Бул айымдын комуздун коштоосунда ырдаганын интернет желесинен, той-мааракелерден көрүп жүрсөңүз керек, окурман. Үнүнө, аткаруу чеберчилигине, сулуулугуна суктангандар көп. Таанышып алыңыз, маектешибиз – ырчы Кыял Токторбаева.
– Кыял айым, “Кыял Токторбаева деген ким?” деген суроого кантип жооп берет элеңиз?
– Кыял Токторбаева деген жөнөкөй бир ырчы айым, үч баланын энеси, карапайым үй-бүлөнүн кызы, мектепте комуз ийрими боюнча мугалим. 1994-жылы 22-августта Кара-Суу районунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн, эки эжем, эки иним бар. Сүйгөн жумушумда иштейм, учурда 30га жакын окуучум бар, аларга дастандарды, күүлөрдү үйрөтөм.
– Демек, комуз менен көптөн бери жанаша жүрөсүз?
– Комуз чертүүнү мектеп убагында, 6-классымда үйрөнгөм. Канайым деген эжекебиз үйрөткөн. Андан сырткары Кара-Суу районунда Балдар чыгармачылык борборунан окудум, ал жакта Уулбү Стамкулова, Гүлфиза Абдрахманова деген эжейлерден сабак алдым. 8-классымда айыл өкмөт деңгээлинде ыр кесе уюштурулуп калды, ошондо Барпы атабыздын “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” деген дастанын ырдап, сынакта жеңүүчү аталып, байгеге комуз утуп алгам. Ырчылыкка кызыгуу ошондон кийин күчөдү.
– Ага чейин ким болууну кыялданчусуз?
– Ички иштер министри болом дечүмүн. Эмне үчүн экенин деле билбейм, атам “сен ички иштер министри болосуң” десе, “ооба, министр болом” дейт элем. Мектепти бүтүп, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Анан турмушка чыгып кетип, баары калып кетти. Жолдошум ырдашыма каршы болду. Анын үстүнө балдар, тиричилик... Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз эки жолго түшүп, үч бала менен калдым. Буга чейин айтчу эмес элем, айта берейин, улуу кызым өзгөчө балдардын катарында, ДЦПдан жабыркайт. Ошол кызымдын ден соолугу менен алпурушуп жүрүп, ырчылыкка олуттуу түрдө киришкениме 4 эле жыл болду. Алгач 2021-жылы сөзү Элмирбек Иманалиев, обону Түмөнбай Колдошов агаларыбызга таандык “Сен бар үчүн” деген ырды ырдап чыккам. Тагыраагы, киного тартылып, ырды ошол киного саундтрек катары ырдагам. Андагы сезимдер бир укмуш эле, абдан сүйүндүм. Ошентип ырдап жүрүп, 2022-жылы тушоо кесүү концертимди бердим. Ошондон бери өзүмдү ырчы сезип жүрөм (күлүп).
– Киного тартылгам дедиңиз, ал кайсы кино
– 2020-жылы “Акыркы сүйүү” деген тасмада башкы ролду ойногом. Эми колумдан келишинче аракет кылып аткардым. Бирок андан бери киного аракет кылган жокмун, ал үчүн да окуш керек экен.
– Ырчылыктын жүгү оор бекен?
– Кыйынчылыктар болот, аны көтөрүш керек. Комуз менен тойлордо ырдаганда ыңгайсыз болом, анткени отургандар ызылдап сүйлөшүп, ырды кунт коюп угушпайт. Анан жалгыз бой аялга ар кандай сөз айтылат, көрө албастыктар болот экен. Баарын сабырдуулук менен гана жеңип келатам.
– Ажырашууга эмне себеп болду?
– Буга бирөөлөрдү күнөөлөбөйм, эч кимге нааразы эмесмин. Тагдыр, бешене экен. Ошол, кызым ооруп, эркек адамдын жоопкерчилиги жоктугунан ушундай болуп кетти окшойт. Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу, ал адам да бактылуу болсун. Мен да бактылуу болууга татыктуумун.
– Жалгыз бой аялга үч эмес, бир баланы тарбиялоо дагы кыйын. Өзгөчө баланы өстүрүүдө аялдын эрки темирдей бекем болушу зарыл болуш керек...
– Аны моюнга алам. Күнү-түнү уктабай жүргөн күндөр артта калды. Өзгөчө балдарды караган чын эле оор, жүрөк көтөрө албайт. Өксүйсүң, ичиңде “ушул бала да теңтуштарына окшоп ойноп-күлсө, басып-турса, жакшылыктарды көрсө болот эле” деген арман жашайт. Аны өчүрүү кыйын. Учурда ал кызым 12 жашта, атайын мектепте 6-класста окуйт. Кыйналган күндөр артта калды, буюрса, жакшы болуп келе жатат. Ата-энем, бир туугандарым бар, Кудайга шүгүр, алардын колдоосу менен сыноолордон сынбай өтүп келе жатабыз. Мен жумушка кеткенде кызымды ата-энем карайт. Экинчи кызым эжесинин байпагын кийгизип, тамагын ичирет, бетин жууп, чачын өрүп же байлап берет. Инисинин кийимдерин кийгизет, сабагына каралашат. Ушундай бир түйшүктүү болуп калды ал кызымдын балалыгы.
– Кызыңыздын диагнозун укканыңызда кандай ойлор келди?
– Ал убакта 18 жашта элем. Аябай жаман болгом, ыйлап, эч ким менен сүйлөшпөй, дарылатуу үчүн ары-бери чуркап, оюмдун баары эле кызым болуп калган. Менин абалымды ошондой балдарды караган энелер эле түшүнөт болуш керек. Кээ бир эркектер түшүнөт, түшүнбөгөндөр дагы болот экен да. Күйөөм тараптан колдоо болгон жок, кыйын учурда баланы карашып, мага таянар тоо боло алган жок. Аялдар энелик инстинкт күчөп кеткенде күчтүү болуп кетет окшойбуз. Бүт баарын жыйыштырып, бала деп гана жашап калат экенсиң.
– Тобокелдикке барган учурлар көп болобу?
– Көп эле болот, тобокелдикке баруу менен көп кыйынчылыктан чыгып кетем. Тобокелдик жакшы эле нерсе, менимче. Тобокелге барганым үчүн балдарым менен жалгыз калууну тандадым. Ырчылыкка аракет кылуум деле тобокелдик болду.
– Жашоодо эч качан бузбайм деген принциптериңиз барбы?
– Заманбап тарабын айтсам, жанагындай ботокс дегенди жасатпайм, татуировка тарттырбайм, денеме бирдекелерди ашыкча жасатпайм дегем. Ушул принципти бузбай келе жатам.
– Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
– (Күлүп) Ооба, сулуумун деп эсептейм. Бардык эле адамдар өздөрүн сулуу деп эсептешсе керек.
– Турмуш куруу планыңыз барбы?
– Бар.
– Жактырган адамыңызчы?
– Бар.
– Бактылуу болуңуз!
Кыска суроого кыска жооп
– Ырчы катары багымды ача турган ыр жаралды деп ойлойсузбу?
– Буюрса, келечекте бар, жаздырып жатабыз.
– Эң көп кайсы сөздү колдоносуз?
– Жакшы деген сөздү.
– Эмоционалдуу адамсызбы?
– Жок.
– Өзүңүздөн акча аяйсызбы?
– Аяйм, бирок жакындарымдан аябайм.
– Бактылуусузбу?
– Ооба, бактылуумун. Болгон бир арманым – кызым жакшы болсо...
Эң көп...
... короткон акча каражаты?
– Бир жолу жөндөн-жөн эле 200 миң сомду коротуп салгам. Бир нерселерди сатып алып, чай ичип, жакындарыма берип жатып бир күндө жок кылып салгам.
... барган же отурган жай?
– Тынчтанып, эс алып отурган жерим үйдөгү топчандын үстү.
... сүйлөшкөн адамыңыз?
– Бир тууган болуш үчүн сөзсүз эле бир ата-энеден төрөлүш керек эмес дешет го, бир туугандай болуп калган Эркинай аттуу сиңдим бар. Ошол сиңдим менен күнү-түнү сүйлөшөбүз, сиңдим, курбум, сыр сандыгым деп коём аны.
... ырдаган ырыңыз?
– “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” деген Арзыбек Бедияров агайдын ыры.
... колдонгон түсүңүз?
– Кара. Көбүнчө кара кийинем, кара көйнөк, кара сумка, кара бут кийим кийип алам. Негизи ак түстү жактырам (күлүп).
Гулийпа Маметосмон кызы