Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “көптү төрөгүлө” деп энелерге кеңеш айтып, көп балалуу апаларга мамлекеттин атынан акчалай колдоону убадалады. Мисалы, төртүнчү баласын төрөгөн аялга 100 миң сом, бешинчисин төрөгөн энеге 600 миң сом, жетинчисине
1 миллион сом, тогузунчу бала үчүн 1,5 миллион сом, онунчу баласын төрөгөн энеге 2 миллион сом бериле турганын айтты. Калктын саны өлкө үчүн эмнеге маанилүү? Кыргызстанда көп балалуу болуу ыңгайлуубу же ыңгайсызбы?
Кыргызда демографиялык абал кандай?
Статистикага таянсак, Кыргызстанда акыркы жылдары балдардын төрөлүүсү төмөндөп жатат. Мисалы, соңку 5 жылда төрөт 15,86 пайызга азайып кеткен. 2019-жылы 173 миң 484 бала төрөлсө, 2023-жылы 145 977 бала жарык дүйнөгө келген. Бул 27 507 балага аз дегенди билдирет. 2024-жылдын 1-январына карата өлкөбүздө калктын саны 7 миллион 200 миң деп жарыяланып, Кыргызстан 241 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээлеген. Адистер өлкөдө балдардын төрөлүшү 36-46 пайызга азайып кетсе, анда демографиялык кризис кызыл сызыкка жетип, абалды калыбына келтирүү кыйынчылык туудурат дешет. Коңшуларды карасак, учурда Казакстандын калкы 20 миллион, Өзбекстандыкы 37 миллион, Тажикстандыкы 9 миллионду түзөт.
Балдардын көп төрөлүшү эмне үчүн зарыл?
Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, социалдык антропология адиси Бактыбек Исаков калктын санынын аздыгы экономиканын өсүшүнө жана туруктуу болушуна олуттуу терс таасирин тийгизет деп билдирди.
– Кыргызстанда учурда жеңил өнөр жай тармагы, анын ичинде текстиль-тигүү сектору жумушчу күчүнө муктаж. Мисалы, Бангладештин жарандары расмий түрдө алып келинип, иш менен камсыз кылынууда. Бул өндүрүштү туруктуу кармоо, экономиканын өсүшү үчүн мамлекет кийлигишип жатат дегендик.
Автоунаа жуучу, оңдоочу, автотетик сатуучу жайларда Индия, Пакистандын жарандары иштешүүдө. Курулуш тармагында болсо Өзбекстан менен Тажикстандан келгендер иштеп жатышат. Расмий эмес маалыматтар боюнча, азыркы тапта өлкөбүзгө 200 миңге жакын жумушчу керек. Ушунун баары өндүрүштүн туруктуу иштеп турушу, экономикадагы туруктуулук жана анын өсүшү үчүн калктын санынын көп болушу керек экендигин ырастайт. Кыргызстан өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кирүүдө. Жумушчу күч керек болгондуктан өкмөт чет өлкөдөн келип иштеп жаткандарды артка кайтара албайт. Анткени алар өндүрүштүн токтобой иштеп турушуна салым кошууда. Бирок мындай абал узакка созулуп кетсе чет элдиктер Кыргызстандын калкына аралашып, сиңип кетет да, кыргыз кыздарынын аларга турмушка чыгып баштоо маселеси жаралат. Бул калктын этникалык курамына, генине, улуттук кызыкчылыкка олуттуу терс таасир тийгизет. Андыктан балдардын көп төрөлүшү өлкө үчүн абдан зарыл,- дейт Исаков.
2024-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны
787 миң 500 адамды түздү. БУУнун классификациясы боюнча өлкө калкынын 4 пайызга чейинкисин пенсионерлер түзсө, анда ал жумушчу күчү, жаштары көп өлкө болуп саналат. Кыргызстанда бул көрсөткүч учурда 5,7 пайызды түзөт. Мындай ыргак менен жүрүп отурса ишке жарамсыз катмар улам өсүп, жарандарды пенсия менен камсыз кылууда өлкө бюджетине күч келип баштайт. Тажрыйба көрсөтүп жаткандай, мамлекеттин калкы канчалык көп болсо, анын коопсуздугу да ошончолук жогору болору маалым.
Энелер эмне дейт?
Кара-Балта шаарынын 33 жаштагы тургуну Айзада 3 баласы бар экенин, бирок аларга жөлөк пул албай тургандыгын айтат. Социалдык фонд “унааңар, телевизоруңар бар экен” деп жөлөк пул чегербей койгон.
– Чоңдор төрөгүлө дейт. 2 баламды бала бакчага жайгаштырып, иштейин десем бала бакчада орун жок. Бала бакчага киргизиш үчүн акча бериш керек. Берчү акчасы жоктор минтип айласыз, балдарды карап үйдө отурабыз. Мектепте бир класста балдар 35-40тан окушат. Окуу китептеринин бир тобун ата-эне сатып алышы керек. Ооруканаларда кезек узун, жатсаң да дары-дармек жок, аларды да өзүң сатып алышың керек. Ушинтип кыйналып жашап жатканда “көп төрөгүлө” дегенине түшүнбөй турам,- дейт Айзада айым.
Ал эми Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну Мира айым дагы Кыргызстандын шартында көп балалуу болуунун тобокелчиликтери бар деген пикирде.
– Төрөт курагындагы аялдар орточо 23-35 жашты түзөт. Көптөр 1-2 балалуу болгондон кийин эле ал-күчкө толуп турган кезде төрөп үйдө отургуча иштеп, үйлүү-жайлуу болууну эңсешет. Элдин көбүнүн жашоо деңгээли төмөн, жумушсуздук, миграция күчөп турган кезде көп баланы багып, өстүрүү кыйын экендиги талашсыз. Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төрөттүн санын жогорулатуу, стабилдештирүү программалары аз. Бир нече жыл мурун “балага сүйүнчү” жөлөк пулун киргизген бойдон калган. Өкмөт бала бакчалардын санын көбөйтүп, жөлөк пулду баарына тегиз чегерип, энелик капиталды бере баштаса төрөгөн аялдар көбөймөк. Чынында, төрөй турган аялдар мамлекеттин колдоосунан үмүт үзүп коюшкан. Айрым айылдарда жөнөкөй эле таза суу жок.
Менин уул-келиним мигрант, учурда алардын 3 баласын багам. Тамак-ашы, кийими, окуу куралдары, барган ийримдеринин акчасы болуп көп каражат кетет,- деди Мира айым.
Бишкектин 27 жаштагы жашоочусу Алина 2 ай мурун төрөгөнүн, төрөткө керектүү гигиеналык каражаттары менен ымыркайынын 2 сыйра кийимине эле 11 миң сом кеткенин айтат.
– Бул экинчи балам. Чоң баламдын жууркан-төшөнчүсүн колдоном деп аларды сатып алган жокмун. 1 айдай эмизгенден кийин эле эмчегимден сүт чыкпай жасалма сүт менен тамактандырып жатам. Ага, такма жалаякка көп акча кетүүдө. Баары кымбат, айлык акы, жөлөк пулдун өлчөмү аз. Жаштардын айрымдарынын гана болбосо, көбүнүн үйү жок. Көп балалуу болуп алып, батирлеп жашоо өтө оор. Балдарыңар көп экен деп батирге да алышпайт. Сатып алганга үй, жер тилкелери кымбат. Баланы чоңойтуу, жогорку билим берүү да кыйын. Аялдар ошого аз төрөйт,- деген оюн билдирди.
Балдарга жетиштүү кам көрүүгө мамлекет даярбы?
Статистикага таянсак, өлкөдө 2022-2023-окуу жылына карата бала бакчалардын саны 1 миң 834тү түздү. Бул жетишсиз, дагы минимум 1800, максимум 2600 балдар бакчасы керек экени айтылат. Ушундайa эле көрүнүш мектептерге да тиешелүү. Кошумча 670 мектептин курулушу зарыл. Жеке бала бакчаларга берүүдө бир бала үчүн 12 000-15 000 сом төлөө керек. Буга карапайым ата-энелердин чөнтөгү туура келбеши анык.
Бишкектин жашоочуларынын саны
1 миллиондон ашык экенине карабай 2 гана балдар ооруканасы бар. Өлкөдө педиатрлар жетишсиз. Маалыматтарга караганда, учурда 1 педиатрга 1200дөн ашык бала туура келиши мүмкүн. Айта берсек көйгөй көп. Андыктан мамлекет энелерден балалуу болууну талап кылганга жараша аларга колдоо көрсөтүү, шарт түзүү жагын да ойлонуп койсо деген тилек.
Канымжан Усупбекова