(Башы өткөн сандарда)
Хасан ошол күнү, ошол кадрды тартып жатканда бир адамды көргөнү бар. Кийин гана кадрдагы балдар Алинин балдары экенин, алардын жоголгонун билип калды. Балдарды тартып алган кадрды анализдеп, кийин балдардын жанындагы адамдын да ким экенин билген. Билгени курусун, көрүп эле жүрөгү түшкөн. Азыр да коркуп турганы ошондон.
– Көзүңдөн билип турам. Сен балдардын жанынан дагы бир адамды көргөнсүң.
– Көзүң ачыкпы?- деди бурк эте Хасан. Анын капкара өткүр көздөрүнөн жалтактап, башын жерге салды.
– Сен эч нерседен коркпо. Азыр эмне айтсаң, баары ушул бөлмөдө калат. Эркектик сөзүм...
Хасан дагы деле күмөнсүрөй баш чайкады. Али Акай ага жакын отуруп, көзүнө тиктеп турду.
– Сен адамдарды көзүнөн билесиң, Хасан. Бул сенин кесибиң. Менин көздөрүмдү кара. Мен сени алдап кетчүлөрдөн, сени башкаларга салып берчүлөрдөн, сатып кетчүлөрдөн эмесмин. Болгону мен балдарын издеген атамын. Дегеле бул окуянын сага тиешелүү тарабы жок. Андыктан мага ишен!
Хасандын айласы кетти. Ички туюму бул Али Акай деген неме чындыкты айттырмайынча артынан калбай турганын сездирип жатты. Тынч жашатпайт, жаны тынбаган неме экени көрүнүп турат. Айтып берип кутулсабы? Чын да, бул окуяга Хасандын эмне тиешеси бар? Болгону кадрга илинип калган сүрөт. Анын үстүнө мунун сөзгө бекем адам экени көрүнуп турат.
– Макул, айтып берейин. Мен балдардын жанынан бир адамды көрдүм. Бул чындык.
– Ким?
– Ал учурда билген эмесмин ким экенин... Кадрга илинип калыптыр, бирок ким экенин билгенде кадрларды дароо өчүргөм. Мага ашыкча маселенин эмне кереги бар?
– Ким?
– Лимон имиш. Өз атын билбейм, “каралар” дүйнөсүндө баркы бар неме экен. Түрмөдө да жатып чыгыптыр. Мен аны интернеттен билдим.
Алинин көзү караңгылай түштү. Жиптин бир учу ошол адамга барып такаларын атасы айткан. Ал адамга Алинин балдарынын кандай тиешеси бар болду экен? Жүрөгү лакылдап чыкты. Акылы чимириле иштеп жатты.
– Ал адам эмне кылып жатты эле?
– Эки бала кучакташып турду. Коркуп калышкан. Менин байкашымча, балдар тынбай ыйлашкандай. Анан эптеп алаксытыш үчүн ошол сейил бакка алып барган окшойт. Ал тамекисин тартып, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатты. Бир учурда балдарды машинеге салып айдап кетти.
– Дагы бир адам бар беле жанында?
– Жок, менин көргөнүм ошол адам, башканы байкабадым.
– Мындан 10 жыл мурун эмне кайрылбадың, Хасан, Хасан?.. - деп дили өрттөнүп жатты Алинин.
– Хе, Лимон деген немени билгенден кийин ким болсо да коркмок. Андай болгондо деле эмне өзгөрмөк?
– Балким, ошол убакта балдарымды таап калмакмын.
– Кечир, мен корктум. Жанагы окуя болбогондо дагы деле сага бармак эмесмин.
– Баса, жакыныңдын ден соолугу жакшыбы?
– Ооба, буюрса, акырындап жакшы болуп баратат. Рахмат сага.
Хасан кетти. Тунжураган Алинин жанына досу Айбек келди.
– Эмне деди?
– Айбек, кайдан Лимон деген адамга байланышып калдым? Эч бир жерден анын куйругун баскан эмес экенмин. Мени менен анын байланышын эч түшүнө албай отурам. Атам айткан Лимон, Хасан айткан Лимон, балдарды качырган ошол. Демек, анын менде кеги бар болгон.
– Балким, атаң тараптан келген бороондур? Атаңдын да бир топ адам менен алыш-бериши бар болгон убагында, билесиң.
– Жок, атам эгер өзү тараптан келген бороон боло турган болсо, эки дүйнөдө мага бул ысымды айтмак эмес. Ансыз да араң турган ортобуздагы жиптин биротоло үзүлүп кетишин каалабайт эле. Акылдуу адам канткен менен. Башка бир сыр бар бул жерде.
– Эмне сыр?
– Билбейм, Айбек. Сен муну эч кимге оозуңдан чыгарба, досум, олуттуу экенин билесиң.
– Антип айтпай деле койсоң болмок. Билем, мен деле келесоо эмесмин!- деди досу бурк эте.
ххх
Компьютерди тиктеп отурду Али. Экранда балчайган Лимон деген кишинин сүрөтү. Сот учурунда тартылыптыр. Эки колунда кишен болсо да, сыры бардай дымактуу. Көзүндө бир ишеним бар, кашкөйлүк сезилет. Түрмөгө эмес, эс алууга бараткандай жайбаракат. Кайра-кайра бул адамды тиктеп жатты. Эч бир жерден көрбөптүр, жашоосунда кезикпеген адам. А бирок бул анын жашоосунда болгон тура. Балдарын уурдап кеткенге чейин барса, демек, Алиде бир чоң иши болгон. Эмне болгон иш?
Ойлоно берип башы ооруп чыкты. Балдары жоголгондон эки күндөн кийин каза болгон экен Лимон. Болгондо да Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза болуптур. Өзү жалгыз болгон экен машинеде. Балдар аны менен ошол машинеде боло турган болсо сөөктөрү табылмак. Демек, балдарды ал башка жакка жашырып койгон. Көп басылмалар, сайттар жазыптыр, бирок Али балдарынын мүшкүлү менен жүрүп бул окуяга көңүл бурган эмес экен. “Каралардын” арасынан бир “ууру” өлүптүр деп эле тема жабылып калган окшойт.
Али блокнотуна жазып баштады. 1-күн, балдар жоголгон күн. 2-күн, Лимон менен балдарынын сейил бактагы сүрөтү. 3-күн Лимон каза болгон күн. Жок дегенде ушул изди таап алганына ыраазы. Буга чейин эмне болгонун да таап чыгат. Азыр бир аз уктап алышы керек. Көзү чырм этти. Канча убакыт өткөнүн билбейт, бирөө аны тиктеп турганын уйку-соонун ортосунда жатып сезди. Көзүн ачып-ача албай жатып Элес экенин боолголоду. “Жок, кайдагы Элес. Түшүм окшойт” деп ойлоп көздөрүн кайра жумду.
– Түш эмес!- деди тиги караан.
Алинин көздөрү бакырайып кетти. Чын эле маңдайындагы креслодо Элес отурат. Дагы деле ишенбей эки көзүн ушалады. Чын экен, түш-пүшү жок эле мурунку аялы маңдайында отуруптур. Реалдуулук! Беш жыл мурун чыгып кеткен боюнча бул үйгө биринчи кириши.
– Эч нерсе өзгөрбөптүр...- деди Элес.
– Сен кайдан келдиң?
– Таң эрте баскан адатым бар эмеспи, билесиң го. Анан эле буттарым өзүнөн-өзү бул жакка алып келди. Таң калдым өзүмө. Эмнеге келгенимди деле билбейм. Бирок келдим.
– Кантип кирдиң?
– Ачкычтар. Үйдүн ачкычтары дагы деле менде жүрүптүр,- аял чөнтөгүндөгү ачкычтарды шылдыратып койду.
– Ыргытып жибербегенимди айт. Ачкычтар өзгөргөндүр дегем. Бирок алар да өзгөрбөптүр. Ачтым, кирдим, сени карап отурдум.
Башка сөзгө өтө албай отуруп калышты. Али Акай иш столун ойлоду. Блокнотторун, жазууларын карабады бекен? Компьютери өчүк болсо экен, эч ким билбегени оң. Эмнегедир ички туюму менен Лимон тууралуу эч ким билбеши керек экенин сезип жатты. Көзүнүн кыйыгы менен иш столун карады. Элес тийбептир эч нерсеге. Жеңилдене түштү.
– Сен кет, издеп калышат,- деди бир маалда. Элес селт чочуду. Чын эле Азим билсе оңбой калары бышык. Кызы эсине түштү. Шаша-буша ордунан турду.
Эшикке жетип Алиге кайрылды.
– Сен үйдөн балдардын сүрөттөрүн алып, катып сал Али. Эң туура чечим ошол. Сен ар күнү көрсөң, мен бир жолу көргөнгө да жүрөгүм чыдабады.
Али башын чайкады.
– Өзүң бил.
Босогодо бутун кийип жаткан аялга Али акырын үн катты.
– Элес?
– Ии?
– Ачкычтарды таштап кет. Үйгө кирүүгө акың жок мындан ары.
Элес буйдала түштү. Анан тез ачкычтарды чөнтөгүнөн алып, столго койду да шарт бурулуп чыгып кетти...
(Уландысы кийинки санда)