Кландардын кармашы, бири-бирине кас үй-бүлөлөрдүн уул-кызынын ортосундагы сүйүү, өч алуу темалары түрк тасмаларында байма-бай чагылдырылат эмеспи. Бирок бул жолу башка нуктагы сериал жөнүндө сөз кылабыз. “Бахар. Ысымы Жаз” сериалынын баш каарманы Бахардын образынан көпчүлүк аялзаты өзүн көрө алат. Түрктөрдүн бул жылдагы мыкты долбоорлорунун катарынан орун алган тасма жөнүндө макалабызда учкай кеп кылдык.
Тарткан өлкө: Түркия
Чыккан жылы: 2024-жыл
Жанры: мелодрама, драма
Канча серия: 16
Режиссёру: Неслихан Ешилүрт
Сценаристи: Айче Үзүм
Башкы ролдордо: Демет Эвгар, Мехмет Йылмаз Ак, Хатиже Аслан, Бугра Гүлсой, Эджем Өзкая жана башка
«Мен киммин?»
Ар дайым шайыр-шат, позитивдүү мүнөзгө ээ Бахар врач болуу кыялын артка жылдырып, жогорку окуу жайдагы окуусун аяктагандан кийин өзүн үй-бүлөсүнө арнады. Күйөөсү Тимурду колдоп, жеңилин жерден, оорун колдон алып жүрүп, ал учурда ооруканада мыкты хирургдардын бири. Уулу чоңоюп, ата жолун жолдоп врач болом деп турган чагы. Кызы болсо сүрөт тартууга кызыгат. Бахар убактысын жолдошуна, кайненесине, балдарына арнайт. Анын күн тартиби: эртең менен турмай, тамак жасамай, үй жыйноо, кир жуу, кийим үтүктөө, кайра тамак жасоо, идиш жуу жана башка. Күн артынан окшош күн айланып отуруп арадан 20 жыл өтүп кетет. Бахардын бүт үй жумуштарын кылып жатканына эч ким деле көңүл бөлбөйт, маани бербейт, баалабайт. Бир гана Бахардын курбусу өзүн таштап салганын, керекпи, унутканын, жакындары аны баалабай, жөн гана колдонуп жатканын айтып саймедирейт. Анын сөзүнө маани бербей жүрө берет.
Анан аялдын жашоосун астын-үстүн кылган окуя болот. Бахар катуу ооруп, боорун алмаштырууга муктаж болот. Бирок 20 жыл бою баккан балдары да, дайыма колдоп келген күйөөсү, кайненесин айтпай эле коёлу, ага боорун бергенге макул болушпайт. Тимурдун көп жылдан бери көзүнө чөп салып жүргөнүн да угат. Ошондо Бахар өзүнө “мен киммин?” деп суроо берет. Кыйын учурда ага Эврен аттуу врач-хирург жардамга келет. Өткөн чагына өкүнгөн Бахар эми өзүм үчүн жашашым керек деген чечимге келет. Өзгөргүсү келген аялдар эмне кылат? Албетте, алгач эле келбетинен баштайт. Бахар сулуулук салондоруна барып, дүкөндөрдү кыдырып өзүнө жаккан кийимдерди алып кийинет, анан да жолдошу жана Эврен иштеген ооруканага жумушка кирет. Өзгөрүп, сулуулугу арткан, өзүнө болгон ишеними күч аялды Тимур коё бергиси келбейт. Ал ортодо Эврен менен Бахардын ортосунда махабат учкуну от алат... Сериалдын баарын "спойлер" кылып салбайын, ээ, калганын өзүңүз көрүңүз.
Корейлердики
Чынында эле сценарий оригинал эмес, тагыраагы, корейлердин 2023-жылы чыккан “Доктор Ча” дорамасынын ремейки. “Доктор Ча” экранга чыккандан кийин да жогорку баага арзыган эле. Мыкты сериалдан мыкты ремейк жаратуу баарынын эле колунан келе бербейт. Бирок түрктөрдүн “Бахары” үмүттү актап, жылдын мыкты эмгектеринин катарынан орун алды. Өзгөчөлүгү – корейлер 1 сезон менен эле токтогон, түрктөр 2-сезонду да тартабыз деп шымаланып турган чак. 2-сезон 2024-жылдын күз айларында чыгат деген маалымат бар.
Актуалдуу сюжет
Сценаристтер корейлердин сюжетин өз улутуна, салтына жараша оңдоп-түзөө киргизишкен. Анда азыркы жашоодогу көп маселелер камтылган. Никедеги жалгыздык, ала жипти аттоо, бирөөнүн эмгегин баалабагандык, өзүн сүйбөгөндүк, баарына көз жумуу... Ошол эле учурда бир сериядан экинчи серияга өтүп күйүткө батып ыйлоо, жашоосун трагедияга айлантуу, көрөрманды кыйноо деген жок. Маселенин маңызын түшүндүбү, аны чечкенге өтөт. Мындайча айтканда, ыйлап, тагдырына таарынып отура бербей, өзүн колго алып жашоосун өзгөрткөнгө күч табат. Сюжеттеги мындай курч динамика, албетте, өзүнө тартпай койбойт.
40 жаштан кийин жашоо бар
Жогоруда көп айымдар Бахардан өзүн көрө алышат дебедикпи. Ал үй-бүлөдөгү маселелерден улам эле эмес. Өзүн сүйүү темасында да үлгү боло алат. Кыргызда күйөөгө тийгенден кийин “кимге жасанып жатасың, күйөөң бар го” деген сөздөр көп айтылат. Антип айтпагандар болсо деле 40 жаштан кийин өзүн таштаган айымдар толтура. Бахарды “чейин жана кийин” деп карасаңыз. Кандай ачылды, өзүнө экинчи дем берди. Андыктан, келгиле, биз да өзүбүздү сүйөлү, ачылалы-чачылалы, айымдар. 40 жашта жашоо жаңы гана башталат!
Актёрдук курам
Бахарды Бахар кылган актриса Демет Эвгар. Анын жарык маанайы, өзгөчө келбети, күлкүсү көрөрмандардын жүрөгүнөн орун тапты. Актриса “Бейзанын аялдары”, “Сен менин мекенимсиң” аттуу сериалдары менен да таанымал. Деметтен сырткары анын жолдошун ойногон актёр Мехмет Йылмаз Ак жана жаңы сүйүктүүсү Эврендин ролундагы Бугра Гүлсой да түрк киносунун алптарынын катарына кирет. Негизи эле сериалда ар бир каарманга жарашкан актёрдук курам топтолгондой сезилет.
Жогорку рейтинг
2024-жылдын февраль айында экранга чыккан сериал Түркиядагы жылдын эң жогорку рейтингине ээ болгон. 1-2-сериясы “YouTube” платформасына жүктөлөрү менен 10 миллиондон ашык көрүү топтоп, сериалды эл аралык деңгээлге жеткирген. Андан сырткары дүйнөдөгү бардык социалдык тармактардагы сурамжылоолорду жалпылаган тизмеде #Bahar сурамжылоосу 3 жарым сааттан ашык тренддердин башында турган.
Асыл Орозбекова