Чүйдүн Сокулук районунда 16 жаштагы мектеп окуучусу 8 жылга эркинен ажыратылды. Себеп – адам өлүмү менен коштолгон кылмыш. Соттолгон жаран 15 жаштагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча Сокулук райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылганын Чүй облустук сотунан билдиришти. Тагыраагы, 16 жаштагы өспүрүм “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Окуянын чоо-жайы: Быйыл сентябрь айында Сокулук районунун Комсомол айылында 9-класстын окуучусу (15 жашта) ур-токмоктон каза тапканы жарыяланган. Териштирүүдө белгилүү болгондой, ошол күнү мектептеги 9-класстын бир топ окуучуларын 16 жаштагы бала чогулткан, бир баланы ичке катуу ургандыктан ал өспүрүм каза болуп калган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, көпчүлүк күнөөлүү жаранды кылмыш жообуна тартууну талап кылган. Башында факт боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин тергөөдө кылмыш иши “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине алмаштырылган.