ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-октябрдан 3-ноябрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Апта сиз үчүн бат өтөт. Кыска тыныгуудан пайдаланып күчүңүздү топтогонго аракет кылыңыз. Эски таарынычтарды унутуп, жараттарды айыктырууга ылайыктуу мезгил. Үй-бүлөлүк мамиледе жоопкерчиликтүү болуп, айткан убадаңызды аткарыңыз. Жакындарыңыздын жараткан ийгиликтерине кубанып, сүйүнөсүз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр, таланттарыңыз ачылып, өз өнөрүңүздү башка багытта көрсөтө аласыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Букачарлардын мурда жасаган аракеттери акырындык менен жемишин бере баштайт. Бирок сиз тез жеткен натыйжаларга ишенбешиңиз керек, кошумча киреше булагын издөөнү улантыңыз. Көптөн бери көрө элек эски тааныштарыңыздан жардам келиши мүмкүн. Ар кандай кыйынчылыктарды трагедия катары эмес, жашооңузга келген сабак, тажрыйба катары кабыл алганыңызда гана ишиңиз жүрүшөт. Наалып, нааразы болгонду токтотуңуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Максаттарды так аныктап, кайсынысын биринчи ишке ашыруу керектигин чечип алыңыз. Кесиптештер менен болгон мамиледе кыйынчылыктар жаралат. Айрымдар салкын мамилеңизди туура эмес түшүнүп, текебер адам катары кабыл алышы мүмкүн. Өзүңүз тууралуу мурда-кийин укпаган таң калычтуу жаңылыктарды угасыз. Бирок майда сөздөрдү кулактан сырткары кетирип, аны териштирүүгө кетирген энергияны пайдалуу ишке жумшасаңыз жеңиш сиз тарапта болот.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Достукта жүргөн адамдардын тизмесин бир сыйра тазалап албасаңыз, арасында келечектеги душмандарыңыз да бар болушу мүмкүн. Үй-бүлө, жакын адамдарыңыз менен баарлашуу укмуштуудай жеңил өтүп сизге ырахат тартуулайт. Жаңы нерселерди жасоо үчүн эшиктер ачылат, эскилерди бүтүрүп жаңы кадам таштаңыз. Алдыда каржылык кризис келе жатат, ага туруштук берүү үчүн азыртан үнөмдөө режимине өтүшүңүз керек.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Кесиптешиңиз же классташыңыз менен мамилеңиз келишип, жылуу баарлашуу башка өңүттөгү мамилеге бара жатса дароо токтотуңуз. Бул апта романтикалык мамилелерди баштоого ылайыктуу эмес. Мырзалар жумуш орунун которуп, жаңы ишкерлик менен алектенишсе болот. Соода, алып-сатуу менен алектенгендер каржысын келечектүү долбоорлорго салышы керек, ошондо гана акчасы бир орунда турбай аларга иштеп турат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сүйүү, гармония, үй-бүлөлүк жашоону пландоо үчүн эң сонун убакыт. Айымдардын жаңы күйөрмандары пайда болуп, белектери менен кубантат. Айымдардын сүйкүмдүүлүгү кандай чөйрөдө болбосун “ханыша” болууга жардам берет. Күтүлбөгөн таанышуу узак мөөнөттүү жана олуттуу мамилеге айланышы мүмкүн. Эгер келечектүү сунуш түшсө, убактыңыздын тардыгына карабай макул болуңуз. Эч нерседен баш тартпаңыз, болбосо карьералык өсүү мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарасыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Татаал иштерди пландаштыруу жана аны ишке ашыруу үчүн ылайыктуу учур. Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун коюлган максаттарды ишке ашырасыз. Узак сапарга чыгууну пландап жүрсөңүз, жакын адамыңызды алып алганды унутпаңыз. Маанилүү документ иштерин бүтүрөсүз, бардык иште чечкиндүүлүк кылсаңыз ойдогудай болот. Үй-бүлөлүк мамиледе талаш-тартыш, пикир келишпестиктер үчүн эч кандай себеп жок. Каржы тармагында толук туруктуулук болот.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Романтикалык мамилелерди баштоо үчүн жакшы мезгил. Жаңы нерсени баштоодон коркпоңуз, эгер эркиңиз жетпей жатса ал коркунучту сындыруучу нерсени табыңыз. Мурда кандайдыр бир долбоорлорго жумшаган акчаңыз акыры үзүрүн бере баштайт. Бул нерсе сизди жаңы долбоорлорго инвестиция салууга шыктандырат. Ар кандай маселелерди чечүүнү кийинкиге калтырбаңыз. Айымдар үй жумуштарын жасоо, күнүмдүк тиричилик менен алек болушат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Түгөйлөр ортосунда түшүнүшүү, бири-бирин сыйлоо сезимдери бийик болот. Жүрөгүңүздү өйүп жүргөн маселелер оң жагына чечилет. Азыр эс алуу учуру эмес, жигердүү иштеп, эмгек менен гана ийгиликке жетесиз. Колуңузда бар нерсеге каниет кылып, ыраазы болгонду үйрөнүшүңүз керек. Бойдоктор аптада романтикалык мамилелерге даяр болушу зарыл. Биринчи жолугушууда баары ойдогудай болбой калышы ыктымал, андыктан экинчи жолугууга чакырып көрүңүз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көптөн бери күткөн жоопсуз суроолоруңузга жооп аласыз. Түгөйүңүздөн шектенип жүрсөңүз же сүйүүсүнө ишенбей жатсаңыз, мунун баарына жооп табылат. Сизди түйшөлткөн бүдөмүк ойлордон арыласыз. Жалгыздыктан кутулуу үчүн баш аламан мамиле курганга макул болушуңуз мүмкүн. Бирок мындай мамиленин келечеги жок, өзүңүздү колго алып, жеңил-желпи нерселерден сактаныңыз. Жумушта жигердүү аракеттин жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөргө жетесиз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Сизге артылган милдеттерге жоопкерчилик менен мамиле кылып, пландалган ишти өз убагында аткарсаңыз жетекчиликтин алкоосуна татыйсыз. Ишкердикти баштоо үчүн жакшы мезгил. Көптөн бери кыймылсыз мүлк сатып алууну пландап жатсаңыз, аракетиңизди баштай берсеңиз болот. Сүйүүдө көзөмөлдөө, сындоо, лидерлик сапатты көрсөтүү бул кыйратуучу нерсе экенин түшүнөсүз. Акыл менен кошо сезимдерди да эске алып мамиле кылсаңыз мамилеңиздер бекем болот.

Балык
(20.02–20.03)

Энергияңыз ашып-ташып кандай иш болбосун майын чыгара жасайсыз. Бул учурда эң маанилүү иштериңизди бүтүрүп алсаңыз болот. Кыймылсыз мүлккө байланышкан операциялар, ири сатып алуулар үчүн ыңгайлуу мезгил. Үй-бүлөлүү балыктар бала тарбиясына көңүл буруп, алардын кызыгуусу, көйгөйлөрү тууралуу сурап-билиши керек. Балаңыздын жашоосундагы оор учурда колдоо көрсөтпөсөңүз сизден алыстап такыр башка адамдардан колдоо издеп баштайт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан