(Башталышы)
Таң агарып, муздак сыдырым желден чыйрыгып Атыргүл көзүн ачты. Эшикте күн суук, жатып алганга болбойт, уйлары саалбай, бадага кошулбай калат. “Уфф, баягы окшош күндөр, бул үйдүн кара эшеги мен, кулдай эле кызмат кылсам да баары бир жакпайм. Жок дегенде бир күн саат 9га чейин уктасам кана” деп ичинен күбүрөнүп кийинип жатты. Уюн сааганы сарайга кирсе музоосу жанында жатат. Уйдун эмчегин тарткылап көрдү, үрпүнөн тамчы сүт чыккан жок, желини бопбош.
– Кашайгыр, тиги Баянга кечинде "музоосун бекем байла, бошонсо желинин какшытып эмип салат" деп какшадым эле. Кулагына кулакчынды тагып алып уккан жок да, оюнун баары телефон... Жашабай жатып түн оокумга чейин жигиттер менен жазышып, жыргап уктап жатса керек. Жырга, жыргай бер, мектепти бүтпөй эрге кетесиң бул жүрүшүңдө. Апам байкуш “энеден кийин төркүн жок, эрден кийин жыргал жок” дечү эле, жыргап кетпейсиң, меникинен да жаман күндөрдү көрөсүң...
Ушинтип сүйлөнүп жатканда сарай жакты көздөй бирөөнүн басып келе жатканын байкап калды.
– Ким менен эле сүйлөшүп жатасыз, жеңе? Жардам берейинби? Апам жеңеңе кол кабыш кыл деп жөнөттү...
– Ай, кыз, торпокту бекем байлабайт белең, түндө бошонуп кетип эмип алыптыр.
– Ии, жеңе, кечирип коюңузчу...- Баян өзүн күнөөлүү сезип, актанарга сөз таппай ыңгайсыз абалда туруп калды.
– Адам сүйлөп жатканда бир аз кунт коюп угуш керек да. Мен сага кечинде айткам, бекем байла, торпогу чоңойгон сайын сүткө тойбой жибин үзүп, бошонуп кетип жатат деп.
– Болду, жеңе, экинчи кайталанбайт...- Баяндын күндөгүдөн жумшарып, каяша айтпай, жеңесинин алдында күнөөлүү сезген абалы дайымкы көрүнүш эмес эле. Муну байкаган Атыргүл "чунак кыз зиркилдебей калыптыр, дагы менден суранып кечинде бир жакка кетет го, чамасы. Өткөндө апасына кармалып калайын дегенде куткарып калган элем. Андан мурун таң атпай терезеден кирип келе жатканда байкесине кармалып, укпаган сөздү уккан. Бул кыз акылына кирбейт экен да. Мен 8-классымда жигит-пигит мындай турсун, классташым открытка берсе апам көрбөсүн деп жашырып, өрттөп салчу элем. Азыркы кыздар эрте жетилет деген чын окшойт" деп ойлонуп турганда Баян жеңеси сезип турган оюн айтты.
– Жеңе, кечинде кыздар болуп отурмакпыз. Билесиз да 2-3 саатта биздин сөз бүтпөйт. Эң аз дегенде 5-6 саат керек. Бүгүн да жардам бериңизчи, кызмат акыңыз сөзсүз төлөнөт. Билесиз да, ыраазы кылып эле жүрөм го.
– Баянка, өткөндө берген чынжырчаңды 15 миң сомго күрөөканага койгом. Кайра чыгарып ала албайм го, андай акчам деле жок. 101 розаңды эч ким көрбөсүн деп кампага бекитип койгон элем, соолуп калыптыр, ыргытып жибердим. Макаронсы, "клубника в шоколоде" дегендериңди балдар жешти...- деп отчёт бере баштады.
– Аа, мейли, жеңе, иши кылып апам менен байкем билбесин. Сиз келип көп белектерим үйгө келип калды, болбосо курбуларыма таратып берип салчумун, канча гүлдөр жолдон эле сууга ыргытылды.
– Баян кыз, өзүң теңдүү 14-15 жаштагы жигиттер мынча акчаны каяктан алышат, алар иштейби же окушабы?
– Жеңе, ким айтты сизге алар 14-15 жашта деп? “Ухажёрлорум”, балким, чоң эле жигиттер, балким, үй-бүлөлүүлөр,- деп шыңкылдап күлдү.
– Койсоңчу, Баянка, антип тамашалаба, апаңдын үмүт арткан эрке кызысың. Агаң "окууну бүтөрү менен жакшы окуу жайга киргизем, карындашымды котормочу кылам" деп жүрөт. Алардын ишенимине суу сеппе, алтыным.
Баян жеңесинин жаттап алган бул сөздөрүн адатынча кулак сыртынан кетирди. Оюнун баары кечинде Инстаграмдан таанышкан жигит менен жолугуу болчу. Жеңесин ынандырып, экөө бош чаканы көтөрүп алып сарайдан чыгып, Баян мектебине жөнөп кетти.
– Атыргүл бөлмөсүнө кирсе күйөөсү коңурук тартып уктап жатат. Сарайды тазалап, уйларды бадага кошуп, очокко сүт бышырып, сүт тартып келсе да уктап жаткан күйөөсүнө жини келди.
– Илияс, турбайсыңбы, түш болду!- деп катуу тийди. Кебелбеген Илияс турмак турсун, оодарылып да койгон жок. Үй жылытуучу батарейкада жайылып турган балдарынын кийимдерин бүктөп жатып Атыргүл күбүрөндү:
– 20 жыл бирге жашаган түгөйлөргө таң калам. Кантип бири-биринен тажабай, көңүлү калбай, мамилесин сактап калышат? Келин болуп келген 2 жылда көрбөгөн ит турмушту көрдүм го. Экинчи эр курусун тура. Ушундан көрө 2 баламды жетимсиретип апама таштабай балдарымды тарбияласам болмок. Ушул жатып ичер жалкоонун убадаларына ишенип бул үйдүн эшигин аттабадым беле. Эми дагы 2 баламды көтөрүп апама барамбы? Тажадым ушундан, элдин күйөөлөрү жүрүшөт орусиялап, европалап. Бул эле кетпей койду. 4 койду кайтарып келип алып 3 маал тамак сурайт.
Илияс мунун баарын угуп жаткан.
– Сен эмне деп жатасың?!- деп ачууланды. – Мен сага эмне деп убада берип аткарбай койдум, айтчы? Апам “жубан кыз албайм, жолотпо аны” дегенде “жок, ошого гана үйлөнөм” деп жүрүп алгам сени.
– Аябай чоң эрдик жасаган турбайсыңбы! Жубан алсам мал багып, кыгын тазалайт, үйдөгү бүт тиричиликти моюнуна алат деп максат кылсаң керек. Жаш кыз алсаң келиндик кызмат мындай турсун, сенин, апаң менен карындашыңдын мамилесине чыдабай эртеси качып кетмек. Ким эле таң заардан кечке кык жыттанып жүргүсү келсин?..
Илияс жанында турган телефону менен аялын бир урду...
– Жап жаагыңды шуркуя! Бул үйгө бүлө болуп жашап жатканыңа сүйүн! Менин болушум ушул, сен өзгөртө албайсың! Чыдасаң жаша, чыдабасаң кете бер. Апама сөз тийгизбегин, дагы бир жолу апам жөнүндө нааразы сөзүңдү уксам өзүм төркүнүңө жеткирип берем!- деп зиркилдеди.
Атыргүл буркурап ыйлап жатты. Күйөөсүнүн ага кол көтөргөнү кадимки көрүнүш болчу. Чыдап жашаганга аргасыз эле. Мурунку күйөөсүнөн 2 баласы апасынын колунда, мунусунан төрөгөн 2 баласын да көтөрүп үйүнө барса эл-журтка сөз болору ырас.
Башка бөлмөдө чай ичип отурган кайненеси келини менен баласынын урушун укса да укмаксанга салып койду. "Жаш үй-бүлө урушат-талашат, буларга даба жок, эртең менен урушуп, кечинде кайра жарашат" деди ичинен.
– Күүгүм кирип, Атыргүл кечки тамакты даярдап жаткан. Илияс малдарга чөп салып, кечки жемин берип сыртта. Бөлмөдө ары-бери басып, ою бир жерде болбой, санааркаган кайнене терезени улам-улам карайт. Кызы Баян сабактан кийин кошумча тил ийримине барам деген, келчү маалы болуп калды. Телефон чалса жооп бербейт.
Атыргүлдүн эртең менен күйөөсү экөө урушуп кеткенден бери маанайы суз. Бир күн кечке наар алган жок, Баяндын эртең мененки суранычын унутуп калды. Кайненесинин кабатырланганын көргөн келин “ырас болот, дагы күтүңүз, кызыңыз таң атканда келет” деп ичинен табалады. “Бүгүн тынч уктайт экенмин, түнү менен балаң экөөңөр Баянды издейсиңер” деп мыйыгынан күлдү.
– Саат түнкү 12, Баян келе элек. Илияс Атыргүлгө карап “сага эч нерсе деп айтпады беле?” деп күңк этти. Атыргүл үн каткан жок, анын көк беттиги бар, бир таарынса 1-2 жума ооз ачпай коёт. Аялынын бул кылыгын билген Илияс анын жообун укпай эле күрмөсүн кийип, сыртка чыгып кетти...
(Уландысы кийинки санда)