Көздөн алыстаган көңүлдөн да алыстайт... Бул сөздүн канчалык чындыгы бар? Жашоо шартка байланыштуу учурда жубайлардын бири миграцияга кетип, экинчиси үйдө калган учурлар көп. Бул эми аргасыздык, сындоодон алыспыз. Болгону аял-күйөөнүн бири-биринен узакка алыс жүрүшү ортодогу эмоционалдык байланышты үзөт дешет психологдор. Аралыктын алыстыгы түгөйлөр ортосундагы мамилени муздатабы? Жылуу мамилени кантип сактап калууга болот?
Чолпон Сманова, психолог: «Алыста жүрүү ишенимге жарака кетирет»
– Түгөйлөр ортосундагы аралыктын алыстыгы дайыма адамдан сабырдуулукту, түшүнүүнү талап кылат, мамиледеги оор сыноо десек болот. Бири-биринен алыста жашаган түгөйлөрдүн жашоосунда пайда боло турган көйгөйлөрдү атасак.
Ишенимге жарака кетет. Аралыкта жашаган аял-күйөө же сүйлөшкөн кыз-жигиттер канчалык тез-тез телефондон сүйлөшүп турушпасын, баары бир реалдуу эмоционалдык байланыш такыр башка. Андыктан ишенимден кетпеш керек. Бул үчүн түгөйлөр дайыма бүгүнкүгө, эртеңкиге койгон пландары менен бөлүшүп турушканы оң. Айрымдар жазган СМСине кеч жооп берип же чалса жооп бербей калса сезимдерин проекциялап баштайт. “Бул телефонго жооп бербей каякта, эмне кылып жүрөт?” деп түрдүү фантазияларды ойлоп таап, ага өзү да ишенип алган учурлар болот. Ушундай учурда адам өзүн сабырдуу кармашы керек.
Таяна турган эч кимиңиз жок болот. Түгөйүңүз онлайн байланышта болуп, моралдык колдоо көрсөтүп турса да реалдуу жашоого келгенде анын жок экенин моюнга алууга аргасызсыз. Бардык түйшүктөрдү, көйгөйлөрдү жалгыз чечесиз. Мисалы, ооруп калсаңыз дары-дармек алып келип бере албайт, балдарды бакчага ташый албайт жана башка. Мамиленин башында бул сиз үчүн өтө оор эмес сезилиши мүмкүн. Бирок убакыт өткөн сайын түгөйүңүздүн чыныгы колдоосун, жакындыгын сезүү каалоосу күчөй берет.
Ар кандай кызыкчылыктар жаралат. Виртуалдык байланыш көп учурда чындыкты бурмалап коёт. Мисалы, анын сизге “бүгүн кечке ушул жумуштарды кылдым” деп айтып бергени анын жашоосунун 30 пайызы болушу мүмкүн. Жубайларды жалпы тааныштар, дос-туугандар, хоббилер, кызыкчылыктар бириктирет. Түгөйүңүздөн канчалык алыс болсоңуз, өнөктөштөрдүн кызыгуусу ошончолук жоголуп, бири-бирин мурдагыдай түшүнө албай калуу коркунучу бар. Кызыкчылыктар да өзгөрүп кетиши мүмкүн.
«Аралыкты 3 жылдан ашырбаш керек»
– Кыргызстанда көп жылдан бери аялы же күйөөсү миграцияда жүргөн үй-бүлөлөр көп. Бул жерде баарынан да психикалык, эмоционалдык байланыш үзүлүп калат, анткени аял-күйөө ортосунда физикалык байланыш өтө маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан аралыкты 3 жылдан ашырбаш керек. Эгер жубайлар 3 жылдан ашык көрүшпөсө, бири-бирине чоочун болуп калышат. Көп жыл алыста жүрүп кайра келгенде түгөйлөр кайра башынан мамиле куруп, кайрадан бири-бирине көнүшү керек болот. Бул абдан татаал процесс, кээ бир жубайлар бул процесстен өтө албай ажырашып кеткен учурлар бар. Анткени эки башка адам, эки башка кызыкчылык, мурунку чогуу жасаган адаттарын унутуп калышкан болот. Эгер жубайлардын бири чет өлкөгө иштегени кетүүгө мажбур болуп жатса, жок дегенде 1 жылда бир келип турганы жакшы. Бул нерсе балдарга да керек. Анткени бала толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгондо психоэмоционалдык абалы туруктуу болот.
«Бир жууркан жамынбаса да энергетикалык байланыш үзүлөт»
– Аял-күйөө мамилеси өтө назик нерсе. Биз азыр аралыктагы мамиле тууралуу айтып жатабыз, аралык эмес, бир жууркан жамынып жатпаса да экөөнүн ортосундагы энергетикалык байланыш үзүлүп калат. Алыста жүргөндө түшүнбөстүк, таарынуу эмнеге көп уруштарга алып келет? Анткени ал адам менен энергетикалык байланыш жок, сизди сезе албайт. Ошондуктан дайыма аралыктан мамиле куруунун максаты, убактысы болуш керек. Мисалы, "мен ушунча убакытта келем же үй алсак же унаа алсак сөзсүз чогуу болобуз" деген максат менен жашаган жакшы. Кээ бир үй-бүлөлөрдө биринчи атасы миграцияга кетет, барып ал жакка көнүп, шарт түзүп алып үй-бүлөсүн чакырат. Мына ушул максаттуу нерсе. Ал эми иштегени кетип жарытып акча салбай же үй албай жөн эле жүрө берүү – бул максатсыз аракет.
Гүлзат Исабекова, психолог: «Жаңы үйлөнгөндөр бири-биринен алыстабай эле коюшканы туура»
– Биринчи кезекте мындай мамиледен балдар кандай зыян тартышат? Тактилдик байланыш, кучактап, өөп, жыттоо бул да өзүнчө тарбия, эмоционалдык байланыш. Ата-энесинин бирөө алыста жүргөндө бала мына ошол нерседен куру калат. Кийин атасы келгенде деле байкасаңар бала көпкө чейин мурдагыдай атасына жабышып кучактап, өбө албайт. Аралыктагы мамиле азыр көп жубайларды ажыраштырып жатат. Мага көп жарандар кайрылып, “күйөөм Москвадан башкага үйлөнүп алды, чалсам албайт, жооп бербейт” дешет. Бул учурда "тигиндей кыл, мындай кыл" деген психологдун кеңештери да өтпөйт, анткени адам алыста. Жубайлар 6 айдан ашык бири-биринен алыс жүрбөшү керек. Анан 20-30 жыл чогуу жашаган түгөйлөрдүн аралыктагы мамилеси бекемирээк болот. Анткени аларда психикалык, физикалык, эмоционалдык байланыш бекемделип, калыпка түшүп калган. Ал эми мырзалар үйлөнүп эле жубайын үйүнө таштап иштегени кетип калып жатышпайбы, аларда уясын уратып алуу коркунучу жогору. Себеби алгачкы турмуш курган 1-2 жылда жубайлар бири-бирине көнөт, түшүнүшө баштайт. Ортодогу мамиле жылый электе эле алыска кетип калуу – жаңы курулган үй-бүлө үчүн кооптуу.
Султанали Гапуров, муфтияттын бөлүм башчысы: «60 жыл аралыкта жашаса деле нике бузулбайт»
– Заманга жараша мамлекетибизде ички-тышкы миграция күчүндө. Эгер эркек муктаждыктан улам чет өлкөдө жүрсө, жубайынан алыста жашоого шарият жол берет. Жөн эле жеке напсисин, каалоолорун канаттандыруу үчүн жүрсө анда күнөө болот. “Аял-күйөө 6 айдан ашык бири-биринен алыста жашабашы керек” деп аалымдар атайын Союз мезгилинде эреже киргизишкен. Бирок динде андай чектөө жок. Эгер нике кыйып жатканда эркек аялына “6 айдан ашык кийим-кече, тамак-ашсыз калтырып кетпейм” деп убада берип, бирок ал убадасын аткарбаса 6 айдан кийин никеси бузулат. Ал эми андай убадасы жок, жөн эле аралыкта жашап үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болуп турса, 60 жыл жүрсө да нике бузулбайт. Баса белгилеп кетсем, дин түгөйлөрдүн кайда жүрбөсүн чогуу болушун колдойт. Анткени мээрим адамдын көзүндө, түгөйүңдү көргөн сайын ошончолук мээримиң, сүйүүң ойгонот. Канчалык алыс болсоң жубайыңа болгон мээрим, ырайым, сүйүү да азая берет деп айтылат. Андыктан жаш болобу, улуу муун болобу, бардык түгөйлөр ортодогу алыс аралыкты көпкө созбогону жакшы.
Лунара Бекиева