Бишкекте быйыл 10-11-июнда түркиялык дарыгерлер менен бирдикте алгачкы боор алмаштыруу операциясы жасалган. Бул Кыргызстан үчүн чоң окуя эле. Алгачкы эки операция тең ийгиликтүү жасалганы жарыяланды. Андан бери эмнеге операция жасоо улантылбай жатат? Операция жасаткан бейтаптардын абалдары кандай? Алдыда кандай максаттар бар? Макалада ушундай өңүттөгү суроолорго жооп издедик.
«Тынымсыз аракеттин артынан ишке ашты»
Боор алмаштыруу операциясы Кыргыз медицинасында мурда кыял болуп келсе, алгачкы операциялар жасалган соң ишке ашырууга мүмкүн болгон этапка өттү десек болот. “Бул операциялар тууралуу акыркы бир жылда эле сөз болгон жок, 15-20 жылдан бери аракет кылып, даярданып жүргөнбүз”,- дейт донорго операция жасаган хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Рысбеков:
– Өлкөбүздө ар кандай экономикалык жана башка кырдаалдар болуп кетип, өз курсагыбызды араң тойгузган убактар болду. Албетте, мындай учурда медицина да аксайт. Мыкты деген адистер, жаш кадрлар чет жакка чыгып, башка иш менен алектенип кетип жатышты. Ошентсе да кайра-кайра бул темага кайтып жүрдүк. Саламаттыкты сактоо боюнча ар бир министр аракет кылып көрдү. Бирок, чын-чынына келсек, азыркы министрибиз Алымкадыр Савирдиновичтин тынбаган аракетинин үстүндө ишке ашты.
«Мындай оор операцияны эч ким моюнуна албайт»
– Түркиянын Малатья шаары – дүйнөдө органдарды трансплантациялоочу 3 шаар болсо, анын бири. Ал шаардагы Түркиянын мурдагы президенти Исмет Инёню атындагы университеттин алдында клиника бар экен. Өздөрүнүн айтымы боюнча, ал жерде боор алмаштыруу 30-40 жылдан бери жасалып жатыптыр. Бир айда 10-15 операция жасалат экен. 2 жаштан 75 жашка чейинки бейтаптарды көрдүк. Ошол жакка бизден 11 дарыгер барып окуп келдик. Биз бир ай жүрсөк, жаштар 5 ай окушту. Врачтарга бардык шарттар түзүлүптүр, жогорку технологиялар, медициналык аспаптар, эмне керек десең ошонун баары бар. Трансплантация алардын мыйзамында жакшы каралган окшойт, хирургдар коркпостон, эртеңки күнү эмне болот дебей өз билим деңгээлин, тажрыйбасын колдонуу менен жасашат экен. Бул оор операция да, боор жабышпай калышы мүмкүн, мерт болуп кеткендерди көрдүк. Врачтарга бирөөнүн доо артканын көргөн жокпуз... Бизде да ушуну мыйзам менен бекемдеп берсе жакшы болмок. Анткени бизде чочулоо, коркуу жана аёо бар. Албетте, хирург өзүнүн милдетин аягына чейин аткарат, бирок бир нерсе болуп кете турган болсо хирургдун моюнуна жоопкерчилик илинбесе. Болбосо эч ким мындай оор операцияны жасоону моюнуна албайт. Бул өтө чоң операция, донор тарапка, реципиент тарапка 3-4 бригададан врачтар турушат, кеминде 6-10 саат жасалат. Анан атайын шарт түзүлсө. Буюрса, бул боюнча министр иштеп жатат. Атайын ушундай операция үчүн биздин Улуттук хирургия борборун оңдоп-түзөөгө, керектүү жабдыктарга деп каражат бөлүнүптүр. Адистер болсо даяр. Албетте, башында эле өзүбүз жасай калабыз дебейбиз. Колубуз көнгөнчө түрк элинин адистерин, Орусиядан да врачтарды чакырталы деп сүйлөшүп жатабыз. Муну орто жолго таштап койгон болбойт, баштадыкпы, аягына чейин чыгышыбыз керек.
«Боорлору кадимкидей өсүп, калыпка келди»
– Эки операция удаа жасалды да. Донор тарапта мен жана түрктөрдөн Волкан мырза туруп, боордун жарымын алып бердик. Ал эми экинчи операция столунда министр өзү, профессор Эрнис Тилеков менен түрктөрдөн Адил, Сизай мырзалар турду. Оор операция болгондуктан 2 бейтап тең башында кыйналып барып жакшы болуп кетти. Бүгүнкү күндө экөөнүн тең, донорлордун да абалы жакшы. Жума сайын көрүп турабыз, дале көзөмөлүбүздө. Боорлору кадимкидей өсүп, калыпка келди.
Врачтар операцияга даяр
Кийинки операциялар качан жасалат, алдыда кандай пландар бар экенин билүү үчүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылганыбызда, ал даярдыктар жүрүп жатканын, бригада даяр экенин, жабдыктар сатылып алынганын, бейтапка донор табылса эле кийинки операциялар пландаларын билдирди.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы боор алмаштыруу үчүн 70 адам кезекке турганын билдирди. Министрликтеги маалыматтарга караганда, өлкөдө 17 миңдей адам боор оорусу менен жабыркаса, боорун алмаштырууга муктаждар жүздөп саналат.
«Маал-маалы менен текшерилип, дале көзөмөлдөбүз»
Бишкекте боорун алмаштырган эки жаранга тең кыздары донор болуп беришкен. Алардын абалын сурап байланышканыбызда, буларга токтолушту.
Кайырбүбү Болбурбаева, боору алмашылган бейтап:
– 3 жылдан бери боорумду алмаштыруу керек экенин билип, чуркап, каражат чогултуп жүрдүк. Операция Индияда болмок, баасы 30 миң доллар дешкен. Ал акчабызды чогулта албай калдык. Элден жардам сурап, чогулган каражат кайра дарылануума кетип жатты. Акыры Бишкекте жасалган ушул операцияга туш келип калдык. Кудайга шүгүр, абалыбыз жакшы. Кызым 2 апта дегенде ооруканадан чыкты, мен бир жарым ай жаттым. Буга чейин бир жумада эки жолу анализ тапшырып, УЗИге түшүп, каналдардын иштешин текшертип жатканбыз. Эми бир айда бир көрүнөт экенбиз. Операция толугу менен бекер жасалды. Президентибизге, врачтарга, колдоо, жардам көрсөткөн элибизге ыраазычылык билдирем.
Айгүл Кудушева, боору алмашылган бейтап:
– Мага боор циррозу деген диагноз 2018-жылы коюлду. Дары ичип жүрдүм. Бирок 2023-жылы боорума суу толо баштады. Кыйналганымдан операция кылуу керек деп чечип, Түркияга сүйлөшсөк кымбат экен. Өзүм медайым болуп иштечүмүн, бойго жете элек 2 кызым бар. Анан президентибизге кайрылуу жаздым, "30 жылдан бери медицина кызматкеримин, батирде акча төлөп жашайбыз, жардам көрсөтө аласыздарбы?" деп. Кайрылуумду “каралсын” деп алар министрликке жиберип, боор операциясына кезекке туруп калдым. Операцияга оор абалда келгендиктен башында кыйналдым, 2-3 жума дегенде басып баштагам. Бир ай жаттым ооруканада. Учурда кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Убагында барып текшерилип жатабыз. Президентибизге, министрге ыраазымын. Баарын каржылап, азыркыга чейин дарыларыбызды бекер алып жатабыз, көзөмөлдөбүз.
Асел Ишенбай кызы