Жеңишбек Сманов, актёр: «Апам мени 18 жашымда театрга жетелеп барган»

«Апамдын батасы менен агарып-көгөрүп жатам»

– Апамдын аты-жөнү Күлшара Аманатова, Кочкор районунун Төлөк айылынын кызы. Азыр 64түн тамагын ичип жаткан убагы. Биринчиден, мени жарык дүйнөгө алып келип, ушул даражага жеткирген ата-энеме терең таазим этем. Атам Асылбек, апам Күлшара менин бул дүйнөдө эч кимге, эч нерсеге алмаштыргыс кымбат, асыл адамдарым. Атам менен апам төрт уулду тарбиялап өстүрүшүп, учурда 10 неберенин ортосунда балкып отурушкан чагы. Мен үй-бүлөдө экинчи уулмун. Бейиш – эненин таман астында дейт эмеспи, апам менен дайым мактанам, сыймыктанам, аны ыраазы кылууга аракет кылам. Апам бар үчүн, апамдын батасы бар үчүн агарып-көгөрүп келе жатам. Менин ден соолукта болушум, менин жетишкендигим, менин жашоом, баары апамдын биздин маңдайыбызда жаркырап, бата тилеп жүргөндүгүнүн үзүрү. 

«Мага түймө түйгөндү үйрөткөн»

– Апам атама абдан жакшы жар болду, дайыма атабызды сыйлап турат. Атам сырттагы чарбачылык иштерди жасоо менен тарбия берсе, апам үйдөгү тиричилик жумуштарды да үйрөттү. Биздин үй-бүлөдө кыз жок болгондуктан, үй иштерин да жасап чоңойдук. Апам тамакты даамына, маңызына чыгарып абдан даамдуу жасайт. Бул жагынан мен дагы апамдан кем калышпайм (күлүп). Анткени мунун баарын апам бизге жаш кезибизден үйрөттү. Апамдын дагы бир өнөрүн айта кетейин, тикмечилик, түймөчүлүк жагы да күчтүү. Бала кезимде апам бош убактысы болсо эле үйдө дайыма түймө түйүп же бир нерсе токуп отура турган. Бир жолу кыш мезгилинде, 3-4-класс болсом керек, карасам топу, шарф токуп отурган экен. Байкасам, жиптен эле кийим жасалып жатат. Аябай кызыгып “апа, кантип эле ушул жиптен топу, кийим-кече пайда болуп калат?” деп сурасам, “кел, отур менин жаныма” деди да, колума жип менен кийим токуган шишти берип койду. Анан акырындан мага үйрөтүп отуруп, байпак токуганым эсимде. Андан кийин топу түйдүм, андан кийин өзүмө бир жемпер токуп алгам. 

«Бир фляга сары май топтойм деп жайлоодо үч ай жүргөм»

– Тентек, эрке да элем. Апам кесиби боюнча эсепчи, жогорку окуу жайдын бухгалтерия жагын бүткөн. Эсепчи болуп, кийин бала бакчада тарбиячы болуп да иштеди. Бала бакчада балдарга сабакты кызыктырып, бир нерселерди мисал келтирип түшүндүрүп өтчү. Балдардын баары кунт коюп кызыгып угуп калышар эле, а мен эркелеп тентектик кылып койчумун. Аны үйгө келгенде анан сөз менен түшүндүрүп айтчу. Укпасам, башка энелер сыяктуу эле какыс-кукус кылып койчу, кээде үнүн бийик чыгарып урушат, бирок көп учурда жай түшүндүргөнгө аракет кылчу.

Кичинекей кезибизде жайкы каникулда байкемдикине жайлоого барчубуз. Бир жолу жайлоого баратканда апам “бир фляга сары май толтуруп кел” деди. Ошол мээме түйүлүп калып калыптыр. Адатта жайлоодо 3 ай бою жүрчү эмеспиз, эс алып 10 күндө бир айылга келип-кетип жүрчүбүз. Мен ошондо үч ай бою эс албай жайлоодо бир фляга май толтурушум керек деп жүрдүм. Жеңемдер “айылга барып кел” десе да болбойм көгөрүп. “Жок, мага апам айткан, мен бир фляга май куюп кетишим керек” деп. Жеңелериме, мал-келге жардам берем, бээ айдап келем, кой кайтарам, ошентип жайы бою жайлоодон айылга түшпөй койгонум эсимде. Аягында жеңемдерге “1 фляга майды бергиле” десем “ой, азырынча 1 чака ала тур, анан кышка жакын 1 фляга берип жиберебиз” дешти. Ошондо аларга таарынып, келип апама айтсам, “ой, мен сага тамашалап эле койгом, жетет бир чака май, анча майды эмне кылмак элек?” деп күлүп жатпайбы. 

«Мени театрга апам жетелеп келди»

– Менин чыгармачылык жолго аралашканыма апамдын түздөн-түз тиешеси бар, мени бул тармакка өзү жетелеп келген. Азыр дагы кош колдоп, кубаттап мени шыктандырып турат. 1999-2000-жылдары азыркыдай жарнамалоо деген жок, актёрлук чеберчиликти каяктан үйрөнсө болот, каяктан окуса болот деп, каякка барышты билбей, окута турган жерди таппай койдум. Анан бир күнү апам “театрга сүйлөшүп келдим, жүр баралы” деди. Көрсө, апам мага айтпай, улуу композитор Калый Молдобасановдун жубайы биздин эжебиз болот, ошол Үпөл эжекеме барып, “балам чыгармачылыкка кызыгам деп жатат, ушуга бир жардам бересизби?” деп сураптыр. Үпөл эжекем “Тунгуч” театрына барсын, мен айтып койдум, ал жактан Жамал Сейдакматовага кирип жолуксун” дептир. Укканда кубанычым коюнума батпай аябай сүйүндүм, анан экөөбүз “Тунгуч” театрына бардык. Ал убакта “Тунгуч” театры дүркүрөп-өсүп жаткан кези. Жамал Сейдакматова эжеге жолуктук, талантымды байкашты, ал жерден “сен окушуң керек, бул жакта калып иштеп калсаң билими жок кийин өзүң кыйналып каласың” деди да, мени Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайга жөнөттү. Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева эжебиз ээрчитип барды окуу жайга. Ал убакта окуу жайдын директору Темирлан Сманбеков эле, кирсек ал киши “оо, канчадасың?” деди, мен “оо, он сегиздемин” дедим (күлүп). “Эми чоң эле киши болуп калыпсың, апаңды кыйнабай эле өзүң келбейт белең” деп мени уят кылганы эсимде. Ошентип, 18ге чыгып калсам да апам мени жетелеп келип театрга киргизип кеткен.

«Келиндерине кайнене эмес, апа болду»

– Апам келиндерине жакшы кайнене эмес, абдан мыкты апа боло алды десем болот. Мүнөзү токтоо, сабырдуу, келиндерине жакшы сөзү, жүрөгүндөгү мээрими менен мамиле курат, акылын айтып турат. Бардык келиндерин жаңы келгенде аябай сүйүнүп, жакшы кабыл алды, азыркыга чейин жакшы көрөт. Кандай тарбияда, кандай мүнөздө болсо да ошондой сүйүп, ошондой жакшы кабыл алды. Эч биринен жылуу мамилесин аяган жок. Эч нерсесине чек койгон да жок. Ар бири өз оюн эркин билдире алган төрт келиндин мыкты кайненеси менин апам.

Чоң эне неберелерин ар дайым өз ата-энесинен да артык сүйгөн биринчи адам эмеспи. Андыктан неберелерине да мыкты чоң эне. Апам үчүн, эң башкысы, мен эң жакшы адам болушум керек. Эне үчүн баласынын жакшылыгын, ийгилигин, жетишкендиктерин көрүүдөн өткөн бакыт жок деп ойлойм. Колумдан келсе ар бир күн көңүлүн көтөрүп, жакшы сөз арнагым келет.

Жаш кезде билинбегени менен, качан өзүңдүн балдарың болгондо берген тарбияңды таразалап көрүп, анан апаңдын сени жарык дүйнөгө алып келгенден берки сага арнаган бүтүн жашоосуна саресеп салат экенсиң. Бул опол тоодой эмгектин баасы жок, эненин орду бейиш. Жаратканым бардык энелердин өмүрүн узун кылсын деп тилейм.

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан