Кайсы темпераменттеги адамсыз: меланхолик, сангвиник, холерик же флегматик?

Сизди бирөө “меланхолик экенсиң” деди беле? Балким, сангвиник болуп жүрбөңүз же флегматик, холерик? Адамдын темпераментин түшүндүргөн бул терминдердин маанисинин чечмелениши кызыгуу жаратат. Темпераменттин 4 түрүнүн бөлүнүшү, бири-биринен өзгөчөлүгү жана эң негизгиси сиздин темпераментиңиз кайсы экенин билүү үчүн төмөндө түшүндүрмө бердик.

Темперамент бул?

Темперамент – бул адамдын айлана-чөйрөгө болгон мамилеси, реакциясы, жүрүм-турумунун аралашмасы болуп эсептелет. Темпераментти көп учурда адамдын мүнөзү менен алмаштыра беришет. Албетте, экөө бири-бири менен байланышкан учурлар бар. Бирок бир темпераменттеги адамдардын мүнөзү такыр башка болот. Темперамент адамда тубаса болот делет, ал эми мүнөз убакытка, учурга, окуяга, айлана-чөйрөгө, курчап турган адамдарга жараша өзгөрөт, калыптанат. Темпераменттин 4 түрү тууралуу алгач байыркы грециялык врач, табып Гиппократ айтып чыккан. Андан бери канча суулар акты, мезгил алмашты дегендей. Темпераменттин чечмеленишине, түрлөрүнө заманга ылайык улам толуктоо-кошумчалар болуп келет. Бирок негизги өзөгү катары 4 түр алмаша элек: холерик, меланхолик, сангвиник, флегматик. Заманбап психологияда 5 түр же кошумча маалымат делинеби, айтор, темпераменттин аралашма түрү да колдонулуп келет. Анда эмесе ар бир түрдү майдалап көрөлү.

Меланхоликтер – сезимтал адамдар

Бул темпераментке көбүнчө баарына сезимтал, жан дүйнөсү назик делген адамдар кирет. Пессимизмге, стресске бат алдырышат, бат кайгырып, бат санаа тартып, кайгысын көпкө чейин коё бере албай жүрүшөт. Күчтүү тарабы катары аналитикалык ой жүгүртө билүүсүн айтса болот. Баамчылдык сапаты күчтүү, айланада эмне болуп жатканын алдын ала байкап турат, андыктан мындай адамдардан жоопкерчиликтүү кызматкерлер чыгат. Ошол эле учурда демилге көтөрүп, алдыга чуркап чыккан лидерлик сапатка ээ эмес. Андан көрө “сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм” деген принципте четтеп турат. Шаан-шөкөттү эмес, жалгыздыкта, тынч эс алганды жактырат. Меланхоликтердин арасынан чыгармачыл жаатта эмгектенген адамдар көп, дал ушул темпераменттеги адамдардан дүйнөлүк шедеврлер көп жаралат.

Таарынчаак

Тынчсызданган

Сезимтал

Токтоо

Пессимист

Флегматиктер – оор басырыктуу адамдар

“Бейтааныш адамга көпкө чейин ачыла албайм” деген адамды көрсөңүз – анын темпераменти флегматик болуп саналат. Адамдарды тандап сүйлөшөт, “душа компании” боло албайт, бирок анын тилин таба алсаңыз, эң мыкты компаньон болуп берет. Жакын деп санаган адамдарына ишенимдүү, мыкты чеп болгонго аракет кылат. Жашоосун бир калыпка салып, тартип менен жашаганды жактырат. Адаттарды алмаштыруу, “комфорт зонасынан” чыгуу флегматиктерге оорчулук жаратат. Максатка жетүүдө баш тебелеп кетчүлөрдөн эмес, конфликт жарала турган учурда артка кадам таштайт. Андыктан флегматиктердин арасында амбициясы күчтүү лидерлер жокко эсе. Бирөөнүн башкаруусунда жоопкерчиликтүү кызматкер болуп берет. Эмоциясын көп чыгарбаган, оор басырыктуу адам, жакындарына мыкты өнөктөш, ишенимдүү жуп, чыныгы дос болуп бере алат.

Оор басырыктуу

Ишенимдүү

Аракетчил

Ойчул

Пассивдүү

Холериктер – “ысык” жандар

“Ысык” дегенди кандай түшүнөсүз? Мындай типтеги адамдар – бир орунда тура албаган, энергиясын кайда төгүп-чачарын билбеген активдүү анан да кумарлуу болушат. Алардын маанайынын өзгөрүүсүн да “кууп” жете албайсың. Бир туруп каткырып, кайра бир заматта кайгырып, ыйлап-сыктап, айтор, энергиясын сактап отурбай чачып жиберип, бат алдан кетип отуруп калат. Экстраверттерге тиешелүү чыдамсыздык, кызуу кандуулук мүнөзгө ээ. Андыктан бир орунда көпкө отуруп иштөө булар үчүн эмес, бат-баттан жумуш ордун алмаштырып, эмоциясын жаңылап турбаса өздөрүн жаман сезишет. Бул сапат мамиле курууда айрым учурда оорчулук жаратышы мүмкүн. Анткени жаңы эмоцияларды кууп отуруп, колдогу бактысын учуруп жибергенин байкабай калышат. Артынан элди ээрчите алган энергиясы бар, мындай адамдардан лидерлер көп чыгат, андан сырткары азыркы заманга ылайык оратор, тренер, коуч, блогер деген кесипти аркаласа да жарашат.

Кызуу кандуу

Активдүү

Агрессивдүү

Оптимист

Лидер

Сангвиниктер – оптимисттер

Сангвиниктерде да экстраверттик мүнөз басымдуулук кылат. Шайыр, активдүү, эмоционалдуу, баары менен бат тил табышкан сапаттарга ээ. Мен-мен деген эгосу күчтүү келет, ошон үчүн көпчүлүктүн алдында өзүн көрсөткүсү, мактангысы жана макталгысы келе берет. Курч сезимдерди жараткан жактарда, шаан-шөкөттүү жайларда жүргөндү жактырат. Кандай компания болбосун тил табышып, отурган жерин шаңга бөлөй алат. Ийгиликсиз болуп калган учурдан жеңил эле өтө алат, болбой калды деп кол куушуруп, кайгырып отургандан эч нерсе чыкпайт деп эсептейт. Жаман деп  – ишенимсиздик сапатын айтса болот. Өзүнө пайда алып келбеген учурда мурда айткан сөзүнөн танып кетмейи бар, өзүнө болгон ишеними өтө күчтүү болгону менен, дал ушул сапаттары айрым учурда тескери натыйжа берип калышы ыктымал. Холериктерден айырмасы – эмоциясын башкара алат.

Коммуникативдүү

Бейкапар

Амбициялуу

Демилгечи

Активдүү


Аралаштар

Заманбап психологдор адамдарды Гиппократтын 4 түрдүү темпераментинин бирөөнө гана тиешелүү деп бөлүп коюу туура эмес деп эсептешет. Бир адамда 4 түрдөгү темперамент жашашы мүмкүн, башкача айтканда, тетраверт деген жаңы темперамент. Жаңы түр деген да жарашпайт, болгону аралашып кеткен мезгил. Абалга жараша адам стресске кабылган учурда меланхолик, энергиясын жашыра албаган мезгилде холерик же сангвиник, жашоосун тартипке салгысы келген учурда флегматик боло берет. Ошол эле учурда адамда темпераменттин 4 түрүнүн бири гана басымдуулук кылат, жашоосу, мүнөзү, айланага, жакындарына, бейтааныштарга, түрдүү окуяларга карата мамилеси, реакциясына жараша 4 түрдүн бирине бөлүнүп калат. Ошондо сиз кайсы темпераменттеги адам экенсиз, окурман?

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан