Гепатиттин A, B, C, D, E, F, G деген түрлөрү бар экенин билсеңиз керек. Статистикага таянсак, Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында аталган илдет менен 12 300 адам катталган. Макалада гепатиттин кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу B, D жана C түрү тууралуу сөз кылабыз.
B ТҮРҮ
Гепатит – боордун вирустун айынан сезгенип, клеткалары талкаланып иштөөсүнүн бузулушу. Ооруну жугузуучу башкы булак – ооруган адам эсептелет. Гепатиттин B түрү биологиялык суюктуктар (кан, эркектин уруктугу, аялдын жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктук, шилекей) аркылуу жугат. Дарттын вирусу сырткы чөйрөдө 7 күнгө чейин активдүүлүгүн сактайт. Вакцина албаган адамдын организмине кирген соң дартты козгойт. Организмде жашыруун көбөйүү мезгили 30-180 күнгө чейин. Оору жуккандан 30-60 күндөн кийин кандын анализинен билинет.
ЖУГУУ ЖОЛДОРУ
• Медициналык процедураларда стерилизациядан жакшы өтпөгөн аспаптарда калган кан аркылуу. Мисалы, операция учурунда, ошондой эле тиш тазалатуу, жулдуруу, тиш салдырууда;
• Кан куюуда. Гепатит менен ооруган адамдын каны жакшы текшерилбей алынып, башка адамга куюлса;
• Аспаптарды стерилизациялоо нормалары сакталбаган сулуулук, косметология салондорунан. Мисалы, пирсинг, татуировка, маникюр, педикюр жасатууда, кулак тештиргенде;
• Баңгилердин арасында, кан болгон шприцтен;
• Ооруган адамдын каны менен байланышта болгондо (вирус кесилген, тытылган жер аркылуу кирет);
• Шилекей аркылуу. Ооруган баланын оозундагы чупа-чупс, момпосуй сыяктууларды дени сак бала соргондо, жегенде. Гепатит менен ооруган аял баласына тамак чайнап бергенде. Чоңдор арасында болсо, узакка өбүшүүдө;
• Кош бойлуу аялдан ичтеги түйүлдүккө же төрөт учурунда энеден балага;
• Жыныстык катнашта эркектин уруктугу, аялдын жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктук, этек кир аркылуу.
ДАРТТЫН БАШКЫ БЕЛГИСИ – ОҢ КАБЫРГАНЫН АСТЫНЫН ООРУШУ
Оорунун курч жана өнөкөт түрү бар. Оорунун курч кармаган түрүнүн алгачкы белгилери 6 аптадан 6 айга чейинки убакытта билине баштайт. Белгилери:
• Шалдыроо, тамакка табиттин начарлашы, көңүл айлануу
• Оң кабырганын асты жагынын оорушу
• Дене табынын бир нече күндөп же апталап көтөрүлүп, 37-38 градустан түшпөй турушу
• Булчуңдардагы, муундардагы оорутуу
Оору 7-8 күндөн кийин денени саргайтуу этабына өтөт. Тери кычышып, көздүн агы саргаят, заара сыранын өңүндөй болуп кочкул тартат, заңдын өңү агарат. Айрымдарда оору дененин саргаюусу жок өтөт, белгилери да анча билине бербейт. Бул этап адатта 4-10 күнгө, айрымдарда 3-4 аптага чейин созулат. Дененин саргаюу этабы өткөндөн кийин боор, көк боор чоңоёт. Ооругандардын 10 пайызынын денесине кызарган бүдүрлөр чыгат. Дене толук саргаят. Организмге кирген вирустар көбөйүп, аны ууландыра баштайт. Ошого шалдыроо, болор-болбоско кыжырдануу, жинденүү, баштын оорушу, уйкунун бузулушу, көңүл айлануу, кусуу күтүлөт. Булардан тышкары кан басым түшөт, тилди ак кебер басат, жүрөктүн кагуусу бузулуп, жайдан сого баштайт. Оң кабырганын асты тарабы ооруйт, дене оорлошот, өзгөчө тамак ичкенден кийин.
Дененин саргаюу этабы толук бүткөндөн кийин оорутуу азайып, адам өзүн жеңил сезип, оорунун белгилери билинбей калат. Бул өзүнө 2-12 ай убакытты камтыйт. Бирок көпчүлүк адамдарда оору билинбей курчуп баштайт.
ДАРЫЛОО 2 ЖЫЛГА ЧЕЙИН СОЗУЛАТ
Диагноз коюуда вирустун антигенин аныктоо үчүн кандын анализи тапшырылат. Боордун кандай иштеп жатканын билүү үчүн кандын биохимиялык анализи, боордун УЗИси, айрым учурда боордун биопсиясы (клеткасынан үзүп алып текшерүү) да керектелет. Анализ тапшыруу өзгөчө кош бойлуу аялдарга, баш аламан жыныстык катнашка баргандарга керектелет.
Дарылоо өз ичине вируска каршы дары-дармектерди, диетаны камтыйт жана 1,5-2 жылга чейин созулат. Ооругандар каттоого алынат, убак-убагы менен текшерилип турушат. Дарылоо аркылуу дартты циррозго өткөрбөй коюуга болот. Толук жана туура дарыланса, диетаны жакшы кармаса адам таза айыгып кетет. Бирок вирус кандан кеткенден кийин деле вирустун бир бөлүкчөсү организмде бир нече жылга чейин кала берет. Адам өзүн дени сак сезет, бирок анын канын башкага куюуга болбойт. Ооруну үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузат (жубайлар ортосунда жыныстык жол менен, үй-бүлө мүчөлөрү анын жакшы жуулбаган тиш щёткасы, сакал алгычын колдонсо жугат). Гепатиттин B түрүнө каршы вакцина бар, ал D гепатитинен да сактайт. Вакцина 3 этап менен сайылат, алгачкы сайылгандан 1 айдан, анан 6 айдан кийин. Андыктан ооруп калбоо үчүн чоң адамдар 3 ирет вакцина алышы зарыл, өзгөчө үйүндө аталган дарт менен ооруган адам болсо. Өнөкөткө өткөн түрүндө оору билинбей 10-15 жылда циррозго, боордун рак дартына өтүп кетет. Мындайда боорду алмаштыруу талап кылынат, ал үчүн бейтапка миллиондогон суммада акча керек болорун турмуш көрсөтүүдө.
D ТҮРҮ
Бул өз алдынча оору катары кездешпейт. D гепатити B гепатити барларга гана жугат, аны коштоп жүрөт. Вирустун жугуу жолдору жана белгилери B гепатитине окшош эле. Айырмасы - саргаюунун белгилери кетти дегенде эле кайрадан саргаюу башталат. Башкача айтканда, адам айыгып баратканда оору кайрадан курчуп, кармайт. Андыктан адамдын абалы өтө начарлайт. Оорунун айынан адам эс-учун жоготушу мүмкүн. Дарылоодо дары-дармектер, диета сунушталат. Дарыланбаса дарт 5-7 жылда циррозго өтөт.
C ТҮРҮ
Гепатиттин бул түрүнүн белгилери да B гепатитинин белгилерине окшош. Ооруну жуктургандардын 70-80 пайызында оору өнөкөткө тез арада айланып, андан ары 20-25 жылда циррозго, боордун рагына өтүп кетет. С гепатити үчүн вакцина чыгарыла элек. Көбүнчө баңгилер, гомосексуалдар арасында кездешет. Медицинада “ласковый убийца” деп аталат. Энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн. Бул түрүнүн дарылары кымбат, бирок адам толук 3 ай дарыланса айыгып кетет.
ГЕПАТИТТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ
• Жогоруда айткандай, B түрүнө каршы вакцина бар. Аны бала төрөлгөндө жана бир топ убактан кийин кайрадан сайышат. Чоңдор өз алдынча алышса болот.
• Үйдө гепатит менен ооруган адам бар болсо, агө өзүнчө бөлмө даярдап, идиш-аягын, төшөгүн бөлүп берүү керек. Анын жеке буюмдарын, өзгөчө сакал алгыч, тиш щёткасын, идиштерин колдонбоо зарыл.
• Бир жылда 2 ирет кан анализин тапшырып, гепатит жуккан же жукпаганын билип туруу оң.
• Баш аламан жыныстык катнашка барбоо зарыл.
• Сулуулук, косметикалык салондорго барганда адистерден таза, ишеничтүү аспаптарды гана колдонууну талап кылыңыз.
Канымжан Усупбекова