Садыр Жапаров: “Добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок”

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата элге кайрылуу жасады. Анда шайлоо таза өтөрүн убадалап, элди шайлоого активдүү катышууга чакырды.

– Азыр шайлоолор мурункудай эмес, “карусель”, бюллетендерди таңгактап урнага таштоо деген жок. "Добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат" дегенге кымындай да негиз жок. Шайлоонун чоң же кичинеси болбойт, жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер. 17-ноябрда шайланып келген депутаттар жер-жерлерде Элдик курултайдын делегаттарын шайлашат. Демек, курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлаган депутаттарга жараша болот,- деди президент.

Садыр Жапаров кайрылуусунун жарымын бийликке сын айткан журналист, блогерлерге арнады.

– “Бизде сөз эркиндиги жок, кысым болуп жатат” деген журналист сөрөйлөр, блогер сөрөйлөргө айтарым: курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер да, бийликке каалаган сурооңуздарды бериңиздер. Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, боло берет. Болгону жалган айтпа, бирөөгө жалаа жаппа, аброюна шек келтирбе, элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа,- дейт өлкө жетекчиси. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан