Кибер-буллинг

Биз бүгүн коомчулукта кеңири жайылган буллинг маселесине кайрылалы деп турабыз. Бул багыттагы суроолорубузга психолог Чолпон Сманова кеңири түшүнүк берди. Интернетте хейтерлери көп адамдар жана балдары мектеп окуучусу болгон ата-энелер үчүн макалабыз пайдалуу кеңеш болуп берсин.

– Саламатсызбы, Чолпон эже! Азыр буллинг деген сөз күндөн күнгө күнүмдүк жашообузда өз ордун тапканга, талашканга аракет кылып жаткандай. Өзү буллинг деген эмне, кеңири түшүнүк берип кетсеңиз?

– Буллинг – бул агрессиялык кадамдардын системдик түрдө кайталанышы. Агрессия: сөз аркылуу, ошондой эле физикалык күч колдонуу жана психологиялык жактан басынтуу түрүндө болушу мүмкүн. Агрессиянын жогоруда айтылган түрлөрү бир адамга же бир нече адамга багытталып, системдүү түрдө кайталанып турат.

Буллинг негизи бардык жабык уюмдарда бар, мисалга алсак, эмгек жамааттарында, армияда (дедовщина да буллингге кирет), анан да азыр буллингдин жаңы багыты – кибер-буллинг күч алууда. Бул учурда курмандыкты интернет аркылуу кордоо, кемсинтүү иш-аракеттери жасалат. Көпчүлүк учурда чала тааныш, бейтааныш адамдарга карата анонимдүү түрдө адамдын аброюна шек келтирген, кордогон, кемсинткен, шылдыңдаган, коркуткан билдирүүлөрдү жазышат. Бул кадам – орусча айтканда “самоутверждение” деп аталат. Кээ бир адамдар өзүнө болгон ишенимди өстүрүү үчүн башкаларды шылдыңдашы керек.

– Азыркы тил менен айтканда, кибер-буллингчилер хейтерлер экен да...

– Кибер-буллингдин формаларын айта кетейин. Интернеттеги пост же сүрөттүн алдына жамандаган, кемсинткен, шылдыңдаган билдирүүлөрдү жазуу, анын сүрөттөрүн таратуу, курмандыктын атынан башкаларды кемсинткен жаман сөздөрдү жазуу, курмандыкка жеке кат аркылуу кемсинткен, ошондой эле курмандыктын сүрөтүн же анын катыштыгы бар видеону, ал жөнүндө бир маалыматты жайып жиберем деп коркуткан, акча же башка нерсе талап кылган билдирүүлөрдү жазуу.

Кээ бир адамдар бар, жөн гана эмоция алгысы келген. Алар интернеттен өзүнө карата эч кандай жаза колдонулбасын, аны эч ким тааныбасын билет. Мындай адамдар башкаларды кемсинтүүнү маанай көтөргөн иш катары кабыл алышат.

– Кибер-буллинге кабылгандарга кеңеш...

– Ар бир агрессордун кыймылын көрө албастык башкарарын унутпаңыз. Өзүнө болгон ишенимди өстүрүү, чогулган негативдик эмоцияларын төгүү максатын көздөйт. Андыктан эсиңизде болсун, интернеттеги сизге карата кемсинткен билдирүүлөр – сиздин кемчилигиңизди эмес, жазган адамдын ишенимсиздигин далилдейт. Анын кемсинтүүлөрүнө берилип кетпес үчүн, жакшысы, блоктоп салыңыз. Эгер кибер-буллинг менен өз алдынча күрөшө албай калсаңыз, жакындарыңызга же психологго кайрылыңыз. Эгер кордоо бардык чектен чыгып, сиздин аброюңузга, психикалык саламаттыгыңызга, же болбосо жашооңузга коркунуч жаралып жатса, анда сөзсүз укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

– Мектептердеги буллинг баарынан көп кездешет дедиңиз. Эмне үчүн?

– Статистика боюнча, ар экинчи бала буллингге кабылышы мүмкүн. Буллингдин түрлөрү ар башка, бирок 3 нерсе кайталанат: биринчиси агрессор – кемсинтүү, шылдың, кордоону баштаган, үндөгөн адам. Экинчиси курмандык – агрессияга, шылдыңга туш болгон адам. Ал эми үчүнчүсү байкоочулар – булар буллинг процессине катышпайт, ошол эле учурда токтотконго да аракет кылышпайт. Алар кээде жөн эле турбастан болгон процессти видеого тартып, көпчүлүккө жайып да жиберишет. Демек, буллинг эки эле адамдын ортосундагы мамиле эмес, анда агрессор, курмандык жана байкоочулар болот.

Эми агрессорлорго келсек, алар бир эле жолу эмес, системдүү түрдө дайыма кордоо, жүдөтүү максатын көздөшөт. Андыктан агрессиянын түз эмес, кыйытма формаларын тандашат. Мисалы, психологиялык кемсинтүү: сөз менен шылдыңга алуу, кемсинтүү, бойкот жарыялап аны көпчүлүктөн бөлүү (аны менен бир партага отурбай, сүйлөшпөй жана башка), окуучунун буюм-тайымдарына залака келтирүү, тартып алуу, өзүн түртүү, чачынан жулуу, ага бир нерселерди ыргытуу сыяктуу кадамдар.

– Ата-энелердин кулагына күмүш сырга болсун, бала буллингге кабылгандагы белгилер...

– Буллингге кабылган бала түнт тартып, ачылбай, өзү менен өзү болуп, үйдөгү жүрүм-туруму өзгөрөт. Кээде агрессивдүү, кээде ыйлаак болуп калышы ыктымал. Мурда бий, сүрөт, футбол же башка ийримдерге кубануу менен барса, бир убакта эле барбайм деп баш тарта башташы ыктымал. Уйкусу начарлайт, тамакка табити тартпайт, буюм-тайымдары белгисиз себептер менен жоголот. Мындай белгилер ата-энегө сөзсүз коңгуроо болушу зарыл. Көпчүлүк учурда балдар ата-энесине буллингге кабылганын айтпайт. Эмнеге?

– Ошо эмнеге?..

– Анткени алар “ата-энем баары бир мага ишенбейт” же “өзүң күнөөлүүсүң да” деп айтат деп ойлошот. Андыктан өзгөрүүлөрдү байкаган ата-эне өзү биринчи бала менен байланышка чыгышы керек. Ортодо ишеним жаралгандай, бала сизге таяна ала турарын сезгендей мамиле түзүш керек. “Мен сага ишенем, айтып бергениңе рахмат...” деген сыяктуу диалог жүргүзүңүз. “Сага карата ушундай жоруктардын жасалганы өкүнүчтүү. Мен сага сөзсүз жардам бергенге аракет кылам” деп балага коопсуздук, камкордук тартуулаңыз. Эч убакта анын айтканын жокко чыгарбоо керек, аягына чейин угуңуз, ал тарапта экениңизди сездириңиз.

Дагы бир учур, ата-эне мектепте чынында эмне болгонун изилдеп чыгышы керек. Балким, баласы өзү туура эмес кадамдарды жасаганы үчүн классташтары ага “бойкот” жасап жатышы мүмкүн. Азыр ар бир мектепте класс жетекчиден сырткары психолог да иштейт, аларга ата-эне да кошулуп, окуяны кандай чечсе болорун кеңешип иш алып барганы туура.

– Кандай бала агрессордун ролунда болот? Балким, андай балдардын үй-бүлөсүндө маселе бар?..

– Коомчулукта “агрессор балдар үйүндө уруш-талаш, түрдүү маселеси бар үй-бүлөдөн чыгат, же болбосо мурда зомбулук көргөн” деген ишеним бар. Бирок дайыма эле мындай эмес. Эч маселеси жок үй-бүлөдөн чыккан эле бала мектептеги терс психологиялык чөйрөгө туш болгондон кийин өзү да башкаларды кордоо процессине катыша башташы мүмкүн. Кайсы учурда мындай маселе жаралат? Башкалар менен коммуникацияга баруу оорчулук жаратканда, стресс, чарчоо, сабактарына жетишпей, мугалимдерден эскертүүлөрдү ала бергенде, жаш куракка тиешелүү кризиске кабылган учурда балада агрессорлук жаралат. Ал өз маселесин чечкенге алы келбей, топтолгон стрессин, маселесин башкаларды кордоо менен чыгарганга аракет кыла баштайт. Мындай баланы катуу жазалап, урушуу жыйынтык бербейт, берсе да кыска аралыкка. Баары урушканда бала басылып, коркконунан утурумдук агрессорлугун токтотот. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин мурдагыдан да күчтүү агрессорго айланат. Эмне кылыш керек? Балага лидерлик сапаттарын ача турган, көрсөткөн башка кызыгуу табыңыз. Позитивдүү маанай жарата турган иштерди жасатыңыз. Көпчүлүк учурда агрессор балдарга жамааттык көңүл буруу жана аны лидер катары таануу жетишпейт. Андыктан ата-эне бул жетишсиздикти башка жактан толуктаганга аракет кылганы оң. Спорт ийримдерине катыштыруу, сынактарга катыштырып жеңгенге шык берүү, мектеп сахнасына чыгаруу жана башка. Бул учурда балада өзүнө болгон ишеним өсүп, башкаларды буллингге албай калат.

Асыл Орозбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1143, 31-октябрь-6-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан