(Башы өткөн сандарда)
– Кечиресиз, медайым, Баян бир суткадан бери ойгоно элекпи? Баласы кантти, байкуш?
– Сиз жеңеси белеңиз? Каякта жүрөсүз, сизди таппай жүрөбүз го...
– Шаардагы туугандарга барып келдим эле, тынччылыкпы?
– Сизге кечээ дарыгерлер айтышты го, кайын сиңдиңиздин абалы оор, жанында такай бирөө карап туруш керек деп...
– Жакшыбы баары? Ток этер жерин айтыңызчы, байболгур...
– Дагы деле ойгоно элек, түнү менен ыйлап ар кайсыны сүйлөп чыкты, апасын чакырткыла... Кан басымы түшпөй жатат.
– Кокуй күн, ай...
– Ал эч нерсе эмес, кечээ текшерүү болуп кызыңардын 16га чыга электиги билинип калды. “Милиция чакыртабыз, бул кыздын ата-энеси кайда, эмнеге жашы жете элек кызды каттоого албай төрөттүңөр?!” деп урушуп жатышат...
– Апей, анан эмне 16га чыга элек деп төрөтпөй коймок белеңер?
– Ай, эже, төрөтүүнүн да өз эрежелери болот. Кызыңар бир айдан кийин 16га чыгат экен, азыр 15те. Эмне болуп кетерин билбейсизби? Мугалимдери, ата-энеси суракка чакырылат. Кимден, каяктан төрөдү деген суроо болот, баланын атасы сөзсүз жоопко тартылат, жашы жете элек кыз менен жыныстык мамилеге барганы үчүн. Анан биз билбейбиз да, кыз кандай шартта кимдер менен жашаганын, балким, зордукталгандыр...
Атыргүл оозунан кеби түшүп туталанып туруп калды. Оюна эмнелер гана келген жок. Бир топто өзүн колго алып, медайымга жай кайрылды.
– Кечээ дарыгер менен сүйлөшкөн элем. Мага мындай көйгөй болорун айткан эмес болчу, милиция чакырып, кайненемди, күйөөмдү суракка алуунун кереги жок бизге. Баянды эсине келтирип бергиле, бүгүндөн калбай чыгарып кетем...
Чынында “текшерүү жүрүп кармалып калдык”, “милиция чакыртабыз деп жатышат” деген сөздөр дарыгерлердин шылтоо-шынаасы эле. Кечээ дарыгерге Атыргүлдүн “баланы сатып алган акчаны көбөйтүп бергиле” деген сунушу жакпай калган эле. Атыргүлдү ушундай жол менен коркутуп, мурда келишилген сумманы колуна карматып, кайын сиңдиси экөөнү эртерээк жолго салуу амалы болчу. Жеке клиниканын дарыгерлери максаттарына жетишти. Атыргүл мурда сүйлөшүлгөн 50 миң сомду алып, Баянды 3 күндө ооруканадан чыгарып кетти.
xxx
Арадан 2 жума өттү. Баяндын абалы жакшырып, тың басып калганы менен, төрөттөн кийин абдан арыктады. Атыргүл шаардан батир ижарага алып кайын сиңдисин карап жаткан. Көп өтпөй айылдан кайненеси келип, Атыргүлдү айылга жөнөттү.
– Баянды дагы 2 жума мен карайын, анан чогуу айылга кетебиз. Сен бара бер, эмчектеги балаң кыйналды, күндө эки маал кошуна Сейилге көтөрүп барып эмизем, эки жума эки жылдай эле болуп кетти. Айла жоктун иши болуп калбадыбы, сен болбосоң кайсы оорукана менен сүйлөшүп, кызымды каякта төрөтмөк элем? Мугалимдерине жолугуп “Баян сыркоолоп жатат, аппендицит болду” деп койдум. Буюрса, жакшы болуп калса кийинки айда мектепке бара баштайт.
– Макул, апа, Баян аябай түнт болуп кетти. Эки жумада экөөбүз жарытып деле сүйлөшкөн жокпуз. 10 жылга чоңоюп кетти окшойт,- деп кайненеси менен коштошуп, Атыргүл айылга жол тартты.
xxx
Түн бир оокум. Күндүз тамак жасап, Баяндын кийимдерин жууп чарчаган апасынын көзү илинип кеткен эле. Бир маалда Баяндын бышактаган үнүнөн ойгонуп кетти. Керебетинен туруп Баяндын жанына барса өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап жатат. Көз жаштан жаздыгы суу болуп калган эле.
– Эмне болду, кызым, бир жериң ооруп жатабы?
– Апа, жашагым келбей жатат, чоңойгум келбей жатат...
– Кызым, сен мен үчүн дайыма кичинекей Баянтайым бойдонсуң. Эне үчүн бала дайыма кичинекей бойдон калат, каралдым.
– Эмнеге тагдырым мынчалык оор, адам чыдагыс сыноолор болуп жатат?.. – Баян апасын кучактады, – Өз канымдан жаралган балам бул дүйнөдө менсиз жашап жатканын ойлосом жерге батпай баратам, апа. 9 ай курсагымда жатып бир бүтүн болуп калдык эле, эмнеге мындай жолго барганымды, эмнеге адашканымды ошол жан гана билчү, кайгымды сезчү муңдашым эле. Кумарым кангыча жыттап, көкүрөгүмдө жаткызып эмизип, кучагыма кысканга мүмкүнчүлүк берген жоксуңар... Силер үчүн элдин сөзү, куру намыс бийик турду.
Жаркын бугун чыгарып алсын, ыйлап жан дүйнөсү тазарсын деп сооротууга ашыкпады.
– Мен секелек кезден Илияс байкемдин көлөкөсүндө өстүм, сиз аны жакшы көргөндөй мени да жакшы көргөнүңүздө, балким, башкача болмок. Ага мээрим төгүп, мага келгенде эле муздаксыз, 2-3 апталап сүйлөшпөй коёсуз. Ал үйлөнүп балалуу болгондон кийин мени такыр эле унуттуңуз. “Бул ушундай, сөз укпайт, баш бербейт” дедиңиз, эмнеге антип жатканымды, эмнеге атамдан, сизден албаган мээримди башкалардан издедим, түшүнгүңүз келген жок. Ал аракеттер менин ички кыйкырыгым болчу, өзүмө көңүл бурдуруунун амалы эле. Башында ушинтип апамдын сүйүүсүнө ээ болом дечүмүн. Кийин ал балалык амалым сизге иштебей калды, кол шилтеп койдуңуз, өткөөл курак деп койдуңуз... Мени ошол учурдан куткарган жоксуңар.
– Каралдым ай, мен аны кайдан билем? Ата-энемден алган тарбияны байкең экөөңөргө бирдей бердим. Сен көбүрөөк сүйүүнү талап кылдың, мен ошол учурда базарлап, тиричилик деп жүрүп аны бере алган жокмун. Менде андай өткөөл курак болгон эмес, ата-энем чийип койгон сызыктан чыкпай жашагам. Азыркы жаштарда ушундай көйгөй бар экенин кайдан билмекмин? Жакшы айттым, жаман айттым, кол тийгизип көрдүм, болбодуң, анан Жаратканга тапшырдым, кызым аман болсун, акыл-ыйман берсин деп күнү-түнү тилендим.
– Баары бир уулуңуздай жакшы көргөн жоксуз мени. Кээде жөн эле сизди жазалагым келип үйгө түнөбөй кетип калчумун. Мен сизди өзгөртө алган жокмун же сиз мени. Секелек кезден сиз таңуулаган нерселерди кылып чоңойдум. “Баян бийге бар, тил курсуна бар, скрипкага бар”... Менин оюмду бирөө сурадыбы? "Мага сүрөт тарткан жагат, мен сүрөтчү болом" десем, байкем экөөңөр “койчу, кедейдин кесибин, сен котормочу болосуң” дегенсиңер. Өзүңүздүн балалыгыңызда ишке ашпай калган нерселерди мен аркылуу ишке ашыргыңыз келди. Менин чоңоюшумду каалаган жоксуз, кичинекей кыз көрүп туруп алдыңыз. Биз улуубуз, биз сага караганда жакшы билебиз деп жүрүп ушул күнгө алып келдиңер.
Баян апасын, байкесин айыптап көпкө ыйлады. Жаркын да аны тыйган жок, көзүнөн жаш кылгыра баарын угуп отурду. Сүйлөй берип, ыйлай берип чарчаган Баян бир маалда уйкуга кирди. Үстүн жылуу жууркан менен жапкан Жаркын башка бөлмөгө чыгып көз ирмебей бардык өткөн-кеткен турмушун эстеп отурду.
xxx
Айыл турмушу таң заардан башталат эмеспи. Атыргүл таң атпай уйларын саап, бадага кошуп, ашканада сүт тартып жаткан. Апасы коңгуроо кылып калды:
– Атыр, кандай балам, жакшысыңбы? Кызыңар жакшы болуп калдыбы?
– Жакшы, апа, буюрса.
– Өткөндө таштап кеткен 50 миң сомуңа балдарга кышкыга кийим-кече кылып, бир аз артып калган. Артканын катып кой дебедиң беле. Ошону иштетип турсам кандай болот, тойго барышым керек эле...
Бул сүйлөшүүнү Илияс да угуп турган, бирок Атыргүл аны байкаган жок. 50 миң сомду укканда ал дароо Атыргүлдүн маңдайына келип акырая карады. Атыргүлдүн шаштысы кете түштү.
– Апа, кайсы 50 миңди айтып жатасыз?- деп Ильястын көзүнчө түшүнбөгөн кишиче түр көрсөттү.
– Ботом, кайсы болмок эле, баягы кайын сиңдиңдин баласын сатып берген акчаны айтып жатам...
– Ильястын жаактары тырышып, ызырынып баратты...
(Уландысы кийинки санда)