Кыш келип, эшикте аппак кар, кычыраган суук дейли. Жылуу үйдө укроп жыттуу салат, жалбыз жыттуу компотту дасторконго койсоң кандай ырахат?! Бул ырахатты сезүү үчүн камылганы күздө көрүш керек экени түшүнүктүү.
“Сюрприздүү” помидор
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 500 грамм
Сарымсак– 3-5 тишче
Чили ачуу калемпири – 2 даана
Таттуу болгар калемпири – 1 даана
Укроп – жарым тутам
Укроптун гүлдүү башы – 2 даана
Туз – 20 грамм
Суу – 1 литр
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок мурч – каалоого жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Толтурмасы үчүн.
• Бир болгар калемпирин (ичиндеги уругун алып салып) 3 тиш сарымсакты, укроптун үчтөн бир бөлүгүн, чили калемпирин блендерге салып, иригирээк кылып майдалап аласыз (ботко болбошу керек).
2. Туздуу сууну даярдап алабыз. Кастрюлга суу куюп, туз, лавр жалбырагын, тоголок мурчту кошуп 5 мүнөт кайнатуу керек.
3. Помидорлордун ортосун аягына жеткирбей тилип, бир тарабынын ичин бир аз оюп алуу кажет. Оюлган жерине толтурма саласыз.
4. Бууланган банкага ичине толтурма салынган помидорлорду салып, тизип, араларына жуулган укроптун калганы менен укроптун гүлдүү башын салып, үстүнө туздуу сууну куясыз.
5. Банканы мискейге салып, сыртынан 7 мүнөт кайнатып, оозун темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коюңуз.
Баклажан закускеси
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 3 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 2 килограмм
Ачуу чили калемпири – 6 даана
Сарымсак – 1 баш
Уксус (9 пайыздык) – 150 миллилитр
Өсүмдүк майы – 150 миллилитр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жуулган баклажандардын сабагын кесип салып, таякча формасында туурап алабыз.
2. 1 литр муздак сууга 2 аш кашык туз кошуп аралаштырып, ага тууралган баклажандарды салып, жарым саатка чылап коёбуз.
3. Болгар калемпирин, ачуу калемпирди, сарымсакты тазалап, эт туурагычтан өткөрөбүз. Даяр болгон массаны казанга салып, уксус, өсүмдүк майын жана туз кошобуз. Анан жай отто 15 мүнөт кайнатсак соус даяр болот.
4. Туздуу суудан баклажандарды суусун сарыктырып чыгарып, казанда кайнап жаткан соуска салып, жай отто 15 мүнөт бышырабыз. Закускебиз даяр!
5. Бууланган банкаларга салып, капкагын жаап бекитебиз.
“Мохито” жүзүм компоту
Керектелүүчү азыктар:
Жашыл жүзүм – 800 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Лимон – 100 грамм
Жалбыз жалбырагы – каалоого жараша
Суу – 2,5 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жүзүм менен жалбызды жакшылап жууп, сабактарынан ажыратуу кажет. Жалбыздын суусун агызып кургатып алабыз. Лимонду жууп, иригирээк туурайбыз.
2. Кастрюлга таза суу куюп, кайнатабыз.
3. Бууланган банкаларга жүзүмдү, жалбызды, лимонду салып, кайнап турган сууну куюп, капкак менен жөн гана жаап, 30 мүнөткө коюп коёбуз.
4. 30 мүнөттөн соң банкадагы сууну кайра кастрюлга куюп. Кумшекерди кошуп аралаштырып кайра 5-7 мүнөт кайнатабыз.
5. Сиропту жүзүм, лимон, жалбыз салынган банкага куюп, капкагын бекитебиз. Көмкөрүп, үстүн жылуу жаап коюу керек.
Жаңгак кошулган алма кыямы
Керектелүүчү азыктар:
Алма – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Грек жаңгагы – 100 грамм
Коньяк – 1 аш кашык (кошпой койсо деле болот).
Корица, кардамон – жарым чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Алманы жууп-тазалап алгандан кийин кесимдерге кесип идишке салып, үстүнө кумшекер себелеп, ширеси чыккыча 3 саатка коюп коёбуз. Жаңгактарды майдалайбыз.
2. 3 сааттан кийин отко коёбуз. Кайнап чыккандан кийин оттон алып, муздатабыз.
3. Муздаган кыямды кайра отко коюп, бир борк этип кайнаганда чыгарабыз.
4. Муздагандан кийин кайра отко коёбуз, бул учурда майдаланган жаңгакты, коньякты, татымалдарды кошобуз. Бир нече мүнөт кайнаткандан кийин муздатып, банкаларга куюп, капкагын бекитебиз.
Канымжан Усупбекова