тартуу күнүндө актёр Марк Уолберг тизесинен катуу жаракат алган. “Биринчи күнү эле тизе булчуңум үзүлүп, бутум такыр бүгүлбөй калды. Оорутуудан өзүмдү тозокко түшүп калгандай сездим. Анан өзүмө мен тартылып жаткан тасма ушундай жаракаттар, ооруга карабай адреналин үчүн баарына даяр экстремал адамдар жөнүндө да дедим. Моралдык, физикалык жактан чыдаганга туура келди”, – деп эскерет тартуу иштерин актёр.

Тасмадагы “ляптар”

• Майклдын командасынын аты – “Broadrail”, бирок жарышта каршылаш “Arc'Teryx” командасынын аты жазылган футболкаларын кийип жүрүшөт. Эмнеге? Жооп жок, балким, тасманын бир жеринде түшүндүрмө беребиз деп унутуп калышкандыр.

• Команда велосипеддери менен кошо өткөн трос (зиплайн) бар. Баштаганда эки трос, жетчү жерине келгенде үч катар троско айланган. Анан да бир кадрда тростор бир топ градуска ийилип, кийинки кадрда түптүз болуп калганы байкалат.

• Кайрадан футболкадагы “ляптар”. Окуя 2018-жылы болуп жатат. Бирок каармандар кийип турган формаларда “Ниссан” компаниясынын 2020-жылы жаңыланган логотиби түшүрүлгөн. Баарын байкаган көрөрмандар бар :)

• Жыл аралыгындагы дагы бир катачылык... Майкл менен Артуртун сүрөтү интернет желесине тараган учур. Майклдын жубайы ноутбуктан Твиттер баракчасындагы сүрөттү караган көз ирмемде Твиттердин жаңыланган дизайны турат. 2018-жылы бул социалдык тармактагы иконкалар көпкөк түстө болчу дешет “баамчылдар”. Сиз бул “ляптарды” байкадыңыз беле? Же башкасы да барбы, бар болсо гезитибиздин super_info_official Инстаграм баракчасына билдирүү калтырып бөлүшсөңүз болот.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1133, 22-28-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан