Үйдөгү терс энергетика: кантип жаралат, канткенде жоголот?

Үйдөгү атмосфера маанайга, ден соолуктун абалына, үйдөгү мамилеге таасир этерин илим эбак далилдеген. Керектүү оң энергетиканы алуу үчүн үйгө камкордук көрүп, тазалап, ашыкча, керексиз буюмдардан арылып туруу зарыл дешет эзотериктер. Болбосо терс энергетика топтолуп, чыр-чатак, оорулар жаралып, акча агылып келбей калат деген түшүнүк бар. 

Терс энергетика кайдан пайда болот?

• Үй дайыма чаң болуп, буюмдар баш аламан чачылып жатса, жаңы сатып алынган үйдө мурунку кожоюндардан көп керексиз буюмдар калса. Аталган нерселер үйгө кирчү таза энергетиканын жолун торойт. Үйдө жууп-тазалоого кыйын болгон жерлерде – дивандын, керебеттин алды, шкафтын арты жана үстү жагында чаң менен кошо жаман энергетика топтолот.

• 1 жылдан бери колдонулбай жаткан буюмдар, алардын ичинде эски, керексиз китептер, кийим, оюнчук, кол чатыр, баштык, бут кийим, үтүк жана башкалар. Сынган, бузулган, өзүнүн мөөнөтүн өтөп бүткөн эски буюмдар дагы терс энергетика чакырат. Түндө жуулбай калган идиштерде, убагында жуулбаган кир кийимдерде да жаман энергетика чогулат.

• Жаракасы, кетиги бар идиштер. Демек, сынык идиш-аякты сизге жакканына, жаңы-эскисине карабай ыргытыңыз. Үйгө негативдүү энергетиканы чогулткандан сырткары алардын жарака, кетик жерлеринде организмге зыяндуу бактериялар топтолот. Эч болбоду дегенде андай идишти колдонуу жагымсыз дагы.

• Жасалма гүлдөр. Мындай гүлдөр синтетикалык материалдардан жасалгандыктан алардын курамында уулуу кошулмалар болуп калышы ыктымал. Терезе тушунда ага күн нуру тийип ысыганда абага уулуу зат бөлүнүп чыгат. Жасалма гүлдөр адатта бир вазага салынып, бир орунда жылдап тура бергендиктен тескери энергетиканы тартат.

• Жагымсыз белектер. Жакындарыңыздын бири тартуулаган, бирок сизге жакпаган белек же сиз жактырбаган адам берген белек, албетте, жагымдуу эмоция тартуулай албайт. Андай белек адатта көмүскө бир жерде узак убакыт бою тура берет да, өзүнө терс энергетиканы жута берет. Сизди жаман көрсө да аргасыз кымбат баага сатып алып тартуу кылган адамдын белеги да ушундай эле касиетке ээ.

• Жашооңуздун жагымсыз учурларын эстеткен буюмдар. Мисалы, сүрөт, урушкандан кийин жарашуу максатында берилген буюм-тайымдар. Албетте, негативдүү нерселерди колдонгуңуз келбейт, демек, бир орунда көпкө жатчулардын катарында алар.

• Кир, жарака кеткен күзгү. Кир болсо тунук, жакшы көрсөтпөйт, маанайды бузат. Жарака кеткени келбетти туура эмес чагылдырып көрсөтөт. Бул дагы негативдүү энергетиканын чордону деп эсептелет.

• Жарыгы начар, күңүрт бөлмөлөр. Жагымсыз атмосфераны жараткандан тышкары оң энергетиканын жолун бөгөйт.

• Бекем жабылбай суу тамчылап турган кран. Тамчылап турган суу үйдөгү жыргалчылыкты, бейпилдикти, акчаны алып кетет деп айтылат. Аны көргөндө оюңуз чачырайт, бул кыжырдануу, нервденүүнү жаратат. Ошентип сиздеги негатив башкаларга чагылат, үйдө терс энергетика көбөйөт.

• Төлөнбөгөн карыздар. Булар адамда стресс, тынчсызданууну жаратып, үйгө кире турган оң энергетиканын жолун бууйт.

Терс энергия бар экендигинин мисалы

Үйдө оор абал өкүм сүрөт. Адамдын эч нерсеге көңүлү чаппай, сөз көтөрө албай болор-болбоско жини келет, жок эле нерседен чочулайт. Уктап турса деле эс албагандай болуп шалдырайт, кайра уйкусурайт, дамамат чарчаңкы абал коштойт, башы ооруйт, депрессияга түшөт, түшү оңолбойт. Бирөөлөр менен урушканы көбөйөт. Мындай абал үйдөгүлөр, иштегилер менен болгон мамилеге тескери таасирин тийгизип, чыр-чатактарды жаратат. Жеке жашоодон, карьерадан, акчадан жолу болбостук да үйдөгү жаман энергетикага байланыштуу дешет эзотериктер.

Булардан тышкары идиштер, электр шаймандары тез-тезден сынат же бузулат, үйдөгү гүлдөр соолуйт, өспөйт, буюмдар менен ит-мышыктар жоголот жана башка. 

Терс энергияны кантип жоготсо болот?

• Бөлмөлөрдү аластоо. От – терс энергияны жок кылуучу мыкты тазалагыч. Ар бир бөлмөнү, өзгөчө бурчтарды, бут кийимдер чечилчү кире беришти, даараткана, ваннаны шашпай ысырыктап чыгыңыз. Ата-бабаларыбыз бекеринен үйдү арча түтөтүп аласташкан эмес. Арча түтөгөндөн мурун жалындап күйүшү керек. Ваннада жуунгандан кийин жаман энергетика анда каларын, аны жоготуу үчүн жууп, аластоо керектигин да унутпаган жакшы. Электр шаймандары: муздаткыч, сыналгы, микротолкундуу меш, компьютер, ошондой эле таштанды салынуучу чака терс энергетиканы топтоп алуучуларга кирет. Демек, алардын айланасын да жакшылап аластоо, таштанды чака эскире баштаса, жаңысына алмаштыруу талап кылынат. Арча жок болсо ордуна көк шимүүр (шалфей), чай чөп (зверобой) дагы жарайт. Шкафтагы кийимдерди чыгарып, ал жакты да арчалап койсо жакшы. Анткени терс энергетика кийим илгичтерде, шкафтын бурчтарында да топтолот.

• Ар түрдүү эфир майлары, аромалампа да үйдүн аурасын тазалоого жардамчы. Эфир майларынын кайсынысынын жыты жакса, мисалы эвкалипт, лаванда, цитрус, ошону алып келип аромалампага тамызып, түтөтүү зарыл. Үйдү жаман энергетикадан арылткандан тышкары эфир майлары зыяндуу бактерия, грибокторду жана вирустарды өлтүрөт. Жыты маанайды көтөрөт.

 • Булактын суусу менен полду, эшик-терезе, туткаларды, жыгач эмеректерди жууп-тазалап чыгуу жакшы. Ал тирүү суу деп эсептелгендиктен жаман энергетиканы жоготот. Булактын суусу жок болсо, ордуна кадимки сууга ит уйгак, арча, карагайдын ийне жалбырактары, чай чөптүн кайнатмасын кошуп жууса да болот.

• Жылдын кайсы мезгили экенине карабай терезени күн сайын ачып, бөлмөлөрдү желдетүү кажет. Үйгө кирген таза аба негативдүү энергетиканы кууп чыгат.

• Ашыкча буюм, идиш, кийим жана башкаларды муктаждарга бериңиз. Эски китептерди китепканага өткөрсөңүз пайдалуу.

• Карыздарыңыздан кутулуңуз. Жарыгы начар бөлмөлөрдү жарыктандырыңыз. Жарака кеткен, кетиги бар күзгү, идиштерден, жашооңуздун жагымсыз учурларын эстеткен сүрөттөрдөн, жакпаган белектерден арылыңыз. Үйдү таза кармап, бөлмөлөрдө, эшик алдында буюмдардын чачылып жатышына жол бербеңиз.

Япониялык жазуучу, үй чарбасын уюштуруу боюнча 4 китептин автору Мари Кондо (лакап аты КонМари) үйдөгү тазалык жана ашыкча, керексиз буюмдардан кол үзүү стресстерден, оор ойлордон арылтат дейт. Ашыкча буюмдардан арылууну кийим, китеп, документтерден баштап, анан башкаларына өтүүнү сунуштайт.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан