Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн санда)

Ошол күнү айтылган акчаны таап алып, болжошкон жерге келди Али. Жамгырлуу кеч эле. Тиги күттүрүп жатты. Алдындагы эбак муздап калган кофени тиктеп ойлуу отурду. Бир эле учурда коркуу, анан үмүт бар эле көздөрүндө. Улам саатын карап коюп, чыдамы кете баштады. Бир аз убакыттан кийин фотограф кирип келди. Эки жагын абайлай карады да Алиге акырын жакындады.

– Салам.

– Салам, алып келдиңби мен айткан сумманы?

– Алып келдим.

Калтыраган колдору менен Али берген акчаны алды. Жасалма эмеспи дегенсип бүшүркөп турду да, акырын чөнтөгүнө салды.

– Эми кезек сенде.

– Телефонуңа жибердим.

Алинин жүрөгү туйлап чыкты. Фотограф жалтактаган көздөрүн ала качып, сумкасынан төрт даана сүрөттү алдыга таштады. Эми телефонун карайын деп жаткан Али сүрөттөрдү көрүп нес боло түштү. Жүрөгү болк этти. Балдары! Так эле жоголгон күнү кийген кийимдери менен экен. Телмирип тиктеп туруп калды, тамагы кургап чыкты. Алыстан, жакындан тартылган төрт сүрөттөр эле. Эмнегедир жүздөрү даана тартылбаптыр. Кыйгачынан тартылган экен. Бирок балдары экени анык.

– Качан тартылган?

– Жоголгондон кийин эки күндөн кийин...

– Сен кантип... Сен...- титиреген Али эмне дээрин билбей турду.

– Мага сенин ызы-чууңдун эмне кереги бар?

– Азыр эмнеге керек болду?

– Керек болду, акча...

Тиги кете турган болуп ордунан тура баштады. Али ыргып туруп тигини каруудан мыкчый берди. Колдору тигинин жакасына өзүнөн-өзү жабыша берди.

– Коё бер...

– Ошол күндү мага толугу менен айтып бер. Кайсы жерде тартылган, эмне болгон, сен кантип тартып калдың? Баарын айтып бересиң.

– Жакамды бошот...

Ошондо гана Али колдорунун тигинин жакасына жабышкан бойдон карышып калганын байкады. Сөгүнүп-сагынган фотограф аргасыз отурду. Алиден кутулбай турганына көзү жеттиби, шыбырап сүйлөй баштады.

– Ошол күнү фотосессия кылабыз деп чыкканбыз. Сүрөткө ылайыктуу жер издеп жаттык. Фон кандай чыгат экен деп ар кайсы ракурста тартып жатып, алыста турган эки бала кадрга илинип калыптыр. Тигине, аркасында күн батып бара жаткан фон турат.

Али сүрөткө үңүлдү. Балдардын бети сүрөткө кыйгач түшкөн экен. Ошентсе да алардын бир нерседен коркуп турганын байкады. Жүрөгү тилине түштү.

– Кадрга кокустан илинип калды. Эмнеге көңүл бурганымды билбейм буларга...- ойлоно түштү фотограф.

– Жанында ким бар эле?

– Аа, эми эстедим. Менин көңүл бурганымдын себеби – күн батып баратканына карабай ээн жерде эки бала жалгыз болчу. Кимдир бирөөнү күтүп жаткандай эле. Ушундай кичинекей балдар бул жакта эмнеге жалгыз жүрүшөт деп ойлонуп калганым эсимде.

– Эмнеге ошол убакта айтпадың?

– Эсимден чыгып кеткен экен, бир күнү мурунку кадрларды карап отуруп компьютеримден ушул сүрөткө кез келдим. Анда бул балдардын кебетесин бүт Кыргызстан таанып калган эле. Жакындан карадым. Дал ошолор. Датасын карасам жоголгон күндөн эки күндөн кийин тартылыптыр. Анан ызы-чууга аралашкым келбегенден улам балдар тууралуу эч кимге айткан жокмун. Улам жаңылыктардан окуп жаттым. Телевизордон жаңылыктарды көргөн сайын барып сүрөттү карап коём. Өчүрүп салайын деп кол барбай жылдар бою турду. Кээде “балким, табылып калышкандыр” деп ойлочумун. Менин билгеним ушул гана...

– Эмнеге азыр айттың?

Фотограф оор улутунуп алды.

– Акча керек болду.

– Ким үчүн?

– Бир келинге жолуктум. Сүйдүм, бирок анын оор дарт менен ооруй турганы жакында билинди. Акчага муктаждык пайда болду. Оюма ушул сүрөт түштү. Жакын досума айтсам, бул маселе дагы деле актуалдуу экенин айтты. Ошентип сени таптым.

– Сен канча адамдын тагдыры менен ойногонуңду билесиңби?- деди ызырынган Али.  – Балким ошол убакта айтсаң изи табылып калмак. 10 жыл! Ушунча убакытты алдың сен, айбан экенсиң.

Тиги башын жерге салды. Бир аз ойлонуп отурду да, бир нерсе деп айтайын деп баратып токтоду. Ичинде бир күрөш жүрүп жаткандай эле. Али аны жакшылап тиктесе, балким, дагы маалымат аларын сезет беле. Бирок ал сүрөткө үңүлүп отурган, тиги аны бир карап алып сыртка чыгып кетти. Али нес болуп отуруп калды. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Тигинин чыгып кеткенин деле сезбеди. Демек, балдары бар экен. Орган үчүн сатып жибербептир, бирөөлөр өлтүрүп салбаптыр. Башкысы – жашап жатышат. Чындыгында, балдарынын аман-эсен экенин жүрөгү сезчү. Ал эми алдында турган сүрөт ошол нерсени тастыктап жатты. Уулу кызынан бир жашка чоң, сүрөттө карындашын коргоп жаткансып колдорунан бекем кармап алыптыр. Сүрөттү телефон экранынан алыстатып, жакындатып карап жатты. "Аман-эсен экенсиңер, мага ошол жетет. Кандай болсо да, кайда болсоңор да табам. Бүт жашоомду силерди издегенге арнайм, балдарым. Силер аман болсоңор болду. Мага андан башка эч бир нерсенин кереги жок. Табам силерди..." Сүрөттү сылап, өөп жатты.

ххх

– Эмнеге келдиң?

– Ишим чыккан үчүн келдим.

– Ошо, сен мага ишиң түшпөсө жакындабай кал.

Али атасын карап турду. Канча карабасын, канчалык ушул адамга жакындайын дебесин бир нерсе түртөт да турат. Самат мурунку оперкызматкер, кезинде чоң-чоң кызматтарда иштеген адам эле. Али атасынан анын курч акылын, бир көргөн нерсесин биротоло эстеп кала турган таң каларлык эс-тутумунан башка эч бир сапатын мураска албаган экен. Самат канчалык кара мүртөз болсо, Али ошончолук ак жүрөк болчу. Атасы канчалык ыпластыкка көмүлгөн болсо, уулу ошончолук адилеттүүлүккө умтулчу. Дили, дүйнө таанымы таптакыр эки башка болчу булардын. Ушул улгайып бараткан абалында да Самат акча десе баарын сатып жиберүүгө даяр эле, Али болсо ааламдын байлыгын берип жатса да принциптеринен баш тартпаган көйкашка. Бир мезгилде, бир жерде дүйнөгө эки башка көз караш менен караган ата-бала бетме-бет отурушту.

Атасынын кийинки аялынан да балдары бар. Аларга деле атадай болуп үйрүлүп түшкөнүн байкабайт. Аялы өзүнөн бир топ жаш кичүү, бүт кызыкчылыгы ошол аял. Үч жолу нике жаңыртты. Алинин апасы каза болгон соң дагы бирөөнү алып, андан эки балалуу болгон. Ал бечара дагы каза болуп калып, атасы жаш келинге үйлөнгөн эле. Ал жаш неме, балким, карыган чалдын көз күйдүргөн үй-жайына ээ болом дегендир. Бирок бу чал жаштардан да акылдуу экенин, анын акчасын бир тыйын ашыкча колдоно албасын кеч түшүнүп бармак тиштеп калган. Ушул хан сарайдай үйдө жаш аялынан башка эч ким жок. Берки балдары да өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Али атасынын үйүнө көп келчү эмес, эс тартканы ушул экинчи же үчүнчү келиши болушу мүмкүн. Апасы каза болгондо 17 жашта эле, ошол окуядан кийин атасынын үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген жок.

– Ии, эмне болду?

– Бир нерсени жаңы билдим.

– Эмне тууралуу?

– Балдарым тууралуу.

Самат чекесин тырыштыра берди. Эки небереси жоголгондо чындап кейип, бүт өлкөнү түп көтөрө издеткен. Эч майнап чыкпады. Кумга сиңип кеткендей жоголушту балдар. Кайып болгондой жоголушту.

– Койсоңчу, бүттү да эми баары. Ушунча жылдан кийин эмне болушу мүмкүн?

– Колума бир маалымат түштү...

“Ата” дегиси келдиби, мукактанып барып токтой калды. Апасы каза болгондон кийин ата деп такыр айта албады бул кишини. Ата деп айттыра койбогон ортодо чоң бир дубал турганы турган.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан