Депутат Эмил Токтошев сууну товар катары сатууну сунуштады

13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине тийиштүү мыйзамдын долбоору талкууланып, анда депутат Эмил Токтошев Кыргызстан сууну товар катары сатышы керек деген пикирин билдирди.

– Дүйнөдө жылдан жылга суу тартыштыгы күчөп жатат. Биз суунун башындабыз, келечекте сууну товар катары сатышыбыз керек. Биз сууну сактап, коңшу мамлекеттерге берип жаткандан кийин алар да биздин эмгекти баалап, кеткен чыгымды дүйнөлүк тартипте төлөп бериши кажет,- деди Токтошев.

Депутат суу маанилүү ресурс экенин, коңшу мамлекеттер өзүнүн жаратылыш байлыктарын зарыл учурда Кыргызстанга таасир этүүчү “рычаг” катары колдонуп жатканын эскертти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан