Саясат жана коом

5-ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди. Алдын ала жарыяланган маалыматтарга таянсак, Трамп жеңиш үчүн зарыл болгон 270 добушту ашыгы менен камсыздап, 295 добуш алды (7-ноябрга карата). Трамп тарапташтарынын алдында билдирүү жасап, өзүн АКШнын 47-президенти деп жарыялады.

Трамп: “АКШ кайрадан улуу өлкөгө айланат”

– Бул биздин өлкө эч качан көрбөгөн саясий жеңиш. Кудай менин өмүрүмдү бекер сактап калган жок, мен АКШны кайрадан улуу өлкөгө айлантам. Менин башкаруум АКШ тарыхында “алтын доор” болот. Мен бийликте турган 4 жылда эч кандай согуш болгон эмес. Мен согуш баштабайм, аны токтотом,- деди Трамп.

Харрис тарапташтарынын алдында сөз сүйлөөдөн баш тартты

АКШнын учурдагы вице-президенти, Трамптын шайлоодогу башкы атаандашы Камала Харрис шайлоо бүткөндөн кийин тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөө оюнан кайтты. Америкалык ЖМКлар атаандаш талапкер Дональд Трамптын Түндүк Каролина штатындагы жеңишинен кийин Харристин штабындагылардын шаабайы сууп, Харрис сөз сүйлөйт делген Ховард университетинин алдына топтолгон тарапташтары тарап кетишкенин жазышты.

Дүйнө лидерлери Трампты куттуктап жатышат

Шайлоодогу жеңиши менен Дональд Трампты дүйнөнүн лидерлери куттукташты. Мисалы, 6-ноябрда аны Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Бишкекте иш сапары менен жүрүшкөн учурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана башкалар куттукташты. Куттуктоолор уланып жатат. Учурдагы президент Жо Байден менен атаандаш талапкер Камала Харрис да Трампты жеңиши менен куттуктады.

“Орусия-Украина согушун токтотом” деген сөзүнө турабы?

Талапкер Трамп “эгер президент болуп шайланып калсам, Орусия-Украина согушу тез арада токтойт” деп айтып келген. Шайлоодогу жеңишинен кийин орусиялык журналисттер ушул маселе боюнча Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун пикирин суроого үлгүрүштү. Песков “кээде жеңген президенттер Ак үйгө киргенден кийин сөзүн өзгөртүп жиберишчү. Биз ар бир сөздү жана иш-аракетти байкап, анализдеп турабыз” деп жооп узатты.

Республикачылар Сенатта көпчүлүктү ээледи

АКШ Конгрессинин Сенатында 2018-жылдан бери биринчи жолу республикачылар көпчүлүк орунду ээледи. Бул дагы АКШ үчүн маанилүү окуя.

 

Түркия карызын кечти, Кыргызстан бажы жеңилдигин сурады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди. Эки өлкөнүн президенттери кеңейтилген жыйын өткөрүп, саясий, экономикалык, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетикалык долбоорлор сыяктуу меморандум, макулдашууларга кол коюшту. Ошондой эле түрк ажосу Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын толугу менен кечкенин билдирди. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Түркияга карызы учурда 58,8 миллион долларды түзөт. Мындан тышкары Эрдоган Гүлен кыймылы боюнча маселе көтөрүп “ФЕТО баштаган террордун ар кайсы түрлөрүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Коопсуздук жаатында кызматташтык ийгиликтүү уланып жатат” деп баса белгиледи. Ал эми Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн Анкарадан экспорттук товарларга жеңилдик сурады.

 

Ташиев элдин санын көбөйтүү керек экенин айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болорун, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан бийик тоолуу аймактарда жашап, көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин энелик капитал берүү боюнча атайын программа иштелип жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал Нарын облусундагы бала бакчанын ачылышында сөз сүйлөп жатып айткан:

– Биздин балдарыбыз көп болушу керек. Кыздарыбыз, келиндерибиз көптөн төрөшү керек. Азыркыдай бирден, экиден эмес, 5тен 10го чейин бала төрөлүшү зарыл. Мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болот, элдин саны өсмөйүнчө коопсуздугубузду сактай албайбыз. Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн энеге мамлекет тарабынан сүйүнчү катары
100 миң сомдон, бешинчини төрөгөндөргө 600 миң сомдон, жетинчи баласын төрөгөндөргө миллион сом, сегиз, тогузду төрөгөнгө бир жарым миллион сом, ал эми онду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон акча берилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан