Каш түшүп, өспөй жатабы? Туура кам көргөндү үйрөнүп алыңыз  

Туура формадагы, коюу каш адамдын жүзүнө көрк кошорун баарыбыз эле билебиз. Бирок кээ бир адамдардын кашында айрым маселелер бар. Бул макалада кашка туура кам көрүү, маселелерди алдын алуу боюнча маалымат бердик.

Каштын саламаттыгы

Каштын саламаттыгы эмнеден көз каранды? Бүт организмдин саламаттыгынан, иммунитеттен көз каранды. Ультрафиолет нурлары, туруксуз аба ырайында: эшикте суукта жүрүп жылуу имаратка киргенде, же тескерисинче, ысык абада жүрүп муздак жайга киргенде, аба өтө кургак болгондо каштын нымдуулугу да төмөндөп, кургак, морт болуп сынып түшө баштайт. Андан сырткары адамдын тамактануусу да каштын саламаттыгына түздөн-түз таасир этет. Сууну нормадан аз колдонсо, пайдалуу витамин, минералдар бар тамак-аштарды жебесе же аз жесе, фаст-фуд көп колдонсо, анда кашта да маселелер жаралат. Туура эмес тандалган же колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен кашка кам көрүүчү косметологиялык каражаттардан да сак болуу керек.

Кам көрүүнүн алгачкы этабы

1. Күнүгө чачты тарагандай эле кашты да тарап туруу зарыл. Ал үчүн атайын косметологиялык каш тараган щёткалар бар. Жок болсо, кирпик боёгон туштун щёткасын таза жууп туруп колдонсоңуз деле болот. Дайыма таралган каш коюу болуп, өсүү темпи да жогорулайт.

2. Бетке кам көрүп жатканда крем же башка каражаттарды кашка кошо сүйкөбөңүз. Анткени айрым косметикалык каражаттардын курамында каштын өсүшүнө каршы келген, аларды ичке жана морт кылган ингредиенттер бар.

3. Бетти жууганда бөлмө температурасундагы же муздак сууга жууңуз. Ысык суу беттин терисине эле эмес, каштын саламаттыгына да терс таасир берет.

4. Укалоо. Ооба, кашка да укалоо керек. Макияжды таза жууп бүткөндөн кийин, манжалардын учу менен каштын өсүү багыты менен чыкый тарапты көздөй жумшак баскылап чыгуу керек. Андан кийин эки сөөмөйдүн башын каштын ортосуна коюп, эки бармак менен кашты бойлой сылап чыгыңыз. Бул кыймыл бат-баттан жасалса жакшы, 10-15 ирет жетет.

Аспаптарды туура тандаңыз

Кашка кам көрүүнүн кийинки этабында туура аспап тандаганга аракет кылыңыз. Пинцет, кашты тегиздеген кайчы, щётка. Булар сизге гана тиешелүү болсун жана кашка гана колдонулсун. Башка бирөөнүн аспаптарын колдонгонго тыюу салынат. Биринчиден гигиена сакталышы керек, экинчиден, башка адамдын тери ооруларын жуктуруп алуу коркунучу чоң. Эске сала кетчү нерсе, кашты терет десе эле күндө пинцет менен чукулай берүү туура эмес. Минткенде каш жукарып, кача баштайт. Сизге кандай формадагы каш жарашарын алгач адис менен кеңешип, тердиртип алыңыз. Негизи каш-адисине бир айда бир барып турган жакшы. Анан да атайын кашка арналган крем, сывороткаларды колдонуңуз.

Каштын өсүүсүнө жардам берүү

1. Сейрек, ичке, морт каш ээлерине жардам берчү кеңештер бар. Алгач эң оңоюна качырабыз го, бул учурда косметика саткан дүкөндөрдөн кашты өстүрүүчү профессионалдык активатор сатып алыңыз. Активатордун курамында пентанол, же болбосо табигый хна болсо андан жакшы.

2. А, Е, В  витаминдерин жана Омега-3 ичиңиз. Бул пайдалуу заттар каштын эле эмес, чачтын да бекем болушуна таасир берет.

3. Эки-үч жума күнүгө кастор жана уйгак майын кезектештирип кашка сүйкөп туруңуз. Андан сырткары бадам, чычырканак, зайтун, кокос, зыгыр майларын да колдонсо болот.

4. Каш өспөй же түшүп жатканда пинцет колдонбой туруңуз. Алгач коюу кылып өстүрүп алгандан кийин гана формага келтирип терип коёсуз.

5. Тамактанууңузга көңүл буруңуз. Витаминдүү тамак-аш жеңиз, өзгөчө темир, цинк жана А, Е, В тобундагы витаминдер көп азыктарды пайдаланыңыз

Кашты кулпурткан маскалар

Сабиз ширеси жана Аевит

1 чай кашык сабиз ширесине дарыканадан алынган Аевиттин 1 капсуласын жарып, ичиндеги суюктукту кошосуз. Кашка сүйкөп, тамак-аш плёнкасы менен жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп коёсуз. Бул масканы жумасына 2 жолу кайталаса болот.

 

Уйгак майы жана бал

1 чай кашык уйгак майына 2 чай кашык бал кошобуз. Аралашманы кашка сүйкөп, үстүнөн тамак-аш плёнкасы менен жаап, 30 мүнөт коюу керек. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Горчица жана жумуртка

1 чай кашык горчицага 1 жумуртка кошуу керек. Масканы кашка сүйкөп, тамак-аш плёнкасы менен жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

 

Зайтун майы жана лимон ширеси

1 чай кашык зайтун майына жаңы сыгылган лимон ширесинен 1 чай кашык кошобуз. Аралашманы көзгө кирип кетпегендей абайлап кашка сүйкөйбүз. Плёнка менен 20-30 мүнөт жапкандан кийин бет жууган гелдин жардамы менен жууп салабыз.

 

Жумуртка

Бул маска абдан оңой жасалат. Ал үчүн 1 жумуртканын сарысы гана керектелет. Жумуртканын сарысын жакшылап аралаштырып, вата диски менен эки кашка сүйкөйбүз. 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз, бүттү. Жумасына 1-2 ирет жасаса болот.

 

Эскертүү! Масканын кайсынысын колдонсоңуз да, жуулгандан кийин артынан кашка арналган атайын крем, гель же сыворотка сүйкөп койгонду унутпаңыз.

 

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан