“Безумный Макстын” кезектеги бөлүмүн тартуу идеясы 10 жыл мурун эле келген. Аня Тейлор Жой жана Крис Хемсворт менен биргеликте франшизабызды жарыкка чыгардык” дейт аталган тасманын 5-бөлүмүн тарткан режиссёр Жордж Миллер. Айдоочуларга карата “Безумный Макс болуп кетесиң да” деген салыштыруу дал ушул тасмадан калган. Каармандардын кара жолдо кооптуу сыноолорго толгон окуялары тууралуу тартылган “Фуриоса: Безумный Макстын хроникасы” тасмасынын таржымалы назарыңызда.
Тарткан өлкө: Австралия, АКШ
Чыккан жылы: 2024-жыл, 25-май
Жанры: фантастика, боевик, экшн,
Режиссёру: Жордж Миллер
Узактыгы: 2 саат 28 мүнөт
Башкы ролдордо: Аня Тейлор-Жой, Крис Хемсворт, Том Бёрк, Лейчи Хьюм жана башка
Бюджети: 168 миллион доллар
Топтогон каражаты: 173 миллион доллар
Приквел
2015-жылы чыккан “Безумный Макс: Дорога ярости” тасмасы кино дүйнөсүндө фурор жаратып, кино сынчылар тарабынан “учурдун мыкты боевиги” деген баага арзыган эле. Анан да “Оскар” сыйлыгынын 6 статуэткасына ээ болгон. Сарпталган 150 миллион долларлык бюджетти эки эсе актап, прокаттан 380 миллион доллар каражат чогулткан. Франшизанын кийинки бөлүгүн тартуу иштери дароо эле башталмак, бирок режиссёр Жордж Миллер менен Warner Bros. компаниясынын ортосунда каржылык келишпестиктен улам сот иштери башталып, тартуу процесси токтоп калган. Арадан 9 жыл өтүп, тасманын приквели (2015-жылы чыккан тасмадагы окуялардан бир нече жыл мурунку мезгил) жарыкка чыкты. “Безумный Макс: Дорога ярости” тасмасында Фуриосанын ролунда актриса Шарлиз Терон эмеспи. Актриса приквелге катышпай калганына көңүлү чөккөнүн, бирок өзүнүн жаш кезин Аня Тейлор-Жой мыкты аткарганын айтат. Жордж Миллер болсо Теронду жасалма интеллекттин (ИИ) жардамы менен жашартып тартайын деп, бирок актриса өтө эле жасалма болуп каларын ойлоп башка актрисаны чакырганын айтат.
Мазмуну
Токчулук, тынчтык өкүм сүргөн, жалаң аялдар жашаган Жашыл Жерден Фуриоса аттуу кызды Дементустун байкерлер бандасындагы адамдар алып качышат. Алардын максаты – Фуриосанын жардамы менен Жашыл Жерди басып алуу эле. Фуриосанын артынан апасы куугунга чыгып, акырында Дементустун колунан каза табат. Фуриоса болсо өч алуу максаты менен чоңоё берет. Дементус Цитадель деген жер жана анын башкаруучусу Өлбөс Жо тууралуу угуп, анын жерин басып алууга аракет кылат. Бирок аракети таш кабат, сүйлөшүү иштеринин жүрүшүнда ал Фуриосаны Өлбөс Жого таштап кетет. Эр жүрөк кыз Цитаделден качып, кайра техниканын тилин билген, бирок дудук жаш жигиттин образында кайтат. Цитадель менен башка жерлерди байланыштырган, азык-түлүк, күйүүчү май жана башка керектүүлөрдү алып келген кызмат Жек аттуу айдоочунуку. Анткени кандуу, кооптуу, душмандар толгон жолдо тажрыйбалуу, баатыр, айлакер айдоочу керек. Жек дал ошондой айдоочу болчу. Фуриоса Жектин командасына кошулат, айла таап Жашыл Жерге качышы керек...
Бул тасманы али көрө электер үчүн спойлер!
45 жылдык тарых!
Тасманын 45 жылдык тарыхы бар. Алгачкы “Безумный Макс” тасмасы 1979-жылы экранга чыккан (кийинкилери 1981-жыл, 1985-жыл, 2015-жыл, 2024-жыл). Алгачкысынын, 2015 жана 2024-жылы чыккан бөлүмдөрүнүн эки тизгин, бир чылбыры режиссёр Жордж Миллердин колунда болду. “Фуриоса: Безумный Макстын хроникасын” тартуу иштери 2020-жылы башталып, 2022-жылы аяктаган. Башынан аягына чейин Австралияда тартылган.
Врач анан режиссёр
1970-жылдардын башында Жордж Миллер Квинсленд штатындагы оорукананын “Тез жардам” бөлүмүндө иштечү. “Ал убакта жолдогу ылдамдыкка чектөө аз болгондуктан, күнүнө ондогон автокырсыктан жабыркагандарды кабыл алчубуз. Эми түрдүү жаракаттарды көрөсүң, кээ бири түшкө киргендей коркунучтуу” деп эскерет режиссёр алгачкы кесибин. Врач болуу менен катар кино тартуу хоббисин ишке ашырган Миллер дүйнө жүзүнө белгилүү “Безумный Макс” франшизасын жарыкка чыгарды. Ал тасмада каармандардын автокырсыктардан алган түрдүү жаракаттарын, образдарын реалдуулукка жакындатканга врачтык кесиптеги практикасы жардам берерин айтат.
Фуриоса – Анна Тейлор-Жой
28 жаштагы АКШлык актриса Аня Тейлор-Жой Фуриосанын образы карьерасындагы эң оор роль болгонун айтат. Айдоочулук күбөлүгү жок, уруш өнөрлөрүнөн кабары жок актриса тасмага тартылуу үчүн 1 жыл мурун даярдыкты баштаган. Бир жылдан кийин фураны өзү башкарган, курал колдонгонду билген, көпчүлүк трюктарды каскадёрлордун жардамысыз өзү аткарган чыныгы Фуриоса жаралган. “Буга чейинки бөлүктө Фуриоса таз баш го. Шарлиз Терон образ үчүн чачын кырдырууга барган экен. Мен деле кырдырам деп баргам режиссёрго. Бирок ал бир чети узун чачымды аяды, экинчиден, окуялар тизмектелбей, ар кайсы учур тартылгандыктан жөн кой деп койгон. Андыктан чач жасалгам өзгөргөн жерлерде парик колдонулду” дейт. Тасмада Фуриосанын кичинекей кезин 14 жаштагы актриса Элайла Браун аткарган. Элайла менен Анянын айырмачылыгы билинбеш үчүн жасалма интеллект жардамга келген.
Дементус – Крис Хемсворт
41 жаштагы австралиялык актёр Крис Хемсвортту буга чейин деле тасмада узун чач жасалгасы менен көргөнбүз. Тагыраагы, анын аткаруусунда америкалык супер баатыр Тордун образын көпчүлүк жакшы тааныйт. Айырмачылыгы – Тор дүйнө жүзүн сактаган оң каармандын ролунда болчу. “Фуриоса: Безумный Макстын хроникасында” Крис терс каарман Дементустун образын жаратты. Чач жасалгадан сырткары Криске мурун чапталганын көрсөк болот. “Башка мурундун протезин кийишиң керек” деген талап деле болгон эмес. Болгону мурун, сакал, парик, костюмдар – мунун баары чыныгы өзүңдөн алыстатат. Канчалык өзүңдөн алыстасаң, ошончолук кинодогу образыңды жакшы ачканга, өзүң ошол образга ишенгенге мүмкүнчүлүк жогору болот” деген.
Кыскача кызыктар
* 15 мүнөттүк бир экшн-сценаны 200 каскадёрдун катышуусунда 78 күн тартышкан. Баш-аягы тасмага 268 каскадёр катышкан.
* Режиссёр Жордж Миллер франшизанын 6-бөлүгү чыгышы мүмкүн экенин кабарлады. Бул процесс “Фуриоса: Безумный Макстын хроникасы” тасмасынын прокаттан түшкөн каражатына жараша чечилет дейт. Азырынча прокаттан корогон бюджетти гана жапкан каражат түштү. Ошентсе да кийинки бөлүктүн чыгышын күткөндөр бар. Тасманын 6-бөлүгү чыкса “Безумный Макс: Пустошь” деген аталышка ээ болот.
* Тасманы тартуу иштерине 3000ден ашык адам катышкан.
* Фуриоса Дементустун тилин кесип алган сценаны режиссёр тасмага кошпой койгон. Кесилген тилдин протезин Фуриоса, ой, актриса Аня Тейлор-Жой эстеликке деп өзүнө алып калган.
Асыл Орозбекова