Перу – жылы бою эс алуучуларды кабыл алган мамлекет. Көз жоосун алган жаратылышы, меймандос эли, кызыктуу тарыхы, маданияты менен көпчүлүктү өзүнө тарткан жайга, балким, биз да барып келербиз. Азырынча эт жебесек да, шорпосун ичкендей болуп макала аркылуу алыскы Перу Республикасына чогуу саякаттап келели.
Расмий аталышы: Перу Республикасы
Көз карандысыздык алган күнү (Испаниядан): 1821-жыл, 21-июль
Борбору: Лима шаары
Башкаруу формасы: президенттик республика
Президенти: Дина Болуарте
Расмий тили: испан
Дини: светтик мамлекет
Аянты: 1 285 200 чарчы чакырым
Элинин саны: 32 162 184 (2020-жылдагы санак менен)
Валютасы: Перуандык жаңы соль
(1 соль орточо 22 сомго барабар)
Чектеш мамлекеттер: Эквадор, Колумбия, Бразилия, Боливия, Чили
Тарыхы
Түштүк Америкада жайгашкан мамлекеттин тарыхы биздин эрага чейинки Х миң жылдыкка барып такалат. Перудагы таштан тургузулган курулуштар, байыркы жаныбарлардын сөөктөрү, айрым өсүмдүктөрдүн пайда болуу убактысын изилдей келгенде Перу биздин заманга чейин жок дегенде 12 миң жыл мурун пайда болгон.
11-кылымда Урубамба дарыясынын жээгинде инктердин мамлекети жашаган. Андан кийинки 500 жылдыкта инктердин Тауантинсуйу мамлекети килтейген Америкага айланган. Инктердин эң бекем деп саналган Мачу-Пикчу чеби Перуда жайгашкан. Азыр Мачу-Пикчу тарыхка бай байыркы шаар катары туристтердин өзгөчө кызыгуусунда турат.
Эки бир туугандын талашы мамлекетти колония кылган
Инктердин башында турган эки бир тууган Атауальпа менен Уаскар бийлик талашып уруша башташат. Бул ызы-чуудан пайдаланган испаниялык Писсарро Перунун ошол кездеги борбору Куско шаарын басып алып, Уаскардын тарабына өтүп, Атауальпанын үстүнөн сот жүргүзүп, акырында аны өлүм жазасына буюрган. Азыркы Перунун борбор шаары Лиманы Писсаро негиздеген.
Испаниянын колониясынан кутулуу үчүн инктер бир нече жолу аракет кылышкан. 1821-жылы көз карандысыздык алганга жетишип, бирок кыска аралыктан кийин эле кайрадан испандар жеңүүчү болгон. 1824-жылы Сукре жана Боливар аттуу адамдардын башкаруусундагы жаңжалда испандар жеңилүүгө дуушар болушат. Боливар Перуну экиге бөлүп салган: Перу жана өз ысымынан Боливия деп. Перуну өзү башкарып, Боливияны Сукреге берет. Экөөнүн ынтымагы деле көпкө узаган эмес, Перунун андан кийинки 100 жылдан ашык жашоосу Боливия жана башка мамлекеттер менен согуш, мамлекет ичиндеги жарандык согуш, көтөрүлүш, төңкөрүштөр менен өткөн.
“Сүрөттөргө жан кирет”
Перуга барып келген адамдар “сүрөттөрдөн көз жоосун алган кооз жаратылыштарды көрөсүң го. Перуга барсаң ошол сүрөттөргө жан киргендей сезилет” дешет. Перуну аба ырайына, флора-фаунасына карап 3 аймакка бөлсө болот. Биринчиси – Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан чөлдүү, кургакчылык өкүм сүргөн Коста аймагы. Кургакчылык өкүм сүргөнү менен абасы нымдуу, туман бат-бат каптаган, жаан жаабаса да булут каптап турган өзгөчө жер.
Экинчиси – Перунун аймагында жайгашкан Анд тоолору. Анда 6768 метр бийиктиктеги Уаскаран тоосу бар. Негизи Перуда 6000 метр бийиктиктен жогору жайгашкан 30дан ашык тоо чокуларын кездештирсе болот.
Үчүнчүсү – Амазон токойлору. Нымдуу тропикалык токойлордо жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрдүүлүгү, өзгөчөлүгү да көпчүлүктү кызыктырбай койбойт. “Анаконда” тасмасы эсиңиздеби? Ошол тасма тартылган, адамдарды кумурскадай илип жеген питон тууралуу тасма дал ушул Перудагы Амазонка дарыясынан тартылган.
Экономикасы
2018-жылдын эсеби менен Перуда минималдуу айлык акы болжолдуу 930 соль (280-300 доллар), ал эми орточо айлык акы 1704 соль (520 доллар деп) белгиленген.
Жаратылыш ресурстары: жез, күмүш, алтын, нефть, токой чарбачылыгы, темир, көмүр, фосфат, гидроэнергия, газ жана башка. Бул ресурстарды казып чыгуу, иштетүү, таратуу көптөгөн адамдарды кызмат орундары менен камсыз кылат. Андан сырткары агрардык чарбачылык, өнөр жай, айыл чарба тармагында да кызматчылар көп.
Экспортко жез, алтын, цинк, темир, нефть, күмүш, газ, кофе, спаржа, жашылча-жемиш, текстиль, балык уну, балык жана башкаларды чыгарат. Ал эми импортко пластмасса, автоунаалар, электротехника жана телекоммуникациялык жабдыктар, буудай, жүгөрү, соя азыктары, кагаз, пахта, дары-дармек жана башкалар талап кылынат.
Кыскача кызыктар
* Борбору. Лима шаарында 10 миллионго жакын адам жашайт. Расмий тили испан, алыскы аймактарда кечуа, аймара аталышындагы тилде сүйлөшөт. Мамлекетте 70тен ашык этникалык улуттар жашайт.
* Ашканасы. Европа ашканасынын тамактары басымдуулук кылат. Ошентсе да Перу экзотикалык мамлекет болгондуктан өздөрүнүн деликатестери бар. Эң популярдуусу – куя деп аталат. Анда негизги каарман – деңиз чочкосун (морская свинка) бүкүлү бойдон бууга бышырышат же көп өлчөмдөгү майга кууруп беришет. Түрдүү татымалдарды, өзгөчө ачуу калемпирди көп колдонушкандыктан, абайлап жегенге туура келет. Биринчи орунда эттен жасалган тамактар болсо, экинчиде буурчактын түрүнөн жасалган азыктар сунушталат. Баса, Перунун ашканасы көп түрдүүлүгү менен “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген.
* Транспорт. Мамлекетке барчу географиялык координаттар татаал болгондуктан, көбүнчө учак менен келүү гана мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Мамлекеттин ичинде да ири шаарларга учак менен барып-келишет. Ал эми шаарларда поезд, автобус, такси сыяктуу транспорттор бар.
* Эс алуу. Жаратылышы түрдүү дебедикпи. Андыктан тоого баргандар үчүн өзүнчө, жунгли кыдырам дегендерге башка, Тынч океандын жээгинде калгысы келгендерге жана чөлгө барып көрөм дегендерге да сунушталчу кызыктар көп. Андан сырткары инктердин тарыхын чагылдырган байыркы шаарлар, архитектурасы өзгөчө имараттар, курулуштар өтө көп.
* Эли. Шаардагы калкы замандашып калган. Ал эми алыскы аймактардын элинин жашоосу кызыгуу жаратпай койбойт. Амазонканы бойлой жашаган уруулардын эли жакырчылыктан улам суунун үстүндө камыштан жасалган үйлөрдө жашашат. Суу көбөйгөндө үй жээкти бойлой калкып жүрсө, суу тартылганда жерге түшөт. Андан сырткары чоң дарактардын башындагы үйлөрдө жашагандар да бар. Алар суудан, жердеги жапайы жаныбарлардан коргонуп бийикке жайгашышкан. Ар бир уруунун өзүнүн шаманы бар. Шаман – дары өсүмдүктөрдүн жана ырым-жырымдардын жардамы менен ооруларды, кырсыктарды айыктыруучу табып деп эсептешет.
Эң-эң-эң...
• Эң биринчи картошка Перуда пайда болгон деп эсептешет жергиликтүү жашоочулар. Анткени өлкөдө картошканын 3000ден ашык түрү бар. Түрдүү формадагы, түрдүү түстөгү бул өсүмдүктүн өзүнчө музейи жана өзгөчө сорттордун үрөнүн сактаган атайын банк бар.
• Эң көп альпака Перуда. Тагыраагы, Перунун Анд тоолорун мекендеген бул жаныбарлардын саны
3 миллиондон ашат.
• Жер жүзүндөгү эң чоң анд кондору деп аталган куш да Перуну мекендейт. Анын канатынын узундугу 3 метрден ашат.
• Перуда жаратылыш кереметтеринин бири – Титикака көлү бар. Бул дүйнөдөгү эң бийик кеме жүрүүчү көл жана Түштүк Америкадагы таза суунун запасы боюнча эң чоң көл.
• Дүйнөдөгү эң узун Амазонка дарыясы дал ушул Перудан башталат.
• Перудагы Анд тоолорунда дүйнөдөгү эң чоң гүлдүү өсүмдүк – Пуя Раймонда өсөт. Анын бийиктиги 10 метрге жетет.
• Жер жүзүндөгү эң терең деп эсептелген Колка жана Котауаси каньондору да Перуда. Колканын эң терең чекити – 4160 метр, ал эми Котауасиники – 3354 метр деп эсептелген.
• Перунун сыймыктанган символдорунун катарына кирген – күлгүн түстүү дельфин. Бул жаныбарлар мамлекеттин коргоосунда, андыктан популяциясы көп санда.
• Мамлекетте С витамини эң көп жемиш да бар. Каму-каму аталган жемиштин курамындагы С витамини апельсинге караганда 50 эсе көп деп эсептелет.
Асыл Орозбекова