Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аэропорттун учуп-конуучу тилкесинин жарымын бак-дарактар тосуп калгандыктан президентти күткөн адамдардын эч кимиси тилкеде сулап жаткан аттарды көргөн жок. Учкучтар да бул адаттан тыш көрүнүштү эч кимге айтышкан жок негедир. Президентти коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери учкучтардан эч кандай сөз болбогондон кийин президентти тосуп алуу менен убара болушуп, аэропортто калган бир кесиптешине гана “аттардын чоо-жайын териштирип кой” деп коюшуп, президентти коштоп Ала-Букага кетишти.

Аэропортто калган кызматкер аэропорттун жетекчисин чакыртып териштирейин деди эле, ал “президент келген күндөрү коопсуздукка милиция жооп берет” деп кутулду. Милициянын жетекчилери кызматкер жетишпей жатканын, Ала-Букага чейинки жол бою милиция кызматкерлери тизилгенин айтты, айтор, баары бири-бирине шылтап кутулуп кетишти. Андан башка эч ким деле көңүл буруп териштирген жок.

Артём Эсенди калтырып, өзү кол алдында иштеген балдарын алып Ала-Букага кетти. Эсен аларга Кылычты кошуп берип, Дима экөө кезектешип Френк аралап кирип кеткен жүгөрү талаасын карап отурушту. Эсен Френктин эгин талаасында эле бекинип жатканынан күмөнү жок эле. “Баары бир чыгат” деп дүрбүдөн көзүн албай отурду. Кечки саат алтыларда президент Ала-Букадан аман-эсен кайтып келип, кайра Бишкекке учуп кетти. Аэропортто ашыкча эч ким калган жок. Артём да Бишкекке кетти. Күүгүм кире баштаганда Эсен Дима менен Кылычты алып эгин талаасына келип, үчөөсү үч тарабынан аңдып калышты. Буларды эч ким байкаган жок. Эсен Москвага Илхомго чалып, акыбалды түшүндүрүп, шектүүнү аңдып жатышканын шыбырап айтты.

– Илхом, ал ушул эле жерде. Менимче, түн киришин күтүп жатат. Караңгыда чыкса биз көрбөй калышыбыз мүмкүн. Жардам бере аласыңбы? Эгер азыр колдон чыгарсак, анда дайынын таптырбай кетет.

– Азыр беш мүнөттөн кийин чалам, шеф менен сүйлөшөйүнчү.

Он мүнөттөн кийин Илхом чалды:

– Эсен, бир жолу бар, телефонуңарды өчүрбөй тургула. Силерди көрдүк, бирок үч эле телефондон сигнал чыгып турат. Жакын арада башка телефон байкалбайт, балдарга айт, кезектешип телефондорун өчүрүп кайра күйгүзүшсүн.

Кылыч менен Дима телефондорун кезек менен өчүрүп, күйгүзүштү.

– Болду көрдүк, эми күтөлү. Силер аңдыган адамдын деле телефону сөзсүз бар. Өчүрүп койгон. Күйгүзсө эле бир кабарын айтам.

Түн эбак кирип, саат он экиден өтүп калды, ай толуп, айлана жапжарык болуп даана көрүнүп турган. Бир маалда Эсендин телефонуна чалуу келип калды, Илхом экен:

– Эсен, сенден жүз метрдей алыстыкта телефондун сигналы пайда болду, азыр каякка жылганын айтам. Этият болгула.

– Азыр балдарга чалып айтып коёюн,- деп, Илхом менен байланышты үздү:

– Объект пайда болду, азыр чыгат. Мүмкүн болушунча тирүү кармаганга аракет кылалы. Бул кесипкөй жанкечти болуш керек, өтө сак болгула. Эми эч жакка качып кете албайт. Шашпагыла, качан өзүңөргө ишенгенде гана аракет кылгыла,- деп өчүрүп, кайра Илхомго чалды:

– Илхом, биз даярбыз.

– Азырынча ордунан жылбай эле турат, эки жакты карап, тыңшап жатат окшойт.

– Түшүндүм.

– Эсен, объект айыл жакты көздөй жылып жөнөдү. Жана биринчи болуп телефонун өчүрүп-күйгүзгөн балаңа жакындап баратат, аз эле калды.

Кылыч эгин талаанын айыл тарабында болчу, аңгыча бир шыбырт угулду. Дароо Эсенге чалды. Эсен шашкалактап телефондун жооп берүүдө басуучу баскычынын ордуна сүйлөшүп бүткөндө баса турганын басып алды да, сөгүнүп алып кайра Кылычка чала баштады.

Шыбырт жакындап калганда Кылыч телефонун жерге коюп тапанчасын даярдай баштаганда Эсенден чалуу келип калды. Телефондун экранын өйдө каратып койгон экен, чалуу келгенде жарыгы даана көрүнүп калды. Френк өзүнөн он метрдей арыдагы адамдын караанын көрүп дароо эле түшүндү да үн чыкпас тапанчасы менен атып жиберди. Ок Кылычтын оң көзүнө тийип желкесинен чыгып кетти, кыйкырганга да жетишпеди. Френк Кылычтын өлгөнүнө көзү жетти да, мыйыгынан күлүп “балакайлар” деп койду. Эсен чалууга жооп бербей жатканынан эле Кылычка бирдеме болгонун түшүндү.

– Дима, Кылычты бир нерсе кылды окшойт. Объект Кылычтан он метрдей эле жерде турат. Айыл тарапка өтөм деп жатат окшойт, шыбырт чыгарбай алдынан тосушка аракет кыл, мен бул жагынан барам. Эми ал беш-он мүнөттөй кыймылдабай турат ордунда. Экөөбүз мындан ары байланыша албайбыз, мен Илхом менен сүйлөшүп турушум керек. Сенден сураныч, өтө этият бол!– деп өчүрүп, кайра Илхомго чалды:

– Илхом, эми мага тигинин ар бир кадамын айтып тур, бир баламды жарадар кылды окшойт.

– Макул, азыр бир ордунда турат.

Эсен жүгөрү талаасына жанаша жайгашкан беде талааны аралай сойлоп өтө кылдаттык менен Кылыч жаткан тарапты көздөй жыла баштады. Илхом Эсенге тынбай маалымат берип турду.

Дима да беде талааны берки тарабынан аралай сойлоп баратты. Ошол жерден бир таман жол өтүптүр, ошол жол менен тез-тез жылып Кылыч жаткан жакты көздөй жөнөдү. Жүгөрү талаасы бүткөн жердеги, аэропортту айланып машинелер өтүүчү кенен жолго биринчи болуп Дима жетти. Жолдун жээги коюу, бийик өскөн чөп болчу. Ошонун жардамы тийди, жүгөрү талаанын четине барып жашынып жолду аңдып жатып калды. Айдын жарыгында жол күндүзгүдөй эле даана көрүнүп турду, эми Френк жолду кесип өтөм десе Димага сөзсүз көрүнөт.

Френк дабыш тыңшап көпкө чейин отурду да, бир маалда акырын, шыбырт чыгарбай жылып жолго жакын келди. Ал үчүн эң коркунучтуусу – ушул жол менен аэропорттун тилкеси эле. Френк тигилерди өзүнүн ордуна коюп элестетип көрдү, күтсө ушул жерден күтүшмөк. Шашпайын деп чечти, ашып кетсе дагы эки саат күтүшөр. Эч дабыш чыгарбай отура берсем, аңдып жаткандар баары бир өздөрү тууралуу бир кабар билдирет, шек алдырышат деди оюнда. Белгисиздик адамдын тынчын алып келген ар дайым, сөзсүз бир белги алууга аракет кылат күткөн адам. А Френк канча саат болсо да ыңгайлуу убакытты күткөндү билет эле. Саат түнкү бир болоюн дептир, убакыт бар азырынча. Ушул жолдон, анан ары жактан аэропорттун тилкесинен эле өтүп алса, кутулуп кетет.

Жолду аңдып жаткан Димага ар кандай ойлор келе баштады. “Объект жолдон эбак эле өтүп кетип, биз бекер эле убакытты өткөрүп жаткан жокпузбу?” деп ойлоду бир маалда. Мүмкүн, Эсенди да атып таштаган болсочу. Эсенге чалайын дейт, чала албайт. Акыры чыдабады, жолду жээктей бортоктоп жылып жөнөдү. Френк көрбөсө да сезди, ага да жол жакшы эле көрүнүп турган. Акырын жолду карап, араң угулган бир дабышты сезди, үн чыкпас тапанчасын ошол тарапка туштады. Акыры Диманы көрдү да, “балакай таптакыр туура эмес бортоктоп келатат, өзүн этияттай албайт экен” деп ойлоп койду. Дима бир маалда башын акырын өйдө кылды эле Френк дал эки көздүн ортосуна атты. Тырп эткенге үлгүрбөдү. Эсен да жолго жакындап калган эле, тапанча чыккан үндү укту. Димага да бир нерсе болгонун түшүндү. Дымын чыгарбай, Френк жакты карабаганга аракет кылды. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү гана өзүнө даана угулуп жатты. Мындан ары кандай кадамдарга барыш керек? Бир эле жаңылыштык анын да тагдырын чечип коёру айтпаса да түшүнүктүү болуп калган эле... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан