Чон  Со Мин: “Менден качан турмушка чыгасың деп сурабай калышкан”

Түштүк Кореялык актриса Чон Со Миндин ити чөп жеп турган маал. Анткени ал башкы ролдогу “Апамдын курбусунун баласы” дорамасы ондогон өлкөлөрдүн рейтингинде көрүүлөр боюнча лидерлик сапта турат. Буга чейин деле актриса таланты менен күйөрман топтогонго жетишкен. Чон Со Миндин атактуулугунун артында кандай эмгек турат, канча убакыт сарпталды, макалада чагылдырдык.

Аты-жөнү: Ким Юн Жи

Псевдоними: Чон Со Мин

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан

Туулган жылы: 1989-жыл, 16-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 163 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Апамдын курбусунун баласы”, “30 күн”, “Алхимия душ”, “Пусанга карай кеме”, “Чоң адам”, “Асмандан кулаган миллион жылдыз” жана башка 

Мүнөздүн калыптанышына ким жоопкер?

“Адамдын мүнөзүнүн калыптанышына биринчи себеп – генетика болсо, экинчиси жана көбүрөөгү айланасындагылардын таасири, тарбиясы болот дейт элем. Кичинемде көп убактым иним Ким Хё Жун менен өтчү, анткени ата-энем бизди кем-карчысыз өстүрөбүз деп аракет кылып иштешчү. Ошол эле учурда мээримден, сүйүүдөн өксүтүшкөн жок. Анан достордон, кошуналардан да жолдуу болдум. Башкача айтканда, балалыгымда мени ак көңүл, шайыр, мээримдүү адамдар курчап жүргөндүктөн, азыр активдүү, энергиясы ашып-ташкан, жашоодон жакшы гана нерселерди алганга умтулган мен жаралдым...”

Тайманбастыгы, шайырдыгы, кыйынчылыктан эмне болсо да өтүш керек деген эр жүрөк мүнөздөгү адам болгондугу үчүн да кино дүйнөсүнөн орун тапса керек. Чон Со Мин алгачкы жолу экранга 2010-жылы “Жаман бала” аталган дорамада экинчи пландагы каармандын ролу менен чыккан. Экинчи делгени менен, көрүүчүлөрдүн да, кино сынчылардын да көңүлүн буруп, каарманын элестүү кыла алган актрисаны экинчи ирет баш каармандын ролуна чакырышкан. “Оюнкараак өбүшүү” деп аталган сериал актриса үчүн сыноо эле, баш каармандын ролун алып кете алабы же эртелик кылабы деген. Сериал мекенинде өтө жогорку рейтингге жеткен эмес, бирок чет мамлекеттерде суроо-талапка ээ болуп, актриса катары аты көпчүлүккө белгилүү боло баштаган.

“Чечкиндүү эмесмин”

“Чечкиндүү болуп төрөлгөндөргө оң маанисинен айтканда – ичим күйөт. Бар го адамдар табиятынан тынч, олуттуу, баарын эмоцияга алдырып буркан-шаркан түшпөй эле, өзүн акыл менен башкарган, чечкиндүү кадамдарды таштаган. Мени деле көпчүлүк чечкиндүү деп айтса керек, бирок андай эмес. Ичимден кооптонуу, санааркоо болуп турганда өзүмдү өзүм “жыйнап”, сыртымдан жыйнактуу, чечкиндүү болуп көрүнгөнгө аракет кылам...”

Чечкиндүү эмесмин деген актриса чынында эле андай көрүнбөйт. Анткени анын актрисалык карьерасында түрдүү амплуадагы ролдор бар. Ошондуктан режиссёрлор аны коркпой сериалга да, кино го да байма-бай чакырышса керек. Кесибиндеги алгачкы кино сыйлыгын карьерасын баштагандан 1 жылдан кийин эле алган “Жаңы жылдыз” деп. Азыр анын сыйлык текчесинде көптөгөн статуэткалар бар.  

Мактанычы...

“Ар бир ролумда ар башка адам болгонум жагат. Эгер актриса болбосом, анда жашоонун ар түрдүүлүгүн, түрдүү мүнөз, түрдүү тагдыр бар экенин жакшы аңдап-түшүнбөй калмактырмын. Кесибимдин арты менен ар кимдин терисине киргенге мүмкүнчүлүк бар. Анан да ар бир долбоордо улуу-кичүү муундагы кесиптештер менен иштешем, алардан да көп нерсени үйрөнөм. Билем, мени менен иштешүү жеңил эмес. Чорт кыялым бар, сөздү жылмалабай, көңүлгө карабай тарс айтып салышым мүмкүн. Андай учурлар болсо, кесиптештеримден кечирим сурайм...”

Өзүн мүнөзү оор адам деп сүрөттөгөнү менен, кесиптештери башка пикирде. Мисалы, учурда хит болуп жаткан “Апамдын курбусунун баласы” дорамасындагы өнөктөшү актёр
Чон Хэ Ин: “Эртең менен жумушка келгенде Со Мин тартуу аянтчасында жүргөнүн алыстан эле билесиң. Каткырып күлүп, бардык персонал менен көп жылдык тааныштай ачык сүйлөшөт. Ачыктыгы, шайырдыгы менен башкаларды да арбап, ага ачылууга аргасыз кылат. Аны менен иштешүү абдан жеңил” дейт. Балким, Чон Со Минди тааныбагандар да бар. Алар үчүн актрисанын көрүнүктүү, мактанарлык эмгектерин сунуштайбыз. “30 күн”, “Алхимия душ”, “Пусанга карай кеме”, “Чоң адам”, “Асмандан кулаган миллион жылдыз” жана башка ондоп саналат.

“Эрте баш тартууга туура келди...”

“Үй-бүлөлүк жашоону ойлонгондо экөөбүзгө жаккан тамак-аштарды алдырып алып, кечкисин чогуу кино көрүп отурган көрүнүштү элестете берем. Менден качан турмушка чыгасың деп сурабай калышкан. Бул жаатта эрте баш тартууга туура келди... Мен жакындарымдын баарына менден эч нерсе күтпөгүлө, сурабагыла дегем. Азыр ата-энем неберелүү болуп көңүлдөрү ток тартып, тынчып калышты...”

Мындай ойдогу актрисанын жашоосунда сүйүү болгон эмеспи деген ой жаралбай койбойт. Болгон. Болгондо да көпчүлүктүн көз алдындагы махабат романы эле. 2017-жылы “Менин кызыктай атам” сериалын тартуу учурунда эки баш каармандын ортосунда махабат оту тутанат. Алар Со Мин менен актёр Ли Жун болчу. Экөөнүн романы 3 жылга созулуп, кийин эки башка кетишкен. Ошондон бери актрисанын сүйүү фронтунда башка мырзанын карааны байкалбайт. Анын үстүнө Со Мин өзү да “үй-бүлөлүк жашоо мен үчүн эмес” деп жар салып койду. Бирок ким билсин, Кудайдын өз планы бар дейт эмеспи.

 

Чон Со Мин Сеулдагы Улуттук искусство университетинин театр жана кино бөлүмүнөн билим алган.

Чон Со Минди “Noblesse” тобунун жана ырчы Со Ин Гуктун клиптеринен да көрсөк болот.

Кино жана дорамалардагы тартуу иштеринен сырткары Чон Со Мин театрда актриса, аудиокитептерди окуйт, радиоберүүлөрдү алып барганы бар, андан сырткары сериалдарга саундтрек жазганга да катышкан. Мына ушундай жаны тынбаган адам.

Кесиптештеринин арасынан актёр Ли Жун Хёк менен 4 долбоордо бирге иштешкен.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан