Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жол бою түнкү саат экиде эмнеге ал жакка жөнөшкөнүн түшүнө албай келатты. Кербенге жеткенде дароо эле баягы көп кабаттуу үйлөрдү аралай агып өткөн каналга барышты. Кылыч экөө сууга түшүп ар жерди карап жатып өткөндө бекитилген телефондорду таап алышты. Мунун баарын Девид элүү метр алысыраак жерден көрүп отурду, ал коңшусунун машинасын сурап минип келген эле. Экөөнү сапаты жакшы фотоаппарат менен сүрөткө тартып алды. Ал жерде көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын машиналары турчу, эч ким шек санаган жок Девидден.

Артка кайтышып, Нурбек менен Кайрат жашаган үйгө жакындаганда машинаны чоң жолдун жээгине токтотушуп, Эсен Кылычка:

– Абайлап, шыбырт алдырбай кирип чык, тапанчаңды даярдап ал. Бир нерсе болсо чуу чыгарбай бүтүрүшкө аракет кыл,- деп жөнөттү. Кылыч короонун тосмосунан секирип ашып кирип кетти. Короону айланта дарак тигип салган экен, көчө жак көрүнбөйт. Кирип барып топчандан беш метрдей алыстыкта көмкөрөсүнөн жаткан Кайратты көрдү, дарбазаны көздөй сойлогон окшойт, топчандан баштап жаткан жерине чейин жер кан болуп калыптыр. Жетип барып оодарып караса, жүрөгүнөн кичине ылдыйраак жерине бир ок, ичине эки ок тийиптир, кан абдан эле көп кеткен окшойт. Күрөө тамырын кармаса араң эле согуп жатыптыр. Бир маалда көзүн бир аз ачып Кылычты карады да:

– Ат,- деди. Дагы бир нерселерди булдуруктады да башы шылк дей түштү.

Кайратты жерге жаткызып топчанга барса, Нурбек жууркан жамынган бойдон чалкасынан жатыптыр. Жүрөк тушуна 2 ок тийиптир, мүрт кеткенсийт.

Үйгө кирип эч кимди тапкан жок. Балдардын документтерин, тапанчаларын, дагы бир эки буюмун алып рюкзакка салды да:

– Кош болгула, досторум, жаткан жериңер жайлуу болсун,- деп, кайра шашыла барып машинага отурду. Эсен дароо эле түшүндү, эртең менен Дима айтканда эле жүрөгү бир нерсени сезген эле. Кылыч үйдөгү көрүнүштү бүт айтып берди. Эсен Кемелович унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отурду да, аягында:

– Кеттик, аэропортко айда,- деди. Жолдо баратканда токтотуп, телефон саткандардан мурда колдонулган уюлдук телефон, телефон номер сатып алды. Машинаны шаардын чет жагына айдатып барып ооруканага, милицияга чалып, киши каза тапканын, Кайрат менен Нурбек жаткан үйдүн дарегин айтып, телефонду арыктагы сууга таштап жиберди. Кайра машинага келип ой басып отуруп калды. Кылыч да Эсендин оюн бузбайын деп унчукпады, бир топтон кийин Эсен:

– Ат деп эмнени айткысы келди экен?.. Суроону өзүнө же Кылычка бергени белгисиз күбүрөнүп койду. Кылыч да эртеден бери ошону ойлоп башы катып жаткан:

– Аткан адамды айтайын деди бекен?..- деди бир маалда.

– Аткан адамдар биздин келишибизди күтүшөт эми, биз мүмкүн болушунча эч кимге байкалбашыбыз керек. Өтө этият болуп табышыбыз керек тигилерди. Кайрат “президентти атышат” деп айткысы келди бекен?.. Менимче, бизге ошону айтайын деген...

Кылыч да бул жоромолго ынангандай “ошондой эле го” деди.

– Азыр айда, Ала-Букага кеттик, баары бир бүгүн бизге көрүнүшпөйт. Эртең президент келгенде гана өздөрүн көрсөтүшпөсө. Барып, бир-эки иштер бар, бүтүрүп, эртең келебиз,- деди Эсен, Ала-Букага жөнөп кетишти. Жетери менен Москва менен байланышып, баарын айтып берди. Илхом президентке кол салуу болот дегенге ишенбеди. Эгер ата турган болушса, биринчиден, көп акча төлөп Гомерди чакырбайт эле. Экинчиден, ата турган болушса, анда азыркыдай татаал операциянын кереги жок эле.

– Аэропортто болор бекен же Гомердин дагы бир фокусубу? Макул, эмнеси болсо да “шеф” сага жардамга он адам жөнөттү. Бишкекке жетип калышкандыр. Арасында үч снайпер бар. Эртең саат жетиде Кербенде болушат, номерин жазып жиберем, сүйлөшүп аласыңар. Алар өз ишинин мыктылары. Президент саат ондо учуп келсе, ага чейин снайперлер менен кеңешип, кандай жерлерден атуу болушу мүмкүн экенин алар өздөрү билишет, аракеттерди көрөсүңөр. Президент келип кеткенче сени менен жүрүшөт. Ала-Букага чейин коштоп барып, эл алдына чыгып сүйлөгөн жерлерде аны тымызын кайтарып турушат. Ошондуктан коркпо, Кемел мырза, президентиңерди сактап калабыз. Аэропортто эч нерсе кыла алышпайт. Азыр андан көрө жакшы уктап, эс алып ал да, эртең “конокторду” тосуп ал.

Эсен бир топ жеңилдей түштү, балдарга “уктап эс алгыла” деп коюп, өзү да жатып уктаганга аракет кылды.

Түнкү саат төрттө туруп Кербенге жөнөштү, Москвадан келе жаткан адамдар менен байланышып, алардын башчысы менен Кербендин аэропортуна барчу жолдо, ээн жерде таң эрте жолугушту. Бишкектен бери төрт машинада келишкен экен, Кербендин ар кайсы жеринде турушуптур. Бул топтун башчысы Артём деген башкыр улутундагы адам экен. Эсен экөө Кербендин картасын ачып, кооптуу, кол салуу болушу мүмкүн деген жерлерди белгилеп чыгышты да, Артём өзүнүн балдары менен рация аркылуу байланышып, тапшырмаларды берди. Алар керектүү аппараттары менен аэропорттун тилкесине жакын жерлерде жүрө турган болушту. Бул адамдарды жергиликтүү адамдар көрүшсө да шек санашпайт. Анткени президент учуп келерин билишет, коопсуздук кызматынын адамдары деп ойлошот. Мындай күнү аэропортто адам көп болот, ар кандай кызматтын адамдары, Жалал-Абаддан, Бишкектен, Аксынын өзүнөн канча адам келет. Ар бирин ким текшерип отурмак эле мындайда? Снайперлер машинада аэропортту бир айланып чыгышты да, үчөө бирден жардамчысы менен үч жерге жайгашышты, Эсен Артём, Кылыч менен Диманы алып, саат сегизде аэропортко барышты. Күтүлгөндөй эле адам көп болчу, аралашып кетишти.

Эсен Кыргызстандын атайын кызматында иштеген жооптуу адамдардын көбүн таанычу, жүрүшөт. Учурашып, айрымдары менен аны-муну сүйлөшүп жатты, Артёмду “досум” деп койду. Аңгыча бир окуучусу келип учурашып калды, атайын кызматтын Ала-Букадагы бөлүмүндө иштеп жатыптыр. Атайын кызматтын президенттин коопсуздугу боюнча көргөн аракеттерин байкап ичинен “азаматтар” деп ыраазы болду. Кол салууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок эле.

Бирок жүрөгү бир нерсени сезгендей түпөйүл боло берди. Гомер кантип уюштурат кол салууну, эч эле акылы жетпеди. Дегеле эмнеге кол салууну ушул жактан уюштуруп жатканын түшүнө албай жатты.

Артёмго аэропорттун айланасындагы кырдаал боюнча тынбай кабар келип турду. Канча адам жүрөт, канча аралыкта, эмне кылып жүрүшөт баары айтылып жатты. Маал-маалда Эсен экөө зериккен киши болуп машинага келип отурушат да, ноутбуктан спутник аркылуу аэропорттун айланасын көрүп отурушат. Эч кандай шектүү көрүнүш билинбейт. Аэропорттун жетекчиси тилкени айлантып коргоо үчүн милиция кызматкерлерин тизип жүрөт. Карап турушса тилкенин башына эки, ортосуна эки жерге бирден, аягына эки, жалпы алты эле кызматкер коюлду. Эсен дароо Ала-Букада иштеп жаткан окуучусун таап:

– РИИБинин жетекчисинен сурачы эмнеге тилкени айлантып аз адам коюлду?..- деп сурады. Окуучусу сурап келди, көрсө, милиция кызматкерлери жетишпей жатыптыр. Кербен аэропортунан Ала-Букага чейинки жолго, кыскасы, көп жерге милиционерлер коюлушу керек экен. Эки райондун милиция кызматкерлери, аскердик бөлүктүн жоокерлери да жетишпей жатканын билди. Ошондо Эсен Гомердин эмнеге бул жакты тандаганын түшүндү. Демек, Гомер билген, бул эки райондо канча милиция кызматкери, канча аскер бар экенин. Бирок негизги суроонун дале жообу жок эле. Канчалык ойлонбосун ылайыктуу вариант таба алган жок. Кантип, кайсы жерден кол салышат?..

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1137, 19-25-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан