Жашоону женилдеткен жөнөкөй эрежелер

Жашоо – оор, жашоо – супсак, жашоо – сыноо, жашоо – түссүз, жашоо – окшош күндөр... Жашоого карата ушундай пикирлерди угуп каласыз, балким, өзүңүз деле айтасыз. Эмнеге жашоого карата мындай сүрөттөөлөр айтылат? Демек, айткан адамдын жашоосунда аны канааттандырбаган нерсе бар. Бирок ойлоно келсек, баарын оорлоштурган, бузган, маселе жараткан өзүбүз да. Келгиле, жашообузга жарык нур, бакыт, түркүн түс, кубаныч кошолу. Анын эрежелери жөнөкөй эле.

Өзүн-өзү баалоо

 Бекеринен психологдор “өзүңдү сүй” деген сөздү кайталабайт. Адам өзүн сүйүп, өзүн баалаганда, өзүнүн кызыкчылыгын башкалардыкынан жогору койгондо гана башкалардын да ага болгон сый-урматы жогорулайт. Анан да өзүн кандай болсо ошондой кабыл алганды үйрөнүш керек. "Мурдум бучук, толукмун, арыкмын, бутум кыйшык, боюм кыска-узун" дебеңиз. Биринчиден, сиз кемчилик катары көргөн нерсеге башкалар зар болуп жүргөн болушу мүмкүн. Экинчиден, өзүңүздү кабыл албай, жерий бергенден ким зыян тартат? Ушул суроого жооп берип көрүңүз. Баалап, кабыл алган процесске кошо өзүңүзгө кам көргөндү да унутпаңыз.

Позитив

Азыр бул текстти кабак түйүп алып окуп жатасызбы же жайдары маанайдабы? Байкасаңыз, көпчүлүк көчөдө кабак түйүп жүрөт. Анда кабак түйгөнгө себеп деле жок, баары жакшы болушу мүмкүн. Болгону кабак түйгөнгө көнүп алган. Эми салыштырып көрүңүз: кабак түйгөн адам бактылуу көрүнөбү же жайдары жылмайып жүргөн адамбы? Жашооңузга позитив, жакшы маанай тартканга, чакырганга умтулуңуз. Жылмайып жүрүү, майда нерседен маанайды көтөрүү колдон келет да. Ал эми маселе, жумуш деген нерсе бүтпөйт, бирок чечими жок маселе да болбойт. Жылмайып жүрүңүз, сизге жылмайган жарашат!

Жашоону уюштура билиңиз

 Мурунку күндөр, жылдар кандай өткөнүн билбей калдыңызбы? Бул учурда күндөлүк жардамга келет. Өткөн чакта жашооңузда кандай жакшы-жаман окуялар болгонун акырындан эстеген сайын тизмектеп жаза бериңиз. Күндөлүктүн жарымынан баштап келечекте эмне кылгыңыз келет, эмнеге жеткиңиз келет, кайда саякаттагыңыз келет деген сыяктуу пландарды жазып, жашоону уюштурганга аракет кылыңыз. Пландын кайсынысы ишке ашса + белгисин коюп, ордуна жаңы максат, кыял кошконду унутпаңыз.

Ийгиликтин чоң-кичинеси жок

Сиз өзүңүздү мактай аласызбы? Же акыркы жолу качан мактадыңыз эле? Албетте, мактоо чектен ашпашы кажет. Бирок анын адамдын жашоосунда ролу чоң. Мактоо адамды канча бир убакытка бактылуу кыла алчу факторлордун катарына кирет. Башкалардын мактоосун такыр күтпөңүз. Өзүңүздү өзүңүз мактай алган деңгээлге жетиңиз. Ал үчүн тоону томкоруунун кереги жок. Таза, тыкан кийингениңиз үчүн мактап коюңуз, үй-короо же башка жумушту эртеңкиге жылдырбай бүтүргөнүңүз үчүн мактаңыз, пайдалуу, кызыктуу китепти окуп бүткөнүңүз үчүн, тамактын даамын, баркын билгениңиз үчүн, жаңы нерсе үйрөнгөнгө умтулганыңыз үчүн мактаңыз. Айтор, мактоого себеп табылат.

Башкалар

 Көпчүлүк адамдын жашоосун оорлоштурган “башкалардын таасири”. “Эл эмне дейт?”, “уят” деген нерседен алыс болуу керек. Жашоодогу кыска мөөнөттү башкаларды ойлонуп короткон туура эмес. "Башкалар мен тууралуу эмне деп ойлойт, башкаларга жаксам жакшы адам болом, башкалардын ишин биринчи бүтүрүшүм керек"... Бул ойлордун баары сизди артка тартат. Өзүңүз каалагандай, өзүңүзгө ыңгайлуу болгондой жашаңыз. Өзүңүздөн энергия ашып калса анан башкаларга жардам берсеңиз болот.

Жоопкерчилик

 Дагы бир маанилүү жана көп кездешкен сапаттардын бири – өзүңүздөн башка адамга жоопкерчилик алуу. Ата-эне, бир тууган, дос, кесиптеш, керекпи айрымдар кошуналарына чейин жоопкерчилик алып алышат. Ал туура эмес. Жашы жетип, ишке жөндөмдүү, акыл-эси ордунда, ден соолугу чың адам эң алгач өзү үчүн гана жоопкер. Эч ким эч кимге карыз эмес, таарынганга да акысы жок.

Бакыт үчүн күрөш

Сизди эмне бактылуу кыла аларын таптыңыз беле? Таба элек болсоңуз, издеңиз, байкаштырыңыз. Жүзүңүзгө жылмаюу жараткан, жан дүйнөгө тынчтык тартуулаган нерселерге тартылыңыз, алыңыз, жасаңыз. Күн сайын бактылуу болуңуз!

Жардам

Оксфорд университетинин окумуштуулары “башкаларга дамамат жардам берүү бакыт деңгээлин көтөрөт” дешет. Жардам десе башка адамдын жашоосуна кийлигишүү, жоопкерчилик алуу эмес. Жардамга күнүмдүк жашоодогу майда-чүйдө нерселер деле жетиштүү. Мисалы, оор көтөрүп бараткан адамга жүгүн көтөрүшүү, дарек таппай адашканга туура жол көрсөтүү, бирөөгө эшик ачып берүү, муктаж болуп жаткандарга колуңдан келишинче кайрымдуулук жасоо жана башка. Бул кыймылдарды жасап жаткан адамдын нерв системине туура нерсе жасап жатам деген белги баргандыктан, адамдын организминде бакыт гормону делген дофамин, эндорфиндин деңгээли жогорулайт.

“Жок” дегенди үйрөнүңүз

 Сизди кыжалат кылган, дискомфорт жараткан жагдайларга, адамдарга “жок” деп айтканды үйрөнүңүз. Башында оор болуп, өзүңүздү ыңгайсыз сезишиңиз мүмкүн. Бара-бара туура кадам жасаганыңызды, жашооңуз жеңилдегенин байкайсыз.

Ишеним

 Өзүңүзгө гана ишениңиз. Эч ким сизге бактылуу жашоо тартуулоого милдеттүү эмес. Андыктан бирөөдөн бир нерсе үмүт этпей, күтпөй, таарынбай, өзүңүз аракет кылыңыз. Канчалык көп нерсе керек болуп жатса, ошончолук эмгек кылыңыз, окуңуз, издениңиз.

Сүйлөшүү

Бейтааныш адамдар менен сүйлөшүү адамды бактылуу кыларын уктуңуз беле? Гарвард университетинин окумуштуулары “бейтааныш адамдар менен сүйлөшүү адамдын аң-сезиминде социумдун бир бөлүгү, керектүү адам катары сезерине жардам берет” дешет. Кыска мөөнөткө кездешкен адамдар менен учурашканды унутпаңыз: дүкөнчү, автобустун айдоочусу, дарыканада сатуучу, кошуна жана башкалар менен. Комплимент айтканды жана кабыл алганды билиңиз. Сизге көчөдөн суроо менен кайрылса токтоп, колуңуздан келишинче жооп бергенге аракет кылыңыз. Мына ушундай өтө маанилүү эмес болсо да кыска сүйлөшүүлөр адамдын маанайын көтөргөнгө жөнөкөй жана эффективдүү жардамчы болуп берет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан