Ырыскелди Осмонкулов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Катуу адам деле музыка укса жумшара түшөт»

Адаттагыдай, өлкөбүздүн эгемендик майрамын утурлай бир катар өнөр адамдарына наам, сыйлыктар ыйгарылды. Алардын бири – биздин бул жолку каарман, белгилүү ырчы Ырыскелди Осмонкулов. Ырыскелди ага менен ушул окуя, чыгармачылыктагы жаңылыктары тууралуу пикир алыштык. 

– Саламатсызбы, Ырыскелди ага? Кыргыз Эл артисти наамыңыз кут болсун! Бул сыйлыкты алгандагы сезимдер кандай болот экен?

– Саламатчылык, чоң рахмат. Сыйлык алып кубанып турган кезибиз. Сезимдер сонун болот экен, менден өтүп үй-бүлөм кубанды. Эстрада жаатында жүргөнүмө быйыл 35 жыл болуптур. Бүтүндөй бир өмүр өттү. Ысыгы, суугу аралаш чыгармачылыкта ушунча жол басып коюптурбуз. Мамлекет эмгегибизди баалап наам берип отурат. Элиме, мамлекетке ыраазычылык.

– Сизде деле ырчылыкка жаңыдан киришкен кезде “Эл артисти болсом” деген кыял болду беле?

– Жок, андай кыял болгон эмес. Ал кездеги кыялым – жакшы музыка жаратуу гана болчу. Андан башка нерсени ойлогон жокмун. Балким, жаш элем, же барына шүгүр кылуу – бул биздин муунга тиешелүү сапаттыр. Музыкант музыканы гана сүйөт, аны менен жашайт, жатса да, турса да жакшы бир чыгарма жаратсам деп ак эткенден так этет. Наамды деле көп ойлобойт, менимче. Чет өлкөгө чыгып кыргыз музыкасын таанытып, өлкөбүздүн желегин желбиреткен учурларым болду. Көзгө илинип, наамдарды ала баштадым. Ошондо наам – бул чоң жоопкерчилик экенин түшүндүм. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти элем, минтип Эл артисти аталып отурам. Чыгармачылыкка мурдагыдан да жоопкерчилик менен карап, бийик наамга татыктуу жашайын деп калат экенсиң. Жакшы максаттарды коюп жатам. Оркестр менен да, эстрада менен да концерт бергем, эми экөөнү бириктирип концерт берейин деген пландарым бар, буюрса.

– Чыгармачылыкта ысык-суук, узак жол бастым дедиңиз. Артка бир кылчайсак...

– Ооба, мендеги чыгармачылык шыкты байкаган Анара эжем мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга алып барган. Ошол учурда “Ак кеме” тасмасына тартылган Нургазы Сыдыгалиев “бизде балдар ансамбли бар, ошого кошулбайсыңбы?” деп чакырып калды. Ал ансамблди уюштуруп, жетектеген киши Рафаэль Сарлыков экен. Ал киши биздин пайдубалыбызды курган мыкты устат деп сыймыктанам. Мен ырдап, Нургазы Сыдыгалиев урма аспапта ойноп, Медер Токтогулов (ред.: акын Токтогул Сатылгановдун небереси) комуз чертип, Аслан Исабаев (ред.: комузчу Самара Токтакунованын уулу) скрипкада ойноп, айтор, жакшы топ түздүк. Менин музыкага ышкым ошондо катуу күч алды. Биздин жолубуз ошентип бала кезден жакшы түптөлдү, агайыбыздын эмгеги өтө зор. Эмнеге шыктуу экенибизди көзүбүздөн эле байкап турчу. Азыр ойлосом, устатым джаз, классика, эстрада, бардык жанрды бирдей алып кетишибизге өбөлгө түзүптүр. Профессионал мызыкант болуш оңой эмес. Булактын көзүн тазалагандай эле, биздин келечегибизге жол салып бериптир.

– Бир кезде хордо да ырдагам деп айтканыңыз бар эле...

– Ооба, хордо ырдагам. Хордо ырдоо үндүн ачылышына абдан чоң таасир берет. Чет өлкөлүк көп ырчылардын өмүр баянын окусак, алар да бала кезинде хорго катышканын айтышат. Хордо ырдаткан агайымдын аты-жөнү – Алим Курчинов. Абдан таланттуу адам эле, анын да салымы зор. Дегеле мени окуткан агай-эжейлеримдин баары жөнөкөй кишилер болгон жок. Аларга ыраазымын. 

– Музыка сиз үчүн?

– Музыкант болуу – менин миссиям деп ойлойм. Жараткан ар бирибизге бир миссия жүктөйт эмеспи. Менин Кудай берген талантым, жолум музыканын жолу болду. Миссиямды колумдан келишинче аткарып келе жатам, өмүрүмдүн акырына чейин аткарам, буюрса.

– Президенттин колунан наам алып жатканыңызды карап, тээ 90-жылдардагы Ырыскелди мырза эле сахнага чыга калгандай сезилди. Жаштыгыңыздын сыры эмне?

– Ошондой болдубу, ээ (күлүп)? Жаш көрүнгөнүмдүн сыры деле музыка. Кесибимди жан дилим, жүрөгүм менен сүйөм. Негизи эле музыканы көп нерсе менен байланыштырам. Ар бир жаңы чыгармам мени алдыга сүрөйт, оорусам дарылайт, ар бир жаңы ырым бала төрөлгөн сыяктуу сезим тартуулайт. Бактылуу болосуң, чыгармачылыкта балкыйсың. Байкасаңыз, жакшы, терең ыр адамды дарылайт. Адамдар маанайы чөккөндө жалгыздап, музыка угуп калган учурлар болот го. Ошондо музыка дарылап жаткан болот аларды. Музыка адамды жумшарта турган да касиетке ээ. Биз наристе кезибизде эне сүтү менен чоңойгонбуз, эч ким тубаса залим, таш боор болуп төрөлгөн эмес. Кийин эле турмуштун соккусунан улам катуу адамдар пайда болуп калышат. Ошондой катуу адамдар деле музыка укса кадимкидей жумшара түшүшөт. Ал эми мен дайым ошол толкунда жашайм, анан кантип карылык келмек эле?

– Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

– Албетте, бактылуумун. 5 балам, 9 неберем бар. Улуу кызым Айсана учурда Испанияда жашайт, эки уулдуу болду. Диего, Матео деген неберелерим бар. Улуу балам Адиль төрт балалуу болгон, эң улуу неберем Атай 17ге чыкты. Кийинки кызым Айсулуу үч балалуу. Айбар уулум да чоңоюп калды, комуз чертет, Мыскал кызым ырдайт, бийлейт. Каракол шаарында өткөн концертимде уулум менен кызым биринчи жолу чоң сахнага чыгып, тушоолору кесилди. Буюрса, балдарымдын жолдору ачык, баары бактылуу жашап жатышат. Балдарынан көңүлү ток, жакындары аман болсо эле ата-эне бактылуу болот турбайбы. Жубайым Гүлсана Мамлекеттик куурчак театрында актриса катары эмгектенип келет, ар дайым мени колдоп-коштоп, жакшымды ашырып, жаманымды жашырып келе жатат. Мен ага да абдан ыраазымын. Андан тышкары кан досторум, күйөрмандарым, элим бар. Мындан башка адамга эмне керек? Чынында, абдан бактылуу адаммын.

– Кан досторум деп калдыңыз, достун баркы жаш өткөн сайын абдан билинсе керек, ээ? Убакыттын өтүшү менен иргелип отуруп жаныңда чыныгы достор гана калышат дешет го.

– Ооба, биздики убакыттын таразасынан өткөн достук, 30 жылдан ашык таржымалы бар. Кан дос – сага бир туугандай күйгөн адамдар. Акыбалыңды билип, сени кээде сенден да жакшы билип, ар дайым жардамга колун сунуп тургандар. Аларга эч нерсени айтыштын кереги жок, маселеңди көзүңдөн эле билип коюшат. 90-жылдарда жалпы элдин башына түшкөн кыйынчылык менин да башымдан өткөн. Эрте, 19 жашымда үйлөнгөм, үй-бүлө багуу үчүн ресторандарда иштечү элем. Ошол кезден берки досторум бар, дайыма чогуубуз,  аттарын айтпай эле коёюн. Бирин айтсам, экинчиси таарынып калбасын (күлүп). Досторум ылайым бар болсун, бай болсун!

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат, бар болуңуз!

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан