Кой
(21.03–20.04)
Каржы маселесинде кесиптештерден жана достордон жардам күтсөңүз болот. Бул мезгил убактыңызды үй-бүлөгө арноого, спорт менен машыгууга жана дарыланууга ылайыктуу. Өнөктөшүңүз менен макулдашууга жетишип, жан дүйнөңүздө гармония табасыз. Карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өзүн-өзү коргоо тажрыйбасын өздөштүрүүгө убакыт келди. Бул нерсе сизге ички тынчтыкты табууга жана ден соолугуңузду жакшыртууга жардам берет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Энергиянын толкунун сезип, татаал иштерди жасоо кыйла жеңил болуп калат. Дайыма эле тагдырга, буйрукка ишене бербеңиз, кээде өз бактыңыз үчүн күрөшкөнгө туура келет. Жашооңузга бирөө-жарымдын кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Узак убакыттан бери чатакташып жүргөн адам менен мамилеңизди жакшыртасыз. Жеке жашооңузда сизди жагымдуу өзгөрүүлөр күтүп турат. Учурдагы кырдаалга туура эмес баа берүү каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жашоодо потенциалыңыз байкаларлык жогорулайт, бул адамдар менен тил табышууда жакшы таасирин тийгизет. Сизге жакындагысы келген адамдарды чыпкадан өткөрүп анан мамиле куруш керек, болбосо ал адам менен мамиле курганыңыз үчүн кийин өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Жеке көйгөйлөрүңүз жумушуңузга таасирин тийбегидей кылыңыз. Жумушта жаңы атаандаш пайда болот. Ал кесиптешиңиз баарын өзүнө көңүл бурдуртуп сиздин кыжырыңызга тийиши ыктымал.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Келечегиңизди аныктай турган жолугушуу күтүп турат. Каржы тармагында бир топ көйгөйлөр жаралат, бирок такыр чечүүгө мүмкүнчүлүк жоктой сезилип жатса да багынбаңыз. Жан дүйнөңүздүн баш аламан болушуна жол бербеңиз. Тагдырдын күтүүсүз бурулуштарынан коркпоңуз, тескерисинче, аны көздөй басыңыз. Бейтааныш адамдар менен баарлашуу эски жараларды айыктырууга жардам берет. Жөн гана жалгыздыкты каалап жатсаңыз, өзүңүз менен калып сүйлөшүүгө убакыт табыңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Көптөн бери пландалган долбоорлорду ишке ашырууга эң жакшы убакыт. Сүйүү мамилеси азыр ийгиликтүү өнүгүп, эки тарапка тең канааттануу алып келет. Мырзалар убактылуу кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңбесе, жеңил азгырыктарга бат берилип кетиши мүмкүн. Жашооңузга ыраазы болууга көп себептер бар, жөн гана ыраазы болуп, бүгүнкү тирүүлүккө рахмат айтыңыз. Жумуштагы көйгөйлөрдү үйгө ээрчитип барбаганыңыз жакшы.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жөнөкөй нерселерден да гармонияны, бакытты сезесиз. Оптимисттик маанай менен гана өзүңүз каалаган жыйынтыкка жетесиз. Кандайдыр бир шашылыш аракеттерди жасабаңыз. Түгөйлөр ортосундагы тез-тез урушуу, түшүнбөстүктөр өнөктөштөрдүн мамилесин муздатып, ажырашууга алып келиши мүмкүн. Андыктан берилген сыноолордон татыктуу өтүп, кыйынчылыктардан кутулсаңыз гана үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүү жана сүйүү атмосферасы өкүм сүрөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Жакын адамдарыңыздын бирине алданып калуу коркунучу бар, андыктан чөйрөңүздөгү адамдардын аракетине көңүл бөлүңүз. Түшүнүксүз себептерден улам кирешелүү буюртманы колдон чыгарып жибересиз. Сизге материалдык жыргалчылык алып келе турган ишкердикти баштайсыз. Соода менен алектенгендер акчаны чогултуунун эмес, аны көбөйтүүнүн жолун изилдеши керек. Кээ бир адамдардын сөздөрү сизге катуу тийип, психикалык тең салмактан чыгарышы мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Сүйүктүүңүзгө жакынкы күндөрдө жолугасыз. Бакыт тынчтыкты сүйөт дейт, жеке жашооңуздагы окуяларды чөйрөңүздөгүлөргө айтпаганга аракет кылыңыз. Жоопкерчиликтүү жана жакшы жыйынтык көрсөткөн кызматкер катары белгилүү бир кадыр-баркка ээ болосуз. Жакынкы аралыкта кызматтык өсүү күтөт же баш тарта алгыс пайдалуу сунуштар түшүшү мүмкүн. Азырынча эч кимге убада бербей туруңуз, ал берген убадаңызды убагында аткара албай калышыңыз мүмкүн.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Абдан ишенимдүү жана кең пейил болгонуңуз кээде башкалар менен мамиле түзүүдө тоскоол болот. Кесиптештер жана жетекчилик менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, бирок бул пландарыңызды буза албайт. Талантыңызды жана лидерлик сапаттарыңызды көрсөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк бар. Эски достор менен жолугушууну күтүңүз. Алар менен баарлашууда мурунку уруштарды жана нааразычылыктарды эстебегенге аракет кылыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Сиз буга чейин жеке сезимдериңизди экинчи планга калтырып келгенсиз. Түгөйүңүз менен таарынышып жүрсөңүз жарашыңыз, ал эми бойдок болсоңуз жалгыздык адамга жарашпай турганын билиңиз. Мүмкүнчүлүк болсо, кайрымдуулук иштерин жасаңыз, сооп иш жасоо сиздеги ыраазы болуу сезимин ойготот. Жаңы романтикалык таанышуулардан коркпоңуз. Студенттер берилген тапшырмаларды учурунда аткаруу менен келечекте боло турган кыйынчылыктардын алдын алышса болот.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Пландарды ишке ашырууга кесиптештериңиз жардам берет. Сиз да жакшылыкка жооп кайтарууга аракет кыласыз. Сүйүүдө да эч кандай көңүл калуулар күтүлбөйт, тескерисинче, жагымдуу жаңылыктар жана сюрприздер болушу мүмкүн. Спирт ичимдиктеринен этият болуңуз, ал жаман кесепеттерге алып келет. Акыркы учурларда дээрлик көрүшпөй калган үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугуп, чын жүрөктөн баарлашыңыз, бул мезгил өткөн күндөрдү эстеп ностальгия болууга жардам берет.
Балык
(20.02–20.03)
Жан дүйнөңүз тынымсыз өзгөрүүлөрдү талап кылат. Милдет жана ырахаттын ортосунда маанилүү тандоо жасоо алдында турасыз. Жүрөгүңүз эмнени каалап жатса, ошону кылыңыз. Чыныгы каалоолоруңузга каршы турбаңыз. Үйдөгү керексиз буюмдарды ыргытып, текчеңизден жаңы буюм коюуга орун бошотконуңуз жакшы. Үйдүн иретке келиши жан дүйнөңүздүн иретке келгенине барабар. Укуктарыңызды гана эмес, милдеттериңизди да унутпаганыңыз жакшы.