Бир кезде мукам үнү менен жүрөк кылдарын дирилдете ырдаган таланттуу ырчы Гүлнур Асанова учурда эмне менен алек? Чыгармачылыктан алыстоо оңой эле болдубу? Көптөн бери маектеше элек болчубуз, жогорудагы жана башка суроолордун жообун алдык.
– Саламатсызбы, Гүлнур айым? Акыркы жолу мындан 3 жыл мурун маектешкен элек, андан бери жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Саламатчылык, баарыңыздар амансыздарбы? Кудайга шүгүр, акыркы 3 жылда жашоомдо көп эле жакшы өзгөрүүлөр болду. 2 жыл бою окуп, укуктук жактан билим алып, магистрдик илимий ишимди ийгиликтүү жактадым. Жакында дипломум колума тийди. Юридикалык билим алуума көптөгөн айымдардын кайрылуулары түрткү болду. Учурда кайрымдуулук фондун жетектейм, ар түрдүү каттар келет. Өз укугун билбеген айымдар көп, алардын тебеленген укуктары зээнимди кейитти. Аларга кантип жардам берем, эмне кылам деген ой башымда жүргөн. Ошондон улам юридикалык терең билим алууну туура көрдүм. Мен жетектеген фонд мусулман айымдарга тиешелүү адеп-ахлактык, диний багыттагы долбоорлордо муфтият менен биргеликте иш алып барат.
– Мурунку маегиңизде “шариятка туура келген багытта чыгармачылыкты уланта берем” деген элеңиз. Бирок дале тыныгуудасыз, ырчылык карьераңыз биротоло токтодубу ошондо?
– Ошол кезде 4 айлык диний курста окуп жаткам. Андан кийин да 2 айлык курста окудум. Чынын айтсам, бул жаатта терең билим алгым келет. Азыр инсан үчүн жеңилдиктер көп, туура жана пайдалуу илим алууну ниет кылып турам. Мындан улам “чыгармачылыгым уланбайт” десем туура болот. Кудай ниетибизге жеткирсин. Шоу чөйрөсүнөн толук баш тартып, напсибизди тыйып, дин жолунда жүрүү үчүн күчтүү эрк керек, чындыгында.
– Ырдап гана эмес, киного да тартылып, күйөрман арттырып, атыңыз элге таанылып калды эле. Сахнаны сагынган учурларыңыз болобу?
– Сахнаны сагына элекмин. Катуу дуба кылган окшойм.
– 2 жылдан бери студент экенсиз. Иштебесеңиз, каржы маселеси кантип чечилип жатат?
– Мурун сулуулук салонун ачпадым беле, ошону ижарага берип койгом. Ошондон түшкөн каражат жалгыз өзүмө жетет. Жашоо образымды өзгөртүүмдүн артыкчылыгы – шүгүр кылганды үйрөндүм. Ырыскы Кудай тараптан берилет эмеспи, ошол берген ырыскыга ыраазымын. Дагы бир артыкчылыгы – интригалардан алыс болуп калдым. Бирок тилекке каршы, ар бир жерде интрига болот тура. Адам баласы напсиге алдырат, аны жеңе билбесек ушак айтуу, жамандоо, кыянаттык кылуу деген нерселер аралашып деле жүрө бериши мүмкүн. Инсандын жаралуу максаты – Жаратканга ибадат кылуу. Аны аткарасыңбы же жокпу, бул инсандын тандоосу. Тандообуз үчүн жоопкербиз.
– Бир тууган эжеңиз шаардык кеңешке депутат болууга талапкер болуп аттанды, сизде да саясатка баруу каалоосу барбы?
– Саясатка кызыгуум жок, аралашкым келбейт. Башкаруучулук аялзаты үчүн туура эмес. Бул жөнүндө ыраматылык Чубак ажы деле айтып кеткен. Аял киши башкаруучу болбош керек.
– Мындан 10 жыл мурунку Гүлнурга жолуксаңыз эмне деп кеңеш берет элеңиз?
– Эртерээк дин жолуна түшүүнү айтмакмын, анан үй-бүлөлүк институтту да кошо ала кетүү керектигин эскертмекмин. Учурда бактылуумун, Кудайга шүгүр. Аялдын бактысы көз караштары бир, пикирлери дал келген түгөйүндө, үй-бүлөсүндө деп ойлойм. Аял – үйдүн куту, коомдун, келечектин уңгусу. Анткени мыкты айым, келечектеги өзөгү бекем муунду тарбиялап берет.
– Сиздин учурдагы үй-бүлөлүк статусуңуз кандай?
– Мурунку маегимде да айткам, азыр дагы айтам, мага үй-бүлөлүк абалым тууралуу берилген суроолор жакпайт. Ар бир нерсени айтуунун өзүнүн убакыт-сааты болот эмеспи. Ал нерседен да алыс эместирбиз.
– Табышмактуу жооп бердиңиз. Жан дүйнөнүн тынчтыгы сиз үчүн эмне?
– Акыл бир нерсеге канааттанса жүрөк тынчтык табат. Жаратканды тапкандыгым менин жан дүйнөмө тынчтык алып келди. Мындан тышкары табият коюнунда эс алуу, өзүм сүйгөн иш менен алектенүү ченемсиз ырахат тартуулайт.
– Жакында коомдук жайларда паранжа, адамдын жүзүн жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү, бул маселе боюнча көз карашыңыз кандай?
– Эгер мамлекетке коркунуч жаратып жатса, анда тыюу салуунун жөнү бар. Менин баамым боюнча, бизде андан башка деле курч көйгөйлөр көп. Кыргыздын уңгусуна доо кетирген, менталитетине каршы көрүнүштөр орун алып жатат, мисалы, гей-лесбиянкалар. Көчөт кыздардын тагдырын талкалаган педофилдерге, аялдарды кордогон зөөкүрлөргө деле мына ушундай күчтүү, курч талкууну жараткан мыйзамдарды чыгарып, өзгөртүү киргизсе болмок беле деп коём.
Лунара Бекиева