28 жаштагы келинге кошунасы көрө албастыктан балта чаптыбы?

Оштун Өзгөн районуна караштуу Жыланды айылында өткөн аптада үрөй учурган окуя катталды. "28 жаштагы Мирсулуу Курманбек кызы аттуу айыл тургунун 24 жаштагы кошунасы балталап өлтүрүп салган" деп маалымат таратты милиция. Окуянын чоо-жайын макаладан окуңуз.

Кандалат Исмаилова, маркумдун апасы: “Каргашадан бир күн мурун эле кызымды көргөм, жаркылдап турган”

– Биз Красный-Маяк айылынан болобуз. Кызым мындан 10 жыл мурун Жыланды айылына келин болуп түшкөн. Күйөө балам бир үйдүн жалгыз уулу, кудагыйым баласын жалгыз бой чоңойткон экен. Кылмыш болордон бир күн мурун кызымдын айылына барып учурашып кеткенбиз. Боорсогун бышырып, кыямдарын коюп, аябай бизди коноктогон эле байкуш кызым (ыйлап). Жаркылдап, жапжакшынакай эле жүргөн. 4-октябрь күнү ушул каргаша болуп отурат. Мага “тез келе калыңыз, кудагыйыңыз менен кызыңыз кырсыктап калышты” деп телефон чалышты. Машинаны айдатып, 15-20 мүнөттө эле жетип бардым. Үйүнө кирсем милиция кызматкерлери жүрүптүр, арыктын ичи толо кан экен. Негедир кызымдын буту же колу сынган окшойт деп ойлоп, “кудагыйым жакшы бекен?” деп көбүрөөк ошол кишиге санаа тартыпмын. Мындай мыкаачылык болгонун такыр элестеткен эмесмин. Өз оокатына тың, балдарына тарбия берүү менен гана алек болгон кызымдын эч кимге жамандыгы жок эле. Артында 4 чырактай баласы энесиз жетим калды, алар кандай күндү көрүшөт эми? Улуусу 6 жашта, экинчиси 5 жашта, бала бакчага барат. Ортончусу 3 жашта, эң кичүүсү 1 жаш 2 айлык, эмчектеги бала. Өлүк сактоочу жайдагы дарыгерлер “кызыңар өлгөндөн кийин да бир сааттай сүтү токтобой агып жатты” деп айтышыптыр. Жаным ачышып, ичим эңшерилип турат. Канкор зөөкүр өмүр бою түрмөгө кесилсин. Канкордун үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишсин, уятына чыдабай өздөрү билип көчүп кетишсе болот эми, кантип кошуна болуп жашашмак эле? 

Жумабек Матиев, маркумдун агасы: “Кошунасы муну көрө албастыктан улам кылды деп ойлойм”

– Мен маркум Мирсулуунун эң кичүү агасы болом. Карындашымды өлүк сактоочу жайдан улуу агам алып келди. Карындашым 4-октябрь күнү үйүндө кайненеси экөө эски тандырды бузуп, анын калдыктарын арабага жүктөп жаткан учурда кошунасы балта көтөрүп келип желке тушка эки жолу катуу чаап салган. Андан кийин кайненесин да өлтүрөм деп аракет кылганда кудагыйыбыз чуркаган бойдон үйүнө качып кириптир. Күйөө бала үйдөн чуркап чыкса, тиги зөөкүр качып кетиптир. Бул окуянын баарына карындашымдын кичүү баласы күбө болгон. Кошунасы муну көрө албастыктан улам кылды деп ойлойбуз. “Ортодо чыр жер талаштан чыкты” деп айтып жатышпайбы, анын баары калп. Эки кошунанын ортосунда жер талаш болгону чын, бирок күйөө балам “койчу, жарым метр жер үчүн чырдашпай эле коёлу” деп талаштуу жерди калтырып, өзү тарабына 1 метрдей жылыптыр. Жер талаштан чыккан чыр дегени жөн эле шылтоо. Кошуналары карындашымдын үй-бүлөсү жеткен ийгиликти көрө албай, ичтери күйүп жатып ушул окуя болду деген ойдомун. Күйөө балам үйдүн жалгыз баласы, апасын, карындашымды алып Орусияда иштеп келип там тургузушту, элден кем эмес жашашчу. Карындашым ыраматылык да мээнеткеч эле. Шерине, той-топурду токтото туруп үйүбүздү бүтүрүп алалы деп тырышты. Кайненеси менен күйөөсү Орусияда калып иштеп, бул жакка акча жөнөтүп турганда, карындашым балдарын карап, усталарды багып бир үйдү тургузуп койду да. Тиги өлтүргөн баланы "психикалык жактан оорулуу" деп жатышат, бул дагы калп. Эч кандай оорулуу эмес, сопсоо эле бала. Бул жөн эле аны кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу айласы деп ойлойм. 

“Кошунасынын апасы дайыма балдарын тукурчу экен”

– Көбү тиги кошунасын “шектүү” деп жатышат, ал шектүү эмес, канкор, мыкаачы. Баарын өз атынан айткыла шектүү дебей. Көрөсүңөр, сот деле аны “кылмышкер” деп табат болуш керек. Анын эки эркек баласы бар, аялы дайыма балдарын “экөөңөр туруп колуңардан эч нерсе келбейт, тигинин жалгыз баласы тиричилик кылып, бир үйдү тургузуп койду” деп дайыма урушуп, күйөө балабызга каршы тукуруп турчу экен, угушумча. Ошентип жүрүп балдарынын мээсине жаман ойду куюп койгон деп ойлойм. Алар менин күйөө баламдын үй-бүлөсүн душман тутуп алышты. Кошуналар ортосунда көрө албастык, ич күйдүлүк болгондо тынч жашоо болбойт, ичи өрттөнүп турган адам сөзсүз урушканга себеп табат. Шектелип жаткан бала күйөө балама “сенин аялың жакшы, айтканыңдан чыкпайт, силер алыста жүрсөңөр да жүрүм-туруму түз” деп аябай мактачу экен. Апасы да “сага караганда кошунанын баласы тың, аялы да жакшы” деп кечке мээсин жеп жатса ичиндеги арам ойлорун тизгиндей албай калды деп ойлойм. Учурда атам жүрөгү ооруп ооруканада жатат. Тиги канкор карындашымды өлтүргөндөн кийин башка айылга качып кеткен экен, милиция кызматкерлери жашынган жеринен кармап келишти. Ага карата мыйзамда каралган эң оор жазаны сурайбыз, аны 100 жылга кескенде деле карындашыбыз тирилип келбейт, билем. Бирок адам өмүрүнө кол салган кандай болорун сезсин. Бир үйдүн куту кетип, эмчектен чыга элек баласы чыркырап ыйлаган бойдон калды, ошол балдардын убалы уктатпасын. 

Ош ОИИББи: “Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”

– 4-октябрь күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө “1996-жылы туулган келинди өзү жашаган үйдө кошунасы балта чаап өлтүрүп койду” деп белгисиз аял телефон чалган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгондор суракка алынды. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган окуя боюнча Акыйкатчы институту атайын аймактык кызматкерлерин каргаша катталган айылга жиберип, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө укуктук жардам көрсөтүү максатында акысыз адвокат сунуштаганын билдиришти. Калган иш укук коргоо жана сот органдарынын колунда. Окуя калыс иликтенип, күнөөлүү тарап мыйзам чегинде татыктуу жазасын алат деп ишенебиз. Окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угууга даярбыз.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан