Акылай & Мадалена: “Экранда гана абысынбыз, жашоодо андай эмес”

Интернетте социалдык тармактарда абысындар темасында видероликтерди тартып көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап жүрүшкөн актриса, блогерлер Акылай Жумабекова жана Мадалена Арнисова менен маек курдук. Келиңиз, окурман, кызыктуу баарлашуунун даамын чогуу таталы. 

– Акылай, Мадалена, кош келипсиздер! Мадалена менен бат-баттан маектешип турабыз, ал эми Акылайдын бизге берчү биринчи маеги болгондуктан, алгач Акылай менен таанышып алалы.

А.: – Саламатсыздарбы? Эмил Эсеналиевдин карындашымын деп сөзсүз айтыш керек, ээ (күлүп)? Атым Акылай, Алтынбек Казакбаевдин жубайы болом, эки баланын апасы, блогер, бир эле киного тартылгандан кийин актриса деп айтпай туруш керек, ээ?

– Айта бериңиз...

А.: – Анда актриса. Учурда Скрябин атындагы Агрардык университеттин сырттан окуу бөлүмүндө бухгалтердик жагында окуйм. Учурда 22 жаштамын.

– Экөөңүздөр эмнеден улам чогуу иштешип калдыңыздар? Анан абысындар темасы кимдин идеясы?

А.: – Анда Мадалена кош бойлуу эле. Негизи булар жаңы баш кошкондо эле Мадешке “экөөбүз чогуу бир нерсе тарталы” деп айтып жүрчүмүн. Ал кезде абысындар контенти дээрлик жок болчу. Бул байкуш ал кезде токсикозу күчөп, кыйналып жатса дагы тартылып берчү. Биринчи эле тарткан видеобуз миллион көрүү топтоду. Анан кызыгып арты-артынан тарта баштадык. Албетте, видеолордогу окуялар өзүбүздүн жашообуздан алынган эмес. Анткени биз кайнене-келин, абысындар ортосундагы мамиледен өткөн эмеспиз. Башкалардан угуп-көрүп жүргөн учурларды эле күчөтүп тарта бердик. Көрүүчүлөргө жагып, “чын эле ушундай го” деп комментарий жазып жатышты. Кээде комментарийлерди карап деле идея таап алчубуз.

– Абысындар темасын улай тасмага да тартылып жатыпсыздар?..

А.: – Ооба, тасманын продюсерлери Эмил Эсеналиев менен Эрмек Таалайбеков. Режиссёру – жолдошум Алтынбек, сценарийин Мадештин жолдошу Нуркул жазган. 28-ноябрдан тарта кинотеатрларда коюла баштайт. Тасмада үч бир тууган үй-бүлөсү менен чогуу жашаган жашоо чагылдырылат.

М.: – Негизи бул киного бардык теманы камтууга аракет кылдык. Сценарийди жазып баштаганда эле үйдүн эле көйгөйлөрү болуп калбасын дедик. Трейлерибиз 2 күндө эле миллион көрүү топтоду. Аябай сүйүнүп жатабыз. Буюрса, эмгегибиз акталат деген ойдойбуз.

– Тартуу учурунда кандай кызыктуу окуялар болду?

А.: – Бир окуя эсимде. Ал күнү мен эле тартылмакмын, Мадештерде дем алыш. Бир күндө 9 эпизод тартылмак. Анын эң акыркысында ыйлаш керек болчу. Ыйладым, жакшы ыйлап бердим. Тартып бүтүп карасак эле оператор байкебиз “плейди” баспай коюптур. Аябай жиним да, күлкүм да келди. Экинчисинде 2 эле тамчы жаш чыгып калды. Үчүнчүсүндө аябай даярдандым, 20дай киши тартуу аянтында мени күтүп отурат. Анан жакшылап ыйлап бергем. Эми ал жери кинодон кесилип кетпесе эле (күлүп).

– Үй-бүлө темасын улай... Экөөңөр тең салыштырмалуу эрте турмушка чыгыпсыңар. Үй-бүлөлүк жашоого көнүү оңой эле болдубу?

М.: – Биз башында эле өзүнчө жашап баштаганбыз, баш кошкондо “өзүңөрчө жашагыла” деп дароо эле апам (ред.: кайненеси) бөлүп салган (күлүп). Ошол үчүн менде эч кандай көйгөй болгон жок, бирок аптасына 3-4 жолу барып турабыз. Барганда 3-4 саат отурабыз, ал убакытта эч нерсе деле болуп кетпейт го.

А.: – Биз 3 жыл өзүнчө жашадык, андай деле чоң көйгөй болгон жок, эки кайын сиңдим менен чогуу турдук. Албетте, анча-мынча нерсени унчукпай жеңиш керек. Кайненем болсо алтын киши, аны менен көйгөй болушу мүмкүн эмес.

М.: – Менин кайын сиңдим да, кайнагам да, кайнежем да бар. Кайын сиңдим классташым, экөөбүз абдан сырдашып сүйлөшпөйбүз деле, сый мамиледебиз.

А.: – Менден бир жаш улуу кайын сиңдим бар, экөөбүздүн ортобузда жеңе, кайын сиңди деген нерсе жок, бүт темада сүйлөшөбүз. Кээде уруша кетип деле кайра сүйлөшө беребиз. Аны жакында эле турмушка узаттык.

– А өзүңөрдүн жеңелериңер менен мамилеңер кандай?

А.: – Эң сонун, 3 жеңем бар, баары менен мамилем сонун, Айгерим жеңем (ред.: актёр Эмил Эсеналиевдин жубайы) өзгөчө, ал менин өспүрүм кезимде келген, бүт сырымды билет (күлүп). Жеңем сонун адам, жакшы кеңештерин берет, ак көңүл жан.

– Кайнене менен чогуу жашагандын жана өзүнчө жашагандын артыкчылык, кемчиликтерин айтып берсеңер...

А.: – Кайнене менен жашагандын эң чоң артыкчылыгы – үйдө дайыма баланы карап калчу киши болот. Бизде экөө да, кичүүсүн мамама (ред.: кайненеси), баламды менин атама таштайбыз. Апама экөөнү тең таштасак кыйнап койбосун деп экөөнү эки жакка бөлүп коёбуз. Анан үйгө конок келип калса коркпойсуң, “мындай кыл, андай кыл” деп мамам жол көргөзүп турат.

М.: – Акылай жеңе менен кайненеси жакын курбулардай, экөө бардык темада сүйлөшөт, экөөнүн ортосунда тосмо жок. Кайненесинин жанында Алтынбек байке менен деле кенен сүйлөшөт.

А.: – Мен тамашалашып сүйлөшө берем, апам ак көңүл, жаман ой жолотпойт. Мага башында эле “сен менин кызымдайсың” деп айткан, ошондой эле мамиледебиз. Апам чет өлкөдөн былтыр эле келди да. Ага чейин телефондон күнүгө сүйлөшүп турчубуз.

М.: – Биз өзүнчө жашаганга башынан эле жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз. Баланы таштаганда алдын ала сүйлөшөбүз. Дайым план менен жүрөбүз. Өзүбүз жаш болсок деле, чоң кишидей жоопкерчиликти башыбызга үйүп алганбыз. Бирөөгө таяна албайбыз, тескерисинче, биз жардам бергенге аракет кылабыз. Анан кенен жүрөсүң, үй жыйнабай, тамак жасабай эле койсоң болот. Бирок мага Нуркул кайнене да, кайнеже да, кайын сиңди да болуп турат (күлүп).

А.: – Ошол жоопкерчилик жагы бизде минус, Алтынбек деле ошого көнүп калган, күйөөлөрүбүздү жамандап салалыбы (күлүп)? “Мамам кылып коёт да, мамам барып келет да” деп апама таянып турабыз.

– Акылай, сиз үйдүн кичүүсү экенсиз. Эркесизби?

А.: – Ой, эркелей албайм го.

М.: – Уа-ай, жеңе, коюңузчу. Кечээ эле байкелериңизге эркелеп жаттыңыз эле го.

А.: – Аа, улуу байкелериме эркелейм, а Эмил байкеме эркелей албайм, ага ашыкча дагы сүйлөй албайм (күлүп). Эмил байкем сүрдүү да, ийменип турам.

– Силер кандайча абысынсыңар? Алтынбек мырза менен Нуркул мырзанын туугандыгы барбы?

А.: – Тууган эмес. Негизи 50-кварталда баары тууган болуп алышат. Нуркул кичүү, байке, жеңе дейт. Көбү тууган деп ойлойт экен. “Абысынки” деп тартып баштаган үчүн да ошентип ойлошот окшойт. Бул жөн эле образ.

– Жакшы, бактылуу болгула!

 

Гулийпа Маметосмон кызы     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан