Актёр Ким У Бин башкы ролдогу “Офицердин кара куру” тасмасы Netflix платформасына чыккандан 3 күндөн кийин эле англис тилдүү эмес тасмалардын арасынан ТОП-10дуктун 1-сабынан орун алды. 58 мамлекеттин жогорку рейтингине илинген комедия, боевик жанрындагы тасма эмнеси менен өзүнө тарта алды, макаладан окуңуз.
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2024-жыл, 13-сентябрь
Жанры: боевик, комедия, криминал
Режиссёру жана сценаристи: Ким Жу Хван
Платформа: Netflix
Узактыгы: 1 саат 49 мүнөт
Башкы ролдордо: Ким Сон Гюн, Ким У Бин, Ли Жун Ок, Ли Хэ Ён жана башка
“ПРЕЗИДЕНТ ЖАМАНДЫ СУНУШТАБАЙТ...”
15-августта Түштүк Корея Чхусок күнүн (күз, түшүмдүүлүктүн майрамы) белгилешти. Дал ушул күнү Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль “Офицердин кара курун” көрүп, тасмага болгон ою менен бөлүшкөн. Президент бул тасма бутуна электрондук браслеттери бар кылмышкерлерге күнү-түнү көз салып, жарандарды коргоого болгон энергиясын, убактысын арнаган адамдардын коомдогу ролу чоң экенин баса белгилеген. “Жаш муундар тасманы көргөндөн кийин элдин, жарандардын кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү экенин, ал жолдо өз өмүрүнө коркунуч жаралса да артка кайтпаган тартип сакчыларынын ролу тууралуу ойлонушу керек. Негизи эле бардык адамдар мындай тасмаларды көрүшү керектигин айтты” дейт президенттин өкүлү.
УРУШ ӨНӨРҮНҮН ОФИЦЕРЛЕРИ
Тасма полициянын бир бөлүмү катары саналган “уруш өнөрүнүн офицерлери” жөнүндө. Мындай офицерлердин милдети – адам өлтүрүү, зордукчу, педофил жана башка оор кылмыштарды жасап соттолуп, түрмөдөн чыккандан кийин бутуна атайын электрондук браслет салынган кылмышкерлерге кайрадан мыйзам бузабы же жокпу деп көз салуу, кылмыштардын алдын алуу.
Ли Жон До – таэквондо, дзюдо, кендо уруш өнөрлөрүнүн ар биринен 3төн дан алган, башкача айтканда, мыкты мушташа алган жигит. Ал өзүнө жаккан нерсени гана кылат, достору менен компьютердик оюндарды ойнойт, кафе иштеткен атасына курьер болуп жардам берет. Бир күнү дагы курьерлик кызматын аткарып келе жатып эки адамдын мушташып жатканын көрөт. Күч тең эмес эле... Арачага түшкөн Жон До уруштун өлүм менен аякташын алдын алып, экөөнү арачалап калат. Кийин мушташкандардын бири кылмышкер, ал эми жеңилген адам уруш өнөрүнүн офицери болуп чыгат. Полициядан мыкты мушташкан жигитке сунуш түшөт, “сен да уруш өнөрүнүн офицери бол” деген. Ошол күндөн Жон Донун жашоосу өзгөрүп, өнөктөшү офицер Ким Сон Мин экөө оор кылмышкерлерге көзөмөл жүргүзө башташат. Кичинекей кызды педофилдин колунан сууруп чыкканга үлгүрүшөт. Бирок куткаруу процессинде экөө тең аз жерден өмүрү менен коштошконго аз калат. Башка офицердин өлүмү, дагы башка кылмышкерлер... Айтор, тасмада карапайым калк байкабаган, бирок жарандардын коопсуздугунун сакчылыгында турган адамдардын ишмердүүлүгү баяндалат. Бир дем менен көрүп чыкканыңызды байкабай да каласыз, сунуштайбыз.
“Кыздар эркектерден коркпогон коомдо жашашыбыз керек”
“Ли Мин Чжунун башынан өткөн окуя күндө коркунучтуу түш болуп кирип кызымды уктатпай жатат. Бирок сиз жөнүндө айтып баштаганда Мин Чжу тынчтанып, өзүн колго алганга аракет кылат” деп педофилдин колунан куткарылган кыздын апасы Жон Дого ыраазычылык катын жөнөтөт. Кино сынчылар бул сүйлөмдөрдө терең маани жатканын белгилешет. Эки чоң адам, эки эркек адам кыздын жашоосунда эки башка мааниге ээ болду. Бири физикалык күчтүүлүгүн кызга каршы колдонсо, экинчиси ошол эле физикалык күчүн кызды куткарууга колдонду. Эгер зордукчунун максаты ишке ашса, кичинекей кыздын тагдыры талкаланмак, өмүр бою эркектерден дирилдеп коркуп, жек көрүп жүрүп өтмөк. Жон Донун жардамы менен анын аң-сезиминде “мени коргогон эркектер бар” деген ой жаралды, кызды тынчтандырды. Кинодо эле эмес, жашоодо да кыздар эркектерден коркпогон, аларга ишенген, таянган коомдо жашашыбыз керек.
Ли Жон До – Ким У Бин
Тасмада негизги фокус полициянын катарына жаңыдан кошулган Ли Жон Дого бурулган. Анын каарманын көрөрманга жеткирген актёр Ким У Бин болду. Алгач актёр үчүн Жон Донун образы түшүнүксүз эле. Анткени буга чейин “уруш өнөрүнүн офицерлери” бар экенин, эмне кызмат аткарары тууралуу маалыматы болгон эмес. “Жон Додо баш-аягы уруш өнөрлөрү боюнча 9 дан болуп жатпайбы. Демек, аны камерага татыктуу көрсөтүш керек деп ойлондум. Бирок 9 данга 1-2 ай машыгып эле жете албайсың. Албетте, жардамга уруш өнөрлөрүнүн адистери келишти. Көп иштедик, көп машыктык, ар бир сценаны татыктуу көрсөткөнгөн аракет кылдык. Алардын эмгегине башымды ийип ыраазычылык айтам. Алардан сырткары тасмада өнөктөшүмдүн ролун аткарган Ким Сон Гюн сыяктуу улуу актёрлор жол көрсөтүп турушту. Тасма экранга чыккандан кийин сүйлөшкөн кызым Шин Мин А уруш өнөрүнүн офицерлери тууралуу маалымат алганын жана алардын ишине ыраазы экенин айтты” дейт Ким У Бин.
Биринчи жолу эмес...
Тасманын ийгилиги түздөн-түз аны тарткан режиссёрдон да көз каранды эмеспи. “Офицердин кара куру” тасмасынын режиссёру Ким Жу Хван биринчи жолу уруш өнөрлөрүнө кайрылып жаткан жок. Буга чейин анын камерасынан чыккан “Аңчы иттер”, “Жаш курсанттар” сериалдары да мыкты долбоорлордун катарына кирген. Бул эки сериалда тең уруш өнөрлөрүнүн түрү колдонулат.
Асыл Орозбекова